505-статья. Кабыл алынган чечимге же жүргүзүлүп жаткан аракетке таасир көрсөтүү максатында мыйзамсыз аракеттенүү же кийлигишүү
Күчүн жоготкон · 11.06.2004 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Кыргыз Республикасынын бажы органы же анын адамы кабыл алган чечимге же ушул кызмат адамы тарабынан жүргүзүлүп жаткан аракетке таасир көрсөтүү максатында ишканалар, мекемелер жана уюмдар, алардын кызмат адамдары жана башка кызматкерлери тарабынан кандай формада болсо да мыйзамсыз аракеттенүү же кийлигишүү, ага тете эле юридикалык жакты түзбөстөн иш жүргүзүүчү адамдардын жана жеке адамдардын ушундай аракеттенүүлөрү же кийлигишүүлөрү, - эскертүү берүүгө же жарандарга - экиден онго чейинки, кызмат адамдарына - эң аз айлык акынын ондон отузга чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.".
6. 508-статьяда:
"498, 503" сандары алып салынсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын: "Ушул Кодекстин 503-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 504-10, 504-14, 504-16, 504-17, 504-19, 504-23, 504-32, 504-33, 504-36, 505-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштер, мындай администрациялык укук бузуу жөнүндө өздөрүнө келип түшкөн ишти орган же кызмат адамы судьянын кароосуна өткөрүп берген учурларда судьялар тарабынан каралат.".
7. 545-статьяда:
биринчи бөлүктө: "Мамлекеттик бажы комитетинин органы" деген сөздөр "Бажы органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "499-502, 504, 505" деген сандар "498-505" деген сандар менен алмаштырылсын; "ушул Кодекстин" деген сөздөрдөн кийин ", эгерде администрациялык укук бузууну жасоонун куралдары же түздөн-түз объекттери болгон предметтерди конфискациялоо колдонулбаса," деген сөздөр менен толукталсын; экинчи бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Администрациялык укук бузуулар жөнүндө өндүрүштү жүргүзүүгө, ишти кароого жана администрациялык жаза берүүгө бажы органдарынын жетекчилери жана анын орун басарлары укуктуу.".
8. Кодекс төмөндөгүдөй мазмундагы 548-1 жана 548-2-статьялары менен толукталсын:
"548-1-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндөгү иш боюнча өндүрүштү токтото туруунун негиздери, тартиби жана мөөнөттөрү Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иш боюнча өндүрүштү бүткөрүүгө тоскоолдук кылуучу төмөндөгүдөй негиздердин бири болгондо токтотулуп турат:
1) администрациялык жоопкерчиликке тартууга тиешелүү адамдын турган жери аныкталбаганда;
2) администрациялык жоопкерчиликке тартууга тиешелүү адам психикалык же дагы башка оор илдетке чалдыкканда;
3) администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иш боюнча өндүрүштү аяктоого зарыл маалыматтарды жана так билдирмелерди алуунун мөөнөттөрүнө таасир этүүчү жагдайларда.
Иш боюнча өндүрүштү токтото туруу тууралу ыйгарым укуктуу кызмат адамы токтом чыгарат; Администрациялык укук бузуу жөнүндөгү иш боюнча өндүрүштү токтото турууга чейин ыйгарым укуктуу кызмат адамы администрациялык жоопкерчиликке тартылууга тийиш адам жок учурда өндүрүштү жүзөгө ашырса боло турган бардык процесстик иш-аракетти аткарууга милдеттүү. Иш боюнча өндүрүш токтотулуп тургандан кийин ыйгарым укуктуу кызмат адамы табуу, ошол эле учурда администрациялык укукту бузган адамды билүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү, ал эми зарылчылык туулса, процесстик иш-аракетти жүргүзө алат.
Берененин тексти 11.06.2004 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
505-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1457/st-505" title="505-статья - О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>