548-2-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтотулган өндүрүштү улантуу
Күчүн жоготкон · 11.06.2004 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтотулуп турган өндүрүш токтото турууга себеп болчу негиздер болбой калгандан кийин ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын токтому менен улантылат; Иш боюнча токтотулуп турган өндүрүш, ошондой эле иш боюнча өндүрүштү токтото туруу жөнүндө кызмат адамынын токтому четке кагылганына байланыштуу жогору турган ыйгарым укуктуу органдын токтому менен улантылышы мүмкүн; Иш боюнча өндүрүштүн улантылышы администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө билдирилет.".
9. 549-статьяда:
9-пункттагы ", ошондой эле факт боюнча жазык ишин козгоо жөнүндө токтом" деген сөздөр алып салынсын; статья төмөндөгүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын: "11. Администрациялык укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган белгилүү бир жеке адамга карата ошол эле факт боюнча жазык иши болгондо.".
10. Кодекс төмөндөгүдөй мазмундагы 553-1-статья менен толукталсын:
"553-1-статья. Буюм далилдери Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча буюмдук далилдер катары ушундай укук бузуунун тике объектиси болуп эсептелген буюмдар, документтер, акча жана баалуулуктар, транспорт каражаттары өзүндө укук бузуунун изин сактаган же укук бузууну табууга жана укук бузууну жасаган адамдарды билүүгө каражат катары кызмат кыла алчу дагы башка буюмзаттар, ошондой эле иш жүзүндөгү иштин жагдайын аныктоо эсептелет. Буюм далилдин белгилери бар буюмзатка ээлик кылган ар кандай адам мындай буюмзатты Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын кызмат адамына көрсөтүүгө милдеттүү. Буюм далилдер администрациялык укук бузуу жөнүндө ишке кошулат. Алар администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколдордо, алып коюу, иликтөө өндүрүшү же дагы башка протоколдордо толук сыпатталып жазылышы керек. Зарылчылык туулса, буюм далилдер башка техникалык каражаттардын жардамы менен сүрөткө тартылып алынып же катталып коюлушу мүмкүн, мүмкүндүгүнө жараша мөөр басылып, бекитип коюлушу керек. Өндүрүшүндө же кароосунда администрациялык укук бузуу жөнүндө иш турган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын кызмат адамы иш биротоло чечилгенге чейин буюмдук далилдердин сакталышын камсыз кылуу боюнча бардык чараларды көрүүгө милдеттүү. Буюм далилдерди сактоонун тартиби жана мөөнөттөрү - ушул Кодекс, ал эми аны менен жөнгө салынбаган жагы - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат. Эгерде көлөмүнүн чоңдугуна же дагы башка себептер боюнча буюм далилдерин ишке кошууга мүмкүн эмес болсо, өндүрүшүндө же кароосунда ушул иш турган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын кызмат адамы тарабынан ошол буюмзаттар турган жер жөнүндө маалым кат түзүлөт да ишке тиркелет. Соттун жана тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын токтомунда буюм далилдери жөнүндө чечим болушу керек, мында:
1) укук бузуучуга тиешелүү укук бузган курал конфискацияланууга тийиш;
2) жүгүртүүгө тыюу салынган буюмдар берилбейт жана тиешелүү уюмдарга өткөрүп берилүүгө же жок кылынууга тийиш;
3) эч кандай баалуулугу жок, колдонууга жараксыз буюмдар жок кылынууга тийиш, ал эми таламдаш жактардын же уюмдардын расмий өтүнүчү болгон учурларда аларга берилет;
4) укук бузуунун натыйжасында табылган акча, дагы башка баалуулуктар соттун чечими боюнча, укук бузуучунун өлгөндүгүнө же анын жоопкерчиликке жараксыз деп табылганына байланыштуу иш токтотулган учурда тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын токтому менен мамлекеттин кирешесине киргизилүүгө тийиш, калган буюмдар мыйзамдуу ээлерине берилет, ал эми мыйзамдуу ээлери ким экенин аныктоого мүмкүн болбогон учурда мамлекеттин менчигине өтөт. Буюмдардын кайсы жакка таандык экендиги жөнүндөгү талаш-тартыш жарандык сот өндүрүшү тартибинде чечилүүгө тийиш;
5) буюм далилдери катары эсептелген документтер ошол документтер сакталган бардык мөөнөт ичинде козголгон иштин курамында турат же тиешелүү уюмдарга же жарандарга өткөрүп берилет.
Айрым учурларда, эгер ушул Кодекске ылайык буюм далилдер конфискацияланууга тийиш эмес болсо, бул ишти чечүүгө зыянын тийгизбесе, кимден алынса, ошол адамга кайтарылып берилсе болот. Тез бузулуп кете турган буюмдук далилдер каралып чыккандан кийин кимге тиешелүү болсо ошол адамга же керегине жараша пайдалануу үчүн тиешелүү ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга өткөрүп берилет. Мындай буюмзаттарды сатуудан түшкөн наркты кайтарып берүү жөнүндөгү маселе иш боюнча кабыл алынган чечимге ылайык чечилет. Ишти андан ары жүргүзүү же кароо үчүн башка мамлекеттик органга же сотко өткөрүп бергенде, ушул статьянын алтынчы жана тогузунчу бөлүктөрүндө каралгандан башка учурларда, буюм далилдери ошол иш менен бирге жөнөтүлөт.".
11. Кодекс төмөндөгүдөй мазмундагы 554-1-статья менен толукталсын:
"554-1-статья. Буюмдарга жана документтерге баа берүү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы, эгерде мындай буюмзаттарга тиешелүү баалар коюлган болсо, мамлекеттик жөнгө салынуучу баалардын негизинде ушул Кодекстин талаптарына ылайык алып коюлган буюмдарга жана документтерге, дагы башка буюмзаттарга баа коюуну жүргүзөт, ал эми башка учурларда баа коюу эркин (базар) баалардын негизинде аткарылат. Көрсөтүлгөн тартипте баа коюу жүргүзүүгө мүмкүн болбогон учурда ал эксперттин корутундусунун негизинде жүргүзүлөт. Чет өлкө валютасын Кыргыз Республикасынын валютасы боюнча эсептөөнү укук бузуу билинген күндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы жүргүзөт.".
12. 557-статьяда:
биринчи бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколдо төмөндөгүлөр көрсөтүлөт: протокол түзүлгөн дата жана жер, протоколду түзгөндүн кызмат орду, фамилиясы, аты, атасынын аты; эгерде ал аныкталса, укук бузуучунун ким экендиги жөнүндө маалыматтар, бузулган жер жана анын убактысы, администрациялык укукту кайсы жак бузгандыгы, ушул Кодекстин 567-статьясынын негизинде алып коюлган товарлар жана транспорт каражаттары, дагы башка буюмзаттар жөнүндө маалыматтар, ошол укук бузууга жоопкерчиликти караган нормативдик акт, эгерде алардын түшүндүрмөсү болсо, күбөлөрдүн жана жабыркагандардын, укук бузуучунун дареги, ишти чечүүгө зарыл дагы башка маалыматтар"; экинчи бөлүк "администрациялык укук бузган адам" деген сөздөрдөн кийин ", эгерде ал аныкталса" деген сөздөр менен толукталсын; статья төмөндөгүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толукталсын: "Протоколдун көчүрмөсү тилкат аркылуу алынып берилет же администрациялык укук бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган адамга жөнөтүлөт.".
13. 564-статьянын 3-пунктундагы "Мамлекеттик бажы комитетинин" деген сөздөр "бажы органынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
14. Кодекс төмөндөгүдөй мазмундагы 567-1-статья менен толукталсын:
"567-1-статья. Товарларды, транспорт каражаттарын, дагы башка мүлктү камакка алуу Товарларды, транспорт каражаттарын, документтерди, укук бузулушуна курал же ага тике объект болгон дагы башка буюмзаттарды алып коюуга мүмкүнчүлүк болбогондо, эгерде администрациялык укукту бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адам белгиленген эрежелерди бир нече жолу бузса же бир нече администрациялык укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке бир учурда тартылып жатса, же администрациялык укук бузуу мамлекеттин экономикалык кызыкчылыгына орчундуу зыян келтирип жатса, администрациялык укук бузуу боюнча иш кароосунда турган ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы администрациялык укукту бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын товарын, транспорт каражаттарын, дагы башка каражаттарын камакка алууга укуктуу. Мүлктү камакка алуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы жүйөлү токтом чыгарат. Мүлктү камакка алуу жана бул тууралу протокол түзүү ушул Кодекстин 567-статьясында каралган тартипте өз алдынча процесстик иш-аракет катары буюмдар менен документтерди алып коюуга ылайык ишке ашырылат. Карап - багуусунда турган жеке адамга же адамдарга зарыл болгон буюмзаттар камакка алынышы мүмкүн эмес. Мындай буюмзаттардын тизмеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аркылуу аныкталат. Мүлктү камакка алуу жөнүндө токтом чыгарган ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы ошол камакка алынган мүлк кайда турушу керек экендигин аныктайт. Камакка алынган мүлктүн ысырап кылынышына, ажыратылышына же жашырылып коюлушуна жол берилбейт жана Кыргыз Республикасынын Жаза кодексинде каралган жоопкерчиликке тартылат. Мындай мүлктү пайдаланууга ушул орган тарабынан жогору турган орган аныктаган тартипте коюлуучу талаптар жана чектөөлөр сакталган учурда гана уруксат берилет, аларды бузуу ушул Кодексте каралган жоопкерчиликке кириптер кылат. Администрациялык укукту бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган адамдын ыйгарым укуктуу банкттардын алыш-бериш эсебинде турган акчалай каражаттары камакка алынган учурда мындай алыш-бериш эсеби боюнча операцияларды жүргүзүү токтотулат. Мүлктү камакка алуу, эгерде ушундай чараны колдонуунун мындан ары зарылдыгы болбой калса, ошол токтомду чыгарган адам тарабынан четке кагылышы мүмкүн.".
15. 584-статьянын биринчи бөлүгү "жасалган" деген сөздөн кийин ", бети ачылган" деген сөздөр менен толукталсын.
16. 588-статьяда:
1-пункт "судья" деген сөздөн кийин ", ыйгарым укуктуу кызмат адамы" деген сөздөр менен толукталсын; онунчу абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Протоколго тиешелүү түрдө судья, сот заседаниесинин катчысы, коллегиялдуу органдын заседаниесине төрагалык кылуучу, коллегиялдуу органдын заседаниесинин катчысы жана ыйгарым укуктуу кызмат адамы кол коет.".
17. 589-статьянын 4-пункту "буюмдар жана документтер" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле камакка алынган дагы башка мүлктөр" деген сөздөр менен толукталсын.
18. 594-статьянын 2-пункту "Юридикалык" деген сөздөн кийин "же жеке жактын" деген сөздөр менен толукталсын.
19. 597-статьядагы "он күндүн ичинде" деген сөздөр "жыйырма күндүн ичинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
20. 599-статьядагы "он күндүк мөөнөттө" деген сөздөр "жыйырма күндүк мөөнөттө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
21. 614-статьянын 3-пункту төмөндөгүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Бажы органдары тарабынан салынуучу административдик жазапулдардын суммалары Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Бажы тутумун өнүктүрүүнүн бюджеттен тышкары фондуна кириш кылынат."; тийиштүүлүгүнө жараша үчүнчү абзац төртүнчү абзац деп эсептелсин.
Берененин тексти 11.06.2004 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
548-2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1457/st-548-2" title="548-2-статья - О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>