503-статья. Товарларды, транспорт каражаттарын жана алардын документтерин бажы органынын уруксатысыз берүү, жоготуп жиберүү же Кыргыз Республикасынын бажы органына жеткирбөө
Күчүн жоготкон · 11.06.2004 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Товарларды, транспорт каражаттарын жана алардын документтерин бажы органынын уруксатысыз берүү, жоготуп жиберүү же Кыргыз Республикасынын бажы органына жеткирбөө, - жарандарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз эмгек акынын үчтөн онго чейинки өлчөмүндө айып салууга, же ошол товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен же ансыз; кызмат адамдарына - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз айлык акынын ондон элүүгө чейинки өлчөмүндө айып салууга, же ошол товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен же ансыз; юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө же укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарлардын жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен элүүдөн жүзгө чейинки пайызында айып салууга же ансыз, же болбосо ошол товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алууга же ансыз айып салууга алып келет. Кыргыз Республикасынын бажы органына берүү үчүн кабыл алынган бажы контролунда турган товарлардын жана транспорт каражаттарынын бажылык же башка документтерин жоготуп жиберүү же бербей коюу, - эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга - бешке чейинки, кызмат адамдарына - эң аз айлык акынын бештен жыйырма бешке чейинки, юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө, же болбосо документтери жоготулган же жеткирилбеген товарлардын же транспорт каражаттарынын наркынын жыйырма бештен элүү пайызга чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет. Кыргыз Республикасынын бажы органы белгилеген товарларды, транспорт каражаттарын жеткирбөө жана аларга документтерди берүү мөөнөтүн сактабоо, - эскертүү берүүгө же болбосо эң аз айлык акынын экиден жыйырмага чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.
Берененин тексти 11.06.2004 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
503-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1457/st-503" title="503-статья - О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>