Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
3-статья. Ички жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) берилүүчү жеңилдиктер
Күчүн жоготкон · 03.04.2015 редакциясы · 1-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 июля 2011 года № 88
1. Сатып алуучу уюм Кыргыз Республикасынын аймаганда өндүрүлгөн товарларды тендердик баалоодо сунуш кылынган баага чет өлкөдө чыгарылган товарлардын тендердик бааларына салыштырмалуу 20 пайызга чейин, ошондой эле өлкөлүк фирмалардын сунуштары менен жумуштарын аткарууда салыштырмалуу ички подрядчылардын сунуштарына 10 пайызга чейин жеңилдиктерди бере алат.
1-1. Тендерди өткөрүүдө сатып алуучу уюм тендерге катышууга ички жөнөтүүчүлөрдү чакыруу жөнүндө жарыяны жалпыга маалымдоо каражаттарына жайгаштыруу жолу менен ата мекендик товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.
2. Эгерде сатып алуунун жүйөсү Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырылуучу жумуштар болсо, сатып алуучу уюм ички подрядчыларга жеңилдиктерди жергиликтүү эмгек ресурстарын, ошондой эле жергиликтүү чийки заттын жана материалдардын кеминде 30 пайызын пайдаланган учурда гана бере алат.
3. Ички жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктерди берген учурда сатып алуу жол-жоболору башталганга чейин сатып алуучу уюм катышуучуларга тиешелүү билдирүү жасайт. Жеңилдиктерди берүү тууралу жасалган билдирүү өзгөртүлбөөгө тийиш.
4. Сатып алуучу уюм ички жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдик-
терди берген учурда төмөндөгүлөрдү аныктоодо эларалык милдеттенмелерди жетекчиликке алат: ички жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) жайылтылган жеңилдиктер товарларды жөнөтүү жана жумуштарды аткаруу категорияларына; ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында каралган мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда ички жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) берилген жеңилдиктерди колдонуу жол-жоболорун.
5. Эгерде атамекендик өндүрүүчүлөргө же ички подрядчыларга жеңилдиктерди берүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда сатып алуучу уюм тендердик табыштамаларды баалоодо жана жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) салыштырууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген усулдук нускаманы жетекчиликке алат.
6. Ички жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктерди берүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эларалык келишимдеринде каралган бардык милдеттенмелер эске алынат.
7. Ички жана чет өлкөлүк жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) ушул статьянын 1 жана 2-пунктунан тышкаркы сатып алуу жол-жоболоруна катышуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөр берилүүгө тийиш.
(КР 2008-жылдын 28-июлундагы № 172, 2011-жылдын 8-июлундагы № 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 03.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 8 июля 2011 года № 88 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 28 июля 2008 года № 172 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-июлундагы № 409-б (Көмүр казуучу ишканаларын тендерлерге катышууга жол берүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 29.07.2009 · № 409-р
- Положение "Об Отделе и о Тендерной комиссии закупающей организации" (Приказ Гос комиссии при Правительстве КР по государственным закупкам и материальным резервам от 13 января…Положение · 13.01.2005 · № 7 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1455/st-3" title="3-статья - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>