Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
9-статья. Квалификациялоонун алдындагы жол-жоболор
Күчүн жоготкон · 03.04.2015 редакциясы · 1-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72.
1. Тооруктун жол-жоболорун жарыялаганга чейин же мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболоруна катышууга чакырганга чейин сатып алуучу уюм жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) квалификациялоонун алдындагы жол-жоболорун өткөрүүгө укуктуу.
2. Тоорук жарыялаганга чейин кеминде бир айдан кечиктирбей сатып алуучу уюм республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Мамлекеттик сатып алуулардын бюллетенинде, зарылчылык туулса, эларалык басма сөздө квалификациялоонун алдындагы тандап алуу өткөрүү тууралу маалымат жарыялайт.
3. Квалификациялоонун алдындагы тандап алууну өткөрүү тууралу билдирүү кеминде төмөндөгүдөй маалыматтарды камтыйт:
- сатып алуучу уюмдун аталышын жана дарегин;
- жеткириле турган товарлардын мүнөзүн жана санын; аткарылууга тийиш болгон жумуштун мүнөзүн, санын жана турган жерин же кызмат көрсөтүүлөрдүн мүнөзүн жана алар көрсөтүлө турган жерди;
- товарларды жеткирүүнүн ойдогудай же талап кылынган мөөнөттөрүн же жумуштарды аяктоонун, же болбосо кызмат көрсөтүүнүн графигин;
- квалификациялоонун алдындагы тандап алууга табыштамаларды бере турган жерин жана акыркы мөөнөтүн;
- кийин өзгөртүүгө мүмкүн болбогон, жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) кайсы өлкөдөн экенине карабастан, сатып алуу жол-жоболоруна катыша алары тууралу билдирүү же ушул Мыйзамдын 3-статьясынын 1-пунктуна ылайык ички жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктер бериле турганы жөнүндөгү билдирүүнү;
- квалификациялоонун алдындагы документтерди алуунун жолдору жана аны ала турган жерди;
- квалификациялоонун алдындагы документтер үчүн сатып алуучу уюм тарабынан алынуучу акынын (эгерде ушундай да болсо) өлчөмүн;
- квалификациялоонун алдындагы сатып алуу жол-жоболорунда пайдаланылуучу тил.
4. Сатып алуучу уюм табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга кеминде 14 күн калганда бардык таламдаш жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) квалификациялоонун алдындагы документтерди берет, анда ушул статьянын 3-пунктунда белгиленген билдирүүлөр жана ошондой эле төмөндөгүлөр камтылат:
- квалификациялоонун алдындагы документтерди даярдоо жана берүү боюнча нускама;
- ушул Мыйзамдын 8-статьясынын 1-пунктуна ылайык жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) квалификациялык маалыматтарынын чен-өлчөмдөрүнүн сыпаттамасы жана аларга баа берүүнүн жол-жоболору;
- жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) тарабынан берилүүчү маалыматтардын белгиленген талапка ылайык келишин тастыктоо максатында документтердин далилденишин талап кылуу;
- жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) менен түздөн-түз байланышып туруу ыйгарым укугу берилген сатып алуучу уюмдун кызматчыларынын аты-жөнү, кызмат орду жана алар менен байланышуунун жолдору.
5. Сатып алуучу уюм квалификациялоонун алдындагы документтерде аныкталган шарттардын негизинде гана сатып алуу жол-жоболоруна андан ары катышуу үчүн жөнөтүүчүлөрдү (подрядчыларды) квалификациялык тандап алууну жүзөгө ашырат.
6. Мамлекеттик сатып алуулардын андан аркы жол-жоболоруна катышууга квалификациялоонун алдындагы тандап алуудан өткөн жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) гана катыша алышат.
7. Сатып алуучу уюм чечим кабыл алынган күндөн тартып 2 жумуш күнүнөн кечиктирбестен ар бир жөнөтүүчүгө (подрядчыга) алардын квалификациялоонун алдындагы тандап алуудан өткөрүүнүн жыйынтыктары тууралу кабар берет. Сатып алуулардын жол-жоболоруна андан ары катышууга уруксат берилген жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) тизмеси республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарына, Мамлекеттик сатып алуулардын бюллетенине, зарылчылык туулса, эларалык басма сөзгө да жарыяланууга тийиш.
Берененин тексти 03.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1455/st-9" title="9-статья - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>