Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72 "О государственных закупках"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-04-03.
КР 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 Мыйзамынын ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2008-жылдын 28-июлу № 172
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана
толуктоолор киргизүү тууралу
2008-жылдын 6-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-
мына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2004-ж., № 9,
409-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 3-статьянын 1-пунктундагы "Мамлекеттик органдын макулдугу ме-
нен"; 6-статьядагы, 8-статьянын 6-пунктундагы, 13-статьянын 9-пунктун-
дагы, 29-статьянын 1 жана 5-пункттарындагы, 47-статьянын 2-пунктундагы,
53-статьянын 5 жана 6-пункттарындагы, 57-статьянын 4-пунктундагы "Мам-
лекеттик орган менен макулдашып," деген сөздөр алып салынсын.
2. 3-статьяда:
4-пункттун биринчи абзацындагы "Мамлекеттик орган" деген сөздөр
"сатып алуучу уюм" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6-пункттагы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр "мыйзамда белги-
ленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп
эсептелген" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 5-статьянын 1-пунктунун үчүнчү абзацындагы "Мамлекеттик орган-
дын макулдугу менен" деген сөздөр "Мамлекеттик органдын чечими боюнча"
деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 10-статьяда:
3-пункттун биринчи абзацындагы "актыларды" деген сөздөн кийин "ми-
нистрликтер жана ведомстволор менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр ме-
нен толукталсын;
4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколу түзүлгөндөн кийин
үч жумушчу күндүн ичинде маалымат берүү жана отчеттуулук үчүн Мамлекет-
тик органга берилет.".
5. 13-статьяда:
4-пункттун төртүнчү абзацы алып салынсын;
8-пункт "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөрдөн
кийин "Мамлекеттик органдын сунушу боюнча" деген сөздөр менен толуктал-
сын.
6. 14-статьяда:
1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү иштеп чыккан
жобонун негизинде электрондук системанын жардамы менен соода уюштурууга
укуктуу.";
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Мамлекеттик органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Премь-
ер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабы-
нан дайындалат.";
4-пункттагы "биринчи-бешинчи" деген сөздөр "экинчи-алтынчы" деген
сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 17-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацындагы "сатып алуулардын
усулун (катышуучулары чектелбеген тоорукка караганда) тандап алуу Мам-
лекеттик орган менен макулдашуу боюнча гана жүзөгө ашырылат" деген
сөздөр "катышуучулардын санына чек койбогон тооруктар усулу гана колдо-
нулат" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 23-статьяда:
2-пункттун экинчи абзацындагы "6" деген цифра "4" деген цифра ме-
нен алмаштырылсын;
2-пункттун үчүнчү абзацындагы "/же" деген белги менен сөз алып са-
лынсын;
5-пункт алып салынсын.
9. 29-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "29-статья.
Тоорукту токтотуу жана болгон жок деп таануу";
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Эгерде сатып алууларды өткөрүү кырдаалдын күтүлбөгөн жерден
олуттуу өзгөрүшүнө байланыштуу мамлекеттин таламдарына дал келбей кал-
са, сатып алуучу уюм тоорукту токтотот.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Сатып алуучу уюм төмөнкүдөй учурларда тоорукту болгон жок
деп тааныйт:
бардык арыздар четке кагылганда;
тендердик арыздын эњ аз баасы сатып алуучу уюм тарабынан сатып
алууларды өткөрүүгө бөлүнгөн суммадан ашып кетсе.";
5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Ушул статьянын 1-1-пунктуна ылайык тоорук болгон жок деп таа-
нылган учурда сатып алуучу уюм мамлекеттик сатып алуулардын башка усулу
менен кайталап тоорук өткөрө алат.".
10. 35-статьяда:
1-пункттагы "6" деген цифра "4" деген цифра менен алмаштырылсын;
2-пункт алып салынсын.
11. 36-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацындагы экинчи сүйлөм алып
салынсын.
12. 61-статьянын 1-пунктундагы "Мамлекеттик орган менен макулдаш-
кандан кийин гана" деген сөздөр алып салынсын.
13. 66-статьянын 4-пункту алып салынсын.
14. 68-статьядагы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр "мыйзамда
белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу бо-
луп эсептелген" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (7)
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-февралындагы № 69 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтомуПостановление · 03.02.2014 · № 69 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 176-б (Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы "Айылдык инвестициялардын экинчи долбоору үчүн экинчи…Распоряжение · 08.05.2013 · № 176-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-мартындагы №117 ""Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 25.03.2011 · № 117 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу 2008-жылдын 18-сентябрындагы № 62 мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттигинин буйругуПриказ · 18.09.2008 · № 62 · Күчүн жоготкон
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР ЖАНА МАТЕРИАЛДЫК РЕЗЕРВДЕР БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУПриказ · 18.09.2008 · № 62 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмотунун 2009-жылдын 18-июндагы "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"…Постановление · 18.06.2009 · № 384 · Күчүн жоготкон