34-статья. Кош этаптуу тооруктардын жол-жоболоруна катышууга чакыруу
Күчүн жоготкон · 03.04.2015 редакциясы · 4-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72.
Кош этаптуу биринчи этаптагы тооруктардын жол-жоболоруна катышууга чакыруу кагазы төмөндөгүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- сатып алуучу уюмдун аталышын жана юридикалык дарегин;
- сатып алынуучу нерселердин, анын ичинде адистештирүүнүн сыпаттамасын, техникалык жана башка көрсөткүчтөрүн, ал эми жумуштар сатып алынган учурда - жумуш аткарыла турган жерди жана анын түрүн;
- жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) кайсы өлкөдөн экенине карабастан, сатып алуулардын жол-жоболоруна катыша ала турганын ырастаган билдирүүнү, же ушул Мыйзамдын 3-статьясынын 1-пунктуна ылайык ички өндүрүшчүлөргө же ата мекендик подрядчыларга жеңилдиктер бериле турганы жөнүндө билдирүүнү;
- тендердик документтерди алуунун ыкмаларын жана дарегин, ал үчүн сатып алуучу уюмдан алынуучу акыны;
- тендердик табыштамаларды бере турган жана ача турган жерди жана мөөнөттөрүн.
Кош этаптуу тооруктун жол-жоболоруна катышууга чакыруу кагазында төмөндөгүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
- сатып алуучу уюмдун аталышы жана юридикалык дареги;
- сунуштун баасын көрсөтүү менен жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) коюлуучу акыркы талаптар, ошондой эле сатып алынуучу товарлардын техникалык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү;
- жөнөтүүгө тийиш болгон товарлардын мүнөзү, саны жана жеткирилүүчү жери, аткарылууга тийиш болгон жумуштардын мүнөзү жана жасалуучу жери, же болбосо кызмат көрсөтүүлөрдүн мүнөзү жана кызмат көрсөтө турган жер;
- товарларды жеткирүүнүн же жумуштарды аткаруунун ойдогудай же талап кылынган мөөнөттөрү же кызмат көрсөтүүлөрдүн графиги;
- тендердик документтерди ала турган жер жана ыкмалары;
- тендердик табыштамаларды бере турган жер жана ачуунун мөөнөттөрү.
Берененин тексти 03.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
34-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1455/st-34" title="34-статья - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>