1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 03.04.2015 редакциясы · 1-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 июля 2011 года № 88
1-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 1-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй түшүнүктөр колдонулат жана төмөндөгүдөй маанини билдирет: ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - аткаруу бийлигинин системасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жаатындагы мамлекеттик саясатты жүргүзгөн мамлекеттик орган; валюта - Кыргыз Республикасынын эсептешүү акчалай бирдиги - сом же башка мамлекеттин эсептешүү акчалай бирдиги; мамлекеттик сатып алуулар - мамлекеттик каражаттардын эсебинен толук же жарым-жартылай каржылануучу, ушул Мыйзамда белгиленген ар кандай усулдар менен сатып алуучу уюм тарабынан товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу; мамлекеттик каражаттар - каржылоонун төмөндөгү булактары, алар мына булар менен камсыз кылынат:
- өзүнүн ишин жүргүзүүгө жана капиталдык салымдарга багытталган республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен;
- бюджет жөнүндө мыйзам менен акционердик коомдордун "бюджеттен тышкары каражаттар" катары аныкталган, мамлекеттик же муниципалдык үлүш 50 пайыздан ашыгын түзгөн каражаттар, мамлекеттик же муниципалдык каражаттардын эсебинен түзүлгөн фонддордун каражаттары, мамлекеттик же муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин каражаттары;
- эгерде макулдашууларында каражаттарды колдонуунун башка жолдору каралбаса, эларалык макулдашуулардын негизинде чет өлкөлүк жардам катары берилген каражаттар;
- мамлекеттик кредиттик кепилдик берилген жана камсыз кылынган каражаттар;
сатып алуулар жөнүндө келишим - сатып алуулардын жолжоболорунун натыйжасында сатып алуучу уюм менен жөнөтүүчүнүн (подрядчынын) ортосунда түзүлгөн келишим; сатып алуучу уюм (сатып алуучу) - юридикалык жактын статусуна ээ болгон мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан түзүлгөн, республикалык же жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен каржылануучу бюджеттик уюм, мамлекеттик же муниципалдык органдар, кызматтар, фонддор жана мамлекет же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары акциялардын 50 пайыздан ашыгына ээ болгон ишканалар, акционердик коомдор; тендердик табыштаманын кепилдигин камсыз кылуу - сатып алуучу уюмга жөнөтүүчү (подрядчы) тарабынан берилүүчү ар кандай милдеттенменин аткарылышын камсыз кылуу, буга баштапкы милдеттенмени кайсы бир банктын моюнуна ала тургандыгы тууралу банк кепилдиктери, резервдик аккредитивдер, чектер сыяктуу камсыз кылуу ыкмалары, накталай каражаттагы депозитгер, жөнөкөй жана которулма векселдер кирет; сатып алуу келишимин аткаруунун кепилдигин камсыз кылуу - жөнөтүүчүнүн (подрядчынын) сатып алуу келишимин аткарууга байланыштуу милдеттенмелеринин сатып алуучу уюм тарабынан камсыз кылынышы, буга ушул статьянын 9-пунктунда каралган камсыз кылуу ыкмалары да кирет; жөнөтүүчү (подрядчы) - контекстке жараша - ушул Мыйзамдын 8-статьясынын талаптарына жооп берген, сатып алуучу уюмдар менен сатып алуулар жөнүндө келишимдин бардык потенциалдуу тарабы же конкреттүү тарабы; жөнөтүү - сатып алуучу уюмга жөнөтүлгөн чийки заттарды, даяр продукцияларды, жабдууларды, дагы башка товарларды сатып алуу процессинин бардык стадиясы; жумуштар - курууга, реконструкциялоого, бузууга, ремонттоого жана имаратты, курулманы же объектти жаңылоого, анын ичинде курулуш аянтын даярдоого, чуңкурун казууга, курулма тургузууга, жабдуу-шайманды же материалдарды монтаждоого, ички жана тышкы жасалгалоого байланышкан бардык жумуштар, ошондой эле бургулоо, геодезиялык жумуштар, спутник аркылуу тартып алуу, сейсмикалык изилдөө ж.б. ушул сыяктуу кошумча кызмат көрсөтүү жагындагы сатып алуу келишимине ылайык көрсөтүлүүчү көмөкчү курулуш иштери, эгерде мындай көмөкчү кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы курулуштун өзүнүн наркынан ашпаса; тендер (тоорук) - анын жардамы менен товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жөнөтүүгө ушул Мыйзам менен каралган тартипте жеңүүчүнү аныктоочу сынак; товарлар - ар кандай түрдөгү жана сыпаттамадагы продукциянын түрлөрү, анын ичинде чийки заттар, буюмдар, жабдуу-шаймандар жана катуу, суюк же газ абалындагы нерселер, электр энергиясы, жөнөтүүгө ылайыктуу товарлар, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр, эгерде мындай көмөкчү кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы товарлардын өзүнүн наркынан ашпаса; кызмат көрсөтүүлөр - товарларды, жумуштар менен консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдөн тышкары ар кандай сатып алуулар; же келишим түзүү максатында күчтүн натыйжасын майнаптуу ченөө даражасына таянып, булгулоо, топографиялык сүрөткө тартуулар, имараттарды, станоктор менен жабдуу-шаймандарды карап-күтүү жана жууп-тазалоону кошо алганда, бирок алар менен чектелбеген тендер боюнча ар кандай сатып алуулар; кургак жер, аба, деңиз же дарыя менен ташуулар; телебайланыш жагынан кызмат көрсөтүү; камсыздандыруу жагынан кызмат көрсөтүү; компьютерлерди долбоорлоо, орнотуу, учурдагы техникалык колдоо жана программалык камсыз кылуу; жарыялоо, бөлүштүрүү жана басмаканалык кызмат көрсөтүүлөр; агын сууларды тазалоо; коопсуздук жана финансы жагындагы кызмат көрсөтүүлөр; консультациялык кызмат көрсөтүүлөр - зарыл болгон атайын кесиптик билими, тажрыйбасы жана тиешелүү квалификациясы бар жеке консультанттар же консультациялык фирмалар тарабынан көрсөтүлүүчү интеллектуалдык же консультациялык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөр; ички жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) - Кыргыз Республикасынын аймагында ошондой сапатта катталган жеке ишкерлер же юридикалык жактар; мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар - тиешелүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен канааттандырылуучу мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөлөрү; чектелген суммалар - ал аркылуу чыгымдардын ар бир беренеси боюнча мамлекеттик сатып алуулардын усулун тандоону аныктоочу суммалардын өлчөмү. Чектелген суммалардын өлчөмү жана аларды колдонуунун ыкмалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет; чектелген суммалардын түрлөрү - эң көп чектелген сумма, эң аз чектелген сумма; тендердик табыштама - тооруктарды өткөргөн учурда товарларды жөнөтүүгө, кызмат көрсөтүү, жумуштарды жасоо жана консультациялык кызмат көрсөтүү жагынан жасалган сунуш; лот - сатып алуу-сатууга керектелүүчү бөлүнбөй турган нерсе; тендер документтери - сатып алуучу уюм тарабынан тоорукту өткөрүү шарттары жана тартиби камтылган тендердик табыштаманы даярдоо үчүн жөнөтүүчүгө (подрядчыга) берилүүчү документтердин топтому; чыныгы табыштамалар - тендердик документтердин маани-мазмунуна жооп берүүчү тендердик табыштамалар; бааланган нарк - ички өндүрүшчүлөргө жана атамекендик подрядчыларга колдонулуучу жеңилдиктерди эске алуу, арифметикалык каталарын эсептеп чыгуу, ошондой эле бардык сунуштардын бааларын тендердик документте көрсөтүлгөн бирдиктүү валютага которуу жана дагы башка тендердик документте көрсөтүлгөн чен-өлчөмдөргө баа берүү жолу менен түзүлгөн сунуштун баасы; консультант - консультациялык кызматтарды көрсөтүүчү жеке же юридикалык жак; эл аралык басма сөз - Бириккен Улуттар Уюмунун бардык өлкөлөрүндө таралуучу "Developme№t Busi№ess" жалпыга маалымдоо каражаттары жана (же) кеңири таратылуучу эл аралык соода басылмалары, ошондой эле ченемдик укуктук актыларга ылайык электрондук каражаттар; мамлекеттик сатып алуулардын бюллетени - мамлекеттик маалыматтык басылма, анын мазмунун мамлекеттик сатып алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кайтарымсыз негизде электрондук жана басма формасында жарыялануучу товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө дүң жана чекене бааны кошкондо ченемдик, нускамалык, жарнамалык жана маалымдамалык материалдар түзөт. (КР 2011-жылдын 8-июлундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Постановление Правительства КР от 13 июля 2012 года № 491 "О проектах законов Кыргызской Республики"Постановление · 13.07.2012 · № 491 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы №357 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору…Постановление · 05.06.2009 · № 357 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-мартындагы №117 ""Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 25.03.2011 · № 117 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмотунун 2009-жылдын 18-июндагы "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"…Постановление · 18.06.2009 · № 384 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1455/st-1" title="1-статья - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>