Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 25-марты № 117 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
А.Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2004-ж., № 9, 409-6.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Бул Мыйзамдын преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Бул Мыйзам мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын, кызматтардын жана фонддордун, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык үлүшү бар акционердик коомдордун товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуусунун жалпы укуктук жана экономикалык принциптерин белгилейт.".
2. 1-беренеде:
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - аткаруу бийлигинин системасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жаатындагы мамлекеттик саясатты жүргүзгөн мамлекеттик орган;";
- алтынчы жана жетинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- өзүнүн ишин жүргүзүүгө жана капиталдык салымдарга багытталган республикалык жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен;
- бюджет жөнүндө мыйзамда акционердик коомдордун "бюджеттен тышкары каражаттар" катары аныкталган, мамлекеттик же муниципалдык үлүш кеминде 51 процентти түзгөн каражаттар, мамлекеттик же муниципалдык каражаттардын эсебинен түзүлгөн фонддордун каражаттары, мамлекеттик же муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин каражаттары;";
- тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- мамлекеттик кредиттик кепилдик берилген жана камсыз кылынган каражаттар;";
- он биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"сатып алуучу уюм (сатып алуучу) - юридикалык жактын статусуна ээ болгон, мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы түзгөн, республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу бюджеттик уюм, мамлекеттик же муниципалдык органдар, кызматтар, фонддор жана мамлекет же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары акциялардын кеминде 51 процентине ээ болгон ишканалар, акционердик коомдор;";
- он төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"жөнөтүүчү (подрядчик) - контекстке жараша - ушул Мыйзамдын 8-беренесинин талаптарына жооп берген, сатып алуучу уюмдар менен сатып алуулар жөнүндө келишимдин бардык потенциалдуу тарабы же конкреттүү тарабы;";
- он жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"тендер (тоорук) - товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү ушул Мыйзамда каралган тартипте жеткирүү үчүн жеңүүчү аныкталуучу конкурс;";
- жыйырма биринчи-жыйырма үчүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"ички жөнөтүүчүлөр (подрядчиктер) - Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жеке ишкерлер же юридикалык жактар; мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар - мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыгы, алар мамлекеттик же муниципалдык каражаттардын эсебинен канааттандырылат; чектүү суммалар - чыгымдардын ар бир беренеси боюнча мамлекеттик сатып алуулардын методун тандоо аныкталуучу сумманын өлчөмү. Чектүү сумманын өлчөмүн жана аларды колдонуунун ыкмаларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт;";
- отуз биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"эл аралык басма-сөз - Бириккен Улуттар Уюмунун бардык өлкөлөрүндө таралуучу "Development Business" жалпыга маалымдоо каражаттары жана/же кеңири таркатылуучу эл аралык соода басылмалары, ошондой эле нормативдик укуктук актыларга ылайык электрондук каражаттар;";
- төмөнкүдөй мазмундагы отуз экинчи абзац менен толукталсын:
"мамлекеттик сатып алуулардын бюллетени - мамлекеттик маалымат басылмасы, анын мазмуну мамлекеттик сатып алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кайтарымсыз негизде электрондук жана басма формасында жарыялаган нормативдик, нускамалык, маалымдама, жарнама материалдары түзөт.".
3. Төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-берене менен толукталсын:
"1-1-берене. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдар
Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдар ушул Мыйзамдан, башка нормативдик укуктук актылардан, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген макулдашуулардан турат.".
4. 3-берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Тендерди өткөрүүдө сатып алуучу уюм тендерге катышууга ички жөнөтүүчүлөрдү чакыруу жөнүндө жарыяны жалпыга маалымдоо каражаттарына жайгаштыруу жолу менен ата мекендик товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.".
5. 4-берененин төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) салыктар жана/же башка милдеттүү төлөмдөр боюнча карыз болсо.".
6. 5-берененин 1-бөлүгүндө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык кызматчыларына жана сатып алуучу уюмдардын кызматкерлерине төмөнкүлөрдү жасоого тыюу салынат:";
- үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Мамлекеттик, муниципалдык кызматчылар жана сатып алуучу уюмдардын кызматкерлери ушул пункттун жоболорун бузган учурда алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылышат, ал эми сатып алуу жол-жоболору сатып алуу уюмунун чечими боюнча же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча токтотулуп турат же токтотулат.".
7. 8-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Айрым учурларда тендерге катышкан жөнөтүүчүлөр (подрядчиктер) үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча ушул берененин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында белгиленген талаптар алып салынышы мүмкүн.".
8. 12-берене күчүн жоготту деп табылсын.
9. 13-беренеде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Эгерде сатып алуунун суммасы максималдуу чектүү сумманын өлчөмүнөн беш эсеге ашса, анда ар бир сатып алуучу уюм тендердин жеңүүчүсүн аныктоонун алдында сатып алуунун ушул Мыйзамга жана мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына туура келишин аныктоо үчүн аудит жүргүзүүгө милдеттүү.";
- 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Республикалык бюджет бекитилгенден кийин он күндүк мөөнөттө бөлүм Мамлекеттик сатып алуулардын бюллетенинде кезектеги финансылык жылга мамлекеттик сатып алуулардын планын бекитилген формаларга ылайык жайгаштырат жана аны ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.".
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1 жана 3-2-бөлүктөр менен толукталсын:
"3-1. Сатып алуучу уюм мамлекеттик сатып алуулардын жылдык планына өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүгө укуктуу, мындай чечим кабыл алынган күндөн баштап беш жумушчу күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга чечимдин көчүрмөсүн жана өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген мамлекеттик сатып алуулардын планынан көчүрмөнү берүү жолу менен милдеттүү түрдө кабарланат. 3-2. Мамлекеттик сатып алуулардын бекитилген жылдык планында (мамлекеттик сатып алуулардын такталган жылдык планында) каралбаган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жол берилбейт.";
- 4-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте аудиторду аныктайт;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга квартал сайын бириктирилген отчет берет;";
- 8-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"8. Эгерде бир нече сатып алуучу уюм бир же бир нече сатып алуу предмети менен байланышкан товарларды сатып алууга ниет кылса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул сатып алуучу уюмдардын атынан биргелешкен сатып алууларды жана анын жол-жоболорун борбордоштурулган тартипте жүргүзүү үчүн мамлекеттик башкаруунун конкреттүү органын дайындайт".
10. 14-беренеде:
- 1-бөлүктүн биринчи жана экинчи абзацтары күчүн жоготту деп табылсын;
- 2 жана 5-бөлүктөр күчүн жоготту деп табылсын;
- 3-бөлүктө:
биринчи абзацтагы "Мамлекеттик" деген сөз "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик" деген сөздөр менен алмаштырылсын; төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- сатып алуучу уюмдардын, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимдердин, мамлекеттик сатып алуулардын ишенимсиз жана кара ниет катышуучуларынын бирдиктүү республикалык реестрин түзүү жана жүргүзүү.";
- 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сатып алуулар жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларды тапканда ушул Мыйзамдын 65-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи-алтынчы абзацында каралган нормаларды колдонууга, сатып алуучу уюмдарга бузууларды жоюуну сунуш кылууга же жол берилген бузуулар жөнүндө тиешелүү органдарга кабарлоо жиберүүгө милдеттүү.";
- 6-бөлүктөгү "Мамлекеттик" деген сөз "ыйгарым укуктуу мамлекеттик" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
11. 17-беренеде:
- 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"ички тооруктар; мамлекеттик электрондук сатып алуулар; электрондук кайтарылуучу аукцион;";
- 2-бөлүктө:
биринчи жана экинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "2. Мамлекеттик сатып алуулардын негизги методу болуп катышууга чектөө коюлбаган тооруктар жана мамлекеттик электрондук сатып алуулар эсептелет. Максималдуу чектүү суммага барабар же андан ашык суммага тооруктарды өткөрүүдө катышууга чектөө коюлбаган тооруктар же мамлекеттик электрондук сатып алуулар методдору колдонулат. Товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда сатып алуу методун тандоону (буга ушул Мыйзамдын 38-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык бир булактан алуу методу кирбейт) сатып алуу уюм өз алдынча жүргүзөт."; үчүнчү абзац күчүн жоготту деп табылсын; бешинчи абзацтагы "кулактандыруу жарыяланбайт" деген сөздөр "кулактандырууну жарыялоо милдеттүү эмес" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкү мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Дары-дармек каражаттарын жана медициналык арналыштагы буюмдарды сатып алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүргүзүлөт.".
12. Төмөнкүдөй мазмундагы 18-1-берене менен толукталсын:
"18-1-берене. Ички тооруктар
1. Ички тооруктар - бул ички жөнөтүүчүлөр (подрядчиктер) гана катышкан тооруктар.
2. Ички тооруктар сатып алуулардын приоритеттүү методу болуп эсептелет, бул метод сатып алуучу уюм тарабынан милдеттүү түрдө каралууга тийиш.
3. Сатып алуучу уюм максималдуу чектүү суммага чейин товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда ички тооруктарды жүргүзүүгө укуктуу.
4. Ички жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчиктердин) катышуусу менен тооруктар өткөрүлгөн учурда бул жөнүндө кулактандыруу тоорукка катышууга чакырууда камтылууга тийиш.".
13. 19-беренеде:
- 1-бөлүктүн үчүнчү абзацы "мүнөзүн" деген сөздөрдөн кийин ", тизмесин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-бөлүк "экинчи," деген сөздөн кийин "үчүнчү," деген сөз менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Сатып алуучу уюм өткөрүлө турган тендердин тендердик документтери иштелип чыккандан кийин гана тендерди жарыялайт.".
14. 20-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Сатып алуу жол-жоболорунун негизги жоболорун белгилеген тендердик документтерди берүү жөнүндө сатып алуучу уюмга кайрылган кызыкдар адамдарга (жөнөтүүчүлөргө, подрядчиктерге) сатып алуучу уюм алар кайрылуу берген күнү тендердик документтерди берүүгө милдеттүү.".
15. 21-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
16. 23-беренеде:
- 2-бөлүктө:
экинчи абзацтагы "4" деген цифра "3" деген цифра менен алмаштырылсын; үчүнчү абзацтагы "чектелген катышуу" деген сөздөрдөн кийин "жана ички тооруктар" деген сөздөр менен толукталсын, "3" деген цифра "2" деген цифра менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүктүн үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Сатып алуучу уюм тендердик табыштамаларды ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттө кабыл алууга милдеттүү. Тендердик табыштаманы алгандан кийин сатып алуучу уюм жөнөтүүчүлөргө (подрядчиктерге) тендердик табыштаманын алынган күнүн жана мезгилин көрсөтүү менен тил кат берет.".
17. 25-беренеде:
- 1-бөлүктөгү "3 пайызынан" деген сөз жана цифра "2 пайызынан" деген сөз жана цифра менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Тендерге катышуу үчүн тендердик табыштаманы кепилдик камсыздоо төмөнкүлөргө кепилдик берүү менен жөнөтүүчүлөр киргизет:
- табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктагандан кийин тендерге катышуу үчүн өзүнүн табыштамасын кайра албайт, өзгөртпөйт жана (же) толуктабайт;
- тендердин катышуучусу деп табылган учурда белгиленген мөөнөттө өзүнүн конкурстук баасын сунуш кылат, ал эми кийин бул сунушту кайра албайт;
- тендердин жеңүүчүсү деп аныкталган учурда тендердик документтерде каралган мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимди түзөт жана мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимдин аткарылышын камсыздоону киргизет.".
18. 26-берененин 2 жана 3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Сатып алуучу уюм кызыкдар тараптардын катышуусунда тендердик табыштамаларды ачат. Тендердик табыштамаларды ачууга бардык каалоочулардын катышуусуна уруксат берилет. Катышуучуларга аудиожазууларды жана видеотартууларды жүргүзүүгө уруксат берилет. Тендердик комиссиянын жыйынына катышкан адамдар тендердик комиссиянын ишине кийлигишүүгө укуксуз.
3. Табыштамасы ачылган ар бир талапкердин аталышы жана дареги, ошондой эле тендердик табыштаманын баасы, кепилдик берилген камсыздоонун формасы, өлчөмү, салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча карыздар тендердик табыштамаларды ачууда катышкан адамдарга кечиктирилбестен жарыяланат жана тендердик табыштамаларды ачуунун протоколунда белгиленет, протоколдун көчүрмөсү кечиктирилбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет жана Мамлекеттик сатып алуулардын бюллетенинде жарыяланат.".
19. 29-берененин 1-1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"аудитордун корутундусунун негизинде;";
20. 30-беренеде:
- 1-бөлүк "3" деген цифрадан кийин "жумушчу" деген сөз менен толукталсын;
- 2-бөлүктөгү "3 күндүк мөөнөттө" деген сөздөр жана цифра "3 жумушчу күндүн ичинде" деген сөздөр жана цифра менен алмаштырылсын.
21. Төмөнкүдөй мазмундагы 37-1-берене менен толукталсын:
"37-1-берене. Электрондук сатып алуулар жана электрондук кайтарылуучу аукцион
1. Мамлекеттик электрондук сатып алуулар - бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте реалдуу мезгилдин режиминде товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну камсыз кылган, маалыматтык системаларды жана электрондук маалыматтык ресурстарды колдонуу менен жүргүзүлүүчү мамлекеттик сатып алуулар.
2. Электрондук кайтарылуучу аукцион - бул мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосу, мында сатып алуучу уюм өзгөчөлүгү олуттуу мааниге ээ болбогон товарларды сатып алат, бул сатып алууда товардын баасы чечүүчү шарт болуп эсептелет.
3. Сатып алуучу уюм өзү төлөй турган баштапкы бааны белгилейт, ал эми жөнөтүүчүлөр өздөрүнүн сунуштарын бааны ырааттуу төмөндөтүү менен беришет.
4. Кайтарылуучу аукциондун жеңүүчүсү болуп заказды аткаргандыгы үчүн абдан төмөн наркты сунуш кылган аукционер эсептелет.
5. Эгерде абдан төмөн бааны бир нече жөнөтүүчүлөр сунуш кылса, анда сунушту башка жөнөтүүчүлөрдөн мурда берген жөнөтүүчү жеңүүчү деп табылат.
6. Электрондук кайтарылуучу аукцион жолу менен мамлекеттик сатып алуу реалдуу мезгилдин режиминде жана максималдуу чектүү суммадан аз суммада товарларды сатып алууну камсыз кылган электрондук соода системасы аркылуу жүргүзүлөт.".
22. 38-беренеде:
- 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Сатып алуучу уюм ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлап, төмөнкү учурларда бир булактан алууну өз алдынча жүргүзүүгө укуктуу:
- нормалар, параметрлер жана стандарттар боюнча мурдагы сатып алуунун наркынын 10 процентинен ашпаган кошумча заказдарды келишим түзүлгөн учурдан баштап 6 айдын ичинде бергенде;
- максималдуу чектүү суммадан ашпаган суммага изилдөөлөрдү, эксперименттерди өткөрүүгө же илимий корутундуларды даярдаганда;
- минималдуу чектүү суммага чейин жыл бою чыгымдардын ар бир беренеси боюнча товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алганда;
- жазык-түзөтүү системасынын (пенитенционардык) мекемелеринин ишканаларынан товарларды сатып алганда;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ички жөнөтүүчүлөрдүн тизмесине ылайык товарларды сатып алганда;
- искусство же маданият жаатындагы чыгармачылык долбоорду же чыгармачылык ишти аткаруу үчүн сатып алууларды жүргүзгөндө;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө дарылоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле аларды жеткирүү жана коштоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алганда;
- командировкалык чыгымдарды жүргүзүү менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алганда;
- тез арада калыбына келтирүүнү талап кылган, форс-мажордук кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алганда;
- антимонополиялык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган белгилеген баалар боюнча табигый монополиянын субъекттеринен товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алганда;
- дипломатиялык протоколду камсыз кылуу менен байланышкан сатып алууну жүргүзгөндө;
- күн сайын колдонулуучу товарларды сатып алуунун шашылыш зарылдыгы пайда болгондо. Сатып алуучу уюм күтүүсүз жагдайларга байланыштуу бир булактан алуу методу менен сатып алуу жүргүзүүгө укуктуу, мында сатып алуучу уюм аталган жагдайлар пайда болгон учурдан баштап бир айдын ичинде тендерди милдеттүү түрдө өткөрөт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Сатып алуучу уюм күтүүсүз жагдайларга байланыштуу сатып алуунун шашылыш зарылдыгы пайда болгон учурда бир булактан сатып алууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жүргүзө алат.".
23. 49-берененин 2-бөлүгүндөгү "көпчүлүктүн алдында" деген сөздөр "кызыкдар тараптардын катышуусунда" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
24. 51-берененин 4-бөлүгүндөгү "дароо Мамлекеттик органга" деген сөздөр "маалымат жана отчет үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга дароо" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
25. 58-беренеде:
- 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Мамлекеттик сатып алуулардын келишими ага тараптар кол койгон күндөн баштап күчүнө кирет, буга мамлекеттик бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин келишимдери кирбейт, бюджеттик мекемелердин келишимдери (контракттары) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен нускамага ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган күндөн баштап келишим түзүлдү деп эсептелет.";
- 4-бөлүктөгү "Мамлекеттик органга" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-бөлүктөгү "Мамлекеттик" деген сөз "ыйгарым укуктуу мамлекеттик" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Сатып алуучу уюм мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишим түзүлгөн күндөн кийин беш жумушчу күндүн ичинде төмөнкү маалыматтарды камтыган маалыматты Мамлекеттик сатып алуулар бюллетенинин сайтында жайгаштырууга тийиш:
- жөнөтүүчүнүн (подрядчиктин) аталышы жана юридикалык дареги;
- өткөрүү күнү;
- сатып алынган товар жөнүндө маалымат (товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн параметрлери, тизмеси, комплектациясы, өзгөчөлүгү жана башка талаптар);
- товардын бирдиги үчүн баа;
- сатып алуулардын жалпы суммасы.".
26. 59-беренеде:
1-бөлүктөгү "камсыз кылууну талап кылышы мүмкүн" деген сөздөр "камсыздоону талап кылат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Кепилдик камсыздоо келишим боюнча милдеттенмелер аткарылган күндөн кийин үч жумушчу күндүн ичинде жөнөтүүчүгө кайтарылат.".
27. 60-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"60-берене. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө түзүлгөн келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн негиздери
1. Эгерде мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимди аткаруунун жүрүшүндө сатып алынуучу товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө болгон баа төмөндөсө, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө түзүлгөн келишимдин товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон бааны, демек тиешелүү түрдө келишимдин суммасын төмөндөтүүнүн бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тараптардын өз ара макулдугу боюнча жол берилет, бирок жөнөтүүчүнү (подрядчикти) тандоо үчүн негиз болуп эсептелген сапаттар жана башка шарттар өзгөрбөшү керек.
2. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө түзүлгөн келишимге кандайдыр бир параметрлери боюнча келишимдин (ушул жөнөтүүчүнү тандоо үчүн негиз болуп эсептелген) шарттарын начарлатуучу өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.".
28. 61-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Келишимди түзүүдө тараптар негиз кылган жагдайлар олуттуу өзгөрүп, мындай өзгөрүүлөрдүн болушун келишим түзүү учурунда көрө билүүгө мүмкүн эмес болгондо, ошол эле учурда келишимди аткаруу мамлекеттик кызыкчылыктарга карама-каршы келсе, мындай жагдайлар жөнүндө белгилүү болгон учурдан кийин эки жуманын ичинде сатып алуучу тарап келишимди токтот. Бул норма мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө түзүлгөн келишимде чагылдырылууга тийиш.".
29. 62-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Сатып алуучу уюм жөнөтүүчүлөргө (подрядчиктерге) коюлган дооматтарды кароого жана доомат берилген күндөн баштап 10 календардык күндүн ичинде жазуу жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү.".
30. 64-беренеде:
- 3-бөлүктөгү "7" деген цифра "3 жумушчу" деген цифра жана сөз менен алмаштырылсын;
- 5-бөлүктөгү "Мамлекеттик" деген сөз "ыйгарым укуктуу мамлекеттик" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
31. 65-беренеде:
- 1-бөлүктүн биринчи абзацындагы "Мамлекеттик" деген сөз "ыйгарым укуктуу мамлекеттик" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 7 жумушчу күндүн ичинде даттануу боюнча жазуу жүзүндө жүйөлүү чечим чыгарат жана аны кызыкдар тараптарга жиберет. Чечим төмөнкүлөрдү камтыйт:";
- 4-бөлүктөгү "Мамлекеттик" деген сөз "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
32. Төмөнкү мазмундагы 65-1-берене менен толукталсын:
"65-1-берене. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Сатып алуучу уюмдардын жетекчилери жана тендердик комиссиялардын төрагалары ушул Мыйзамдын жоболорун бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартышат.".
33. 66-беренеде:
- 2 жана 3-бөлүктөрдөгү "Мамлекеттик" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
34. 67-беренеде:
- 1-бөлүктөгү "Мамлекеттик" деген сөз "ыйгарым укуктуу мамлекеттик" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
| Азыркы редакция | Сунушталган редакция |
|---|---|
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМЫ Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин мамлекеттик муктаждыктар үчүн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларынын жалпы укуктук жана экономикалык принциптерин белгилейт. Ушул Мыйзамдын максаттары: - сатып алуулардын эң жогорку үнөмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу; - сатып алууларды жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) катышууларын кеңейтүү жана алардын ортосундагы атаандаштыкты өнүктүрүү; - бардык жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) карата адилет мамилени камсыз кылуу; - сатып алуу жол-жоболорунун ачыктыгын камсыз кылуу болуп саналат. | КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМЫ [Бул Мыйзам мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын, кызматтардын жана фонддордун, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык үлүшү бар акционердик коомдордун товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуусунун жалпы укуктук жана экономикалык принциптерин белгилейт.] Ушул Мыйзамдын максаттары: - сатып алуулардын эң жогорку үнөмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу; - сатып алууларды жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) катышууларын кеңейтүү жана алардын ортосундагы атаандаштыкты өнүктүрүү; - бардык жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) карата адилет мамилени камсыз кылуу; - сатып алуу жол-жоболорунун ачыктыгын камсыз кылуу болуп саналат. |
| 1-глава Жалпы жоболор 1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй түшүнүктөр колдонулат жана төмөндөгүдөй маанини билдирет: мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - Мамлекеттик орган) мамлекеттик каражаттардын эсебинен товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү юридикалык жак; валюта - Кыргыз Республикасынын эсептешүү акчалай бирдиги - сом же башка мамлекеттин эсептешүү акчалай бирдиги; мамлекеттик сатып алуулар - мамлекеттик каражаттардын эсебинен толук же жарым-жартылай каржылануучу, ушул Мыйзамда белгиленген ар кандай усулдар менен сатып алуучу уюм тарабынан товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу; мамлекеттик каражаттар - каржылоонун төмөндөгү булактары, алар мына булар менен камсыз кылынат: - мамлекеттик бюджеттин каражаттары, болбосо өз ишин жүзөгө ашырууга багытталган жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттары жана капиталдык салымдары; - бюджет жөнүндөгү "бюджеттен тышкаркы каражаттар" катары аныкталуучу каражаттары менен мамлекеттин үлүшү кеминде 51 пайызын түзгөн акционердик коомдордун каражаттары, мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттик каражаттардын эсебинен түзүлгөн фонддордун каражаттары; - эгерде макулдашууларында каражаттарды колдонуунун башка жолдору каралбаса, эларалык макулдашуулардын негизинде чет өлкөлүк жардам катары берилген каражаттар; - кредит менен кепилдик берилген жана камсыз кылынган каражаттар; сатып алуулар жөнүндө келишим - сатып алуулардын жолжоболорунун натыйжасында сатып алуучу уюм менен жөнөтүүчүнүн (подрядчынын) ортосунда түзүлгөн келишим; тендердик табыштаманын кепилдигин камсыз кылуу - сатып алуучу уюмга жөнөтүүчү (подрядчы) тарабынан берилүүчү ар кандай милдеттенменин аткарылышын камсыз кылуу, буга баштапкы милдеттенмени кайсы бир банктын моюнуна ала тургандыгы тууралу банк кепилдиктери, резервдик аккредитивдер, чектер сыяктуу камсыз кылуу ыкмалары, накталай каражаттагы депозиттер, жөнөкөй жана которулма векселдер кирет; тендердик табыштаманын кепилдигин камсыз кылуу - сатып алуучу уюмга жөнөтүүчү (подрядчы) тарабынан берилүүчү ар кандай милдеттенменин аткарылышын камсыз кылуу, буга баштапкы милдеттенмени кайсы бир банктын моюнуна ала тургандыгы тууралу банк кепилдиктери, резервдик аккредитивдер, чектер сыяктуу камсыз кылуу ыкмалары, накталай каражаттагы депозиттер, жөнөкөй жана которулма векселдер кирет; сатып алуу келишимин аткаруунун кепилдигин камсыз кылуу жөнөтүүчүнүн (подрядчынын) сатып алуу келишимин аткарууга байланыштуу милдеттенмелеринин сатып алуучу уюм тарабынан камсыз кылынышы, буга ушул статьянын 9-пунктунда каралган камсыз кылуу ыкмалары да кирет; жөнөтүүчү (подрядчы) - контекске жараша-ар кандай кудуреттүү тарап же сатып алуучу уюм менен түзүлгөн сатып алуулар жөнүндөгү келишимдин айкын адамы; жөнөтүү - сатып алуучу уюмга жөнөтүлгөн чийки заттарды, даяр продукцияларды, жабдууларды, дагы башка товарларды сатып алуу процессинин бардык стадиясы; жумуштар - курууга, реконструкциялоого, бузууга, ремонттоого жана имаратты, курулманы же объектти жаңылоого, анын ичинде курулуш аянтын даярдоого, чуңкурун казууга, курулма тургузууга, жабдуу-шайманды же материалдарды монтаждоого, ички жана тышкы жасалгалоого байланышкан бардык жумуштар, ошондой эле бургулоо, геодезиялык жумуштар, спутник аркылуу тартып алуу, сейсмикалык изилдөө ж.б. ушул сыяктуу кошумча кызмат көрсөтүү жагындагы сатып алуу келишимине ылайык көрсөтүлүүчү көмөкчү курулуш иштери, эгерде мындай көмөкчү кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы курулуштун өзүнүн наркынан ашпаса; тендер (тоорук) - ушул Мыйзамда каралган тартипте сатып алуучу уюм тарабынан товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү конкурстун негизде тандап алуу; товарлар - ар кандай түрдөгү жана сыпаттамадагы продукциянын түрлөрү, анын ичинде чийки заттар, буюмдар, жабдуу-шаймандар жана катуу, суюк же газ абалындагы нерселер, электр энергиясы, жөнөтүүгө ылайыктуу товарлар, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр, эгерде мындай көмөкчү кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы товарлардын өзүнүн наркынан ашпаса; кызмат көрсөтүүлөр - товарларды, жумуштар менен консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдөн тышкары ар кандай сатып алуулар; же келишим түзүү максатында күчтүн натыйжасын майнаптуу ченөө даражасына таянып, булгулоо, топографиялык сүрөткө тартуулар, имараттарды, станоктор менен жабдуу-шаймандарды карап-күтүү жана жууп-тазалоону кошо алганда, бирок алар менен чектелбеген тендер боюнча ар кандай сатып алуулар; кургак жер, аба, деңиз же дарыя менен ташуулар; телебайланыш жагынан кызмат көрсөтүү; камсыздандыруу жагынан кызмат көрсөтүү; компьютерлерди долбоорлоо, орнотуу, учурдагы техникалык колдоо жана программалык камсыз кылуу; жарыялоо, бөлүштүрүү жана басмаканалык кызмат көрсөтүүлөр; агын сууларды тазалоо; коопсуздук жана финансы жагындагы кызмат көрсөтүүлөр; консультациялык кызмат көрсөтүүлөр - зарыл болгон атайын кесиптик билими, тажрыйбасы жана тиешелүү квалификациясы бар жеке консультанттар же консультациялык фирмалар тарабынан көрсөтүлүүчү интеллектуалдык же консультациялык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөр; ички жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) - Кыргыз Республикасынын аймагында катталган Кыргыз Республикасынын жарандары жана юридикалык жактар; мамлекеттин муктаждыктары - мамлекеттик каражаттардын эсебинен канааттандырылуучу Кыргыз Республикасынын товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөлөрү; чектелген суммалар - чыгымдардын ар бир статьясы боюнча мамлекеттик сатып алуулардын усулдарын тандоону аныктоочу суммалар. Чектелген суммалардын өлчөмү жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. чектелген суммалардын түрлөрү - эң көп чектелген сумма, эң аз чектелген сумма; тендердик табыштама - тооруктарды өткөргөн учурда товарларды жөнөтүүгө, кызмат көрсөтүү, жумуштарды жасоо жана консультациялык кызмат көрсөтүү жагынан жасалган сунуш; лот - сатып алуу-сатууга керектелүүчү бөлүнбөй турган нерсе; тендер документтери - сатып алуучу уюм тарабынан тоорукту өткөрүү шарттары жана тартиби камтылган тендердик табыштаманы даярдоо үчүн жөнөтүүчүгө (подрядчыга) берилүүчү документтердин топтому; чыныгы табыштамалар - тендердик документтердин маани-мазмунуна жооп берүүчү тендердик табыштамалар; бааланган нарк - ички өндүрүшчүлөргө жана атамекендик подрядчыларга колдонулуучу жеңилдиктерди эске алуу, арифметикалык каталарын эсептеп чыгуу, ошондой эле бардык сунуштардын бааларын тендердик документте көрсөтүлгөн бирдиктүү валютага которуу жана дагы башка тендердик документте көрсөтүлгөн чен-өлчөмдөргө баа берүү жолу менен түзүлгөн сунуштун баасы; консультант - консультациялык кызматтарды көрсөтүүчү жеке же юридикалык жак; эларалык басма сөз - Бириккен Улуттар Уюмунун бардык өлкөлөрүндө таралуучу "Development Вusiness" жалпыга маалымдоо каражаттары жана/же белгилүү техникалык журналдар, газеталар жана/же кеңири таратылуучу эларалык соода басылмалары. | 1-глава Жалпы жоболор 1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй түшүнүктөр колдонулат жана төмөндөгүдөй маанини билдирет: [ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - аткаруу бийлигинин системасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жаатындагы мамлекеттик саясатты жүргүзгөн мамлекеттик орган;] валюта - Кыргыз Республикасынын эсептешүү акчалай бирдиги - сом же башка мамлекеттин эсептешүү акчалай бирдиги; мамлекеттик сатып алуулар - мамлекеттик каражаттардын эсебинен толук же жарым-жартылай каржылануучу, ушул Мыйзамда белгиленген ар кандай усулдар менен сатып алуучу уюм тарабынан товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу; мамлекеттик каражаттар - каржылоонун төмөндөгү булактары, алар мына булар менен камсыз кылынат: [- өзүнүн ишин жүргүзүүгө жана капиталдык салымдарга багытталган республикалык жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен;] [- бюджет жөнүндө мыйзамда акционердик коомдордун "бюджеттен тышкары каражаттар" катары аныкталган, мамлекеттик же муниципалдык үлүш кеминде 51 процентти түзгөн каражаттар, мамлекеттик же муниципалдык каражаттардын эсебинен түзүлгөн фонддордун каражаттары, мамлекеттик же муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин каражаттары;] - эгерде макулдашууларында каражаттарды колдонуунун башка жолдору каралбаса, эларалык макулдашуулардын негизинде чет өлкөлүк жардам катары берилген каражаттар; [- мамлекеттик кредиттик кепилдик берилген жана камсыз кылынган каражаттар;] сатып алуулар жөнүндө келишим - сатып алуулардын жолжоболорунун натыйжасында сатып алуучу уюм менен жөнөтүүчүнүн (подрядчынын) ортосунда түзүлгөн келишим; [сатып алуучу уюм (сатып алуучу) - юридикалык жактын статусуна ээ болгон, мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы түзгөн, республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу бюджеттик уюм, мамлекеттик же муниципалдык органдар, кызматтар, фонддор жана мамлекет же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары акциялардын кеминде 51 процентине ээ болгон ишканалар, акционердик коомдор;] тендердик табыштаманын кепилдигин камсыз кылуу - сатып алуучу уюмга жөнөтүүчү (подрядчы) тарабынан берилүүчү ар кандай милдеттенменин аткарылышын камсыз кылуу, буга баштапкы милдеттенмени кайсы бир банктын моюнуна ала тургандыгы тууралу банк кепилдиктери, резервдик аккредитивдер, чектер сыяктуу камсыз кылуу ыкмалары, накталай каражаттагы депозиттер, жөнөкөй жана которулма векселдер кирет; сатып алуу келишимин аткаруунун кепилдигин камсыз кылуу жөнөтүүчүнүн (подрядчынын) сатып алуу келишимин аткарууга байланыштуу милдеттенмелеринин сатып алуучу уюм тарабынан камсыз кылынышы, буга ушул статьянын 9-пунктунда каралган камсыз кылуу ыкмалары да кирет; [жөнөтүүчү (подрядчик) - контексттик жараша - ушул Мыйзамдын 8-беренесинин талаптарына жооп берген, сатып алуучу уюмдар менен сатып алуулар жөнүндө келишимдин бардык потенциалдуу тарабы же конкреттүү ] тарабы; жөнөтүү - сатып алуучу уюмга жөнөтүлгөн чийки заттарды, даяр продукцияларды, жабдууларды, дагы башка товарларды сатып алуу процессинин бардык стадиясы; жумуштар - курууга, реконструкциялоого, бузууга, ремонттоого жана имаратты, курулманы же объектти жаңылоого, анын ичинде курулуш аянтын даярдоого, чуңкурун казууга, курулма тургузууга, жабдуу-шайманды же материалдарды монтаждоого, ички жана тышкы жасалгалоого байланышкан бардык жумуштар, ошондой эле бургулоо, геодезиялык жумуштар, спутник аркылуу тартып алуу, сейсмикалык изилдөө ж.б. ушул сыяктуу кошумча кызмат көрсөтүү жагындагы сатып алуу келишимине ылайык көрсөтүлүүчү көмөкчү курулуш иштери, эгерде мындай көмөкчү кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы курулуштун өзүнүн наркынан ашпаса; [тендер (тоорук) - товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү ушул Мыйзамда каралган тартипте жеткирүү үчүн жеңүүчү аныкталуучу конкурс;] товарлар - ар кандай түрдөгү жана сыпаттамадагы продукциянын түрлөрү, анын ичинде чийки заттар, буюмдар, жабдуу-шаймандар жана катуу, суюк же газ абалындагы нерселер, электр энергиясы, жөнөтүүгө ылайыктуу товарлар, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр, эгерде мындай көмөкчү кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы товарлардын өзүнүн наркынан ашпаса; кызмат көрсөтүүлөр - товарларды, жумуштар менен консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдөн тышкары ар кандай сатып алуулар; же келишим түзүү максатында күчтүн натыйжасын майнаптуу ченөө даражасына таянып, булгулоо, топографиялык сүрөткө тартуулар, имараттарды, станоктор менен жабдуу-шаймандарды карап-күтүү жана жууп-тазалоону кошо алганда, бирок алар менен чектелбеген тендер боюнча ар кандай сатып алуулар; кургак жер, аба, деңиз же дарыя менен ташуулар; телебайланыш жагынан кызмат көрсөтүү; камсыздандыруу жагынан кызмат көрсөтүү; компьютерлерди долбоорлоо, орнотуу, учурдагы техникалык колдоо жана программалык камсыз кылуу; жарыялоо, бөлүштүрүү жана басмаканалык кызмат көрсөтүүлөр; агын сууларды тазалоо; коопсуздук жана финансы жагындагы кызмат көрсөтүүлөр; консультациялык кызмат көрсөтүүлөр - зарыл болгон атайын кесиптик билими, тажрыйбасы жана тиешелүү квалификациясы бар жеке консультанттар же консультациялык фирмалар тарабынан көрсөтүлүүчү интеллектуалдык же консультациялык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөр; [ички жөнөтүүчүлөр (подрядчиктер) Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жеке ишкерлер же юридикалык жактар;] мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар - мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыгы, алар мамлекеттик же муниципалдык каражаттардын эсебинен канааттандырылат; чектүү суммалар - чыгымдардын ар бир беренеси боюнча мамлекеттик сатып алуулардын методун тандоо аныкталуучу сумманын өлчөмү. Чектүү сумманын өлчөмүн жана аларды колдонуунун ыкмаларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт; чектелген суммалардын түрлөрү - эң көп чектелген сумма, эң аз чектелген сумма; тендердик табыштама - тооруктарды өткөргөн учурда товарларды жөнөтүүгө, кызмат көрсөтүү, жумуштарды жасоо жана консультациялык кызмат көрсөтүү жагынан жасалган сунуш; лот - сатып алуу-сатууга керектелүүчү бөлүнбөй турган нерсе; тендер документтери - сатып алуучу уюм тарабынан тоорукту өткөрүү шарттары жана тартиби камтылган тендердик табыштаманы даярдоо үчүн жөнөтүүчүгө (подрядчыга) берилүүчү документтердин топтому; чыныгы табыштамалар - тендердик документтердин маани-мазмунуна жооп берүүчү тендердик табыштамалар; бааланган нарк - ички өндүрүшчүлөргө жана атамекендик подрядчыларга колдонулуучу жеңилдиктерди эске алуу, арифметикалык каталарын эсептеп чыгуу, ошондой эле бардык сунуштардын бааларын тендердик документте көрсөтүлгөн бирдиктүү валютага которуу жана дагы башка тендердик документте көрсөтүлгөн чен-өлчөмдөргө баа берүү жолу менен түзүлгөн сунуштун баасы; консультант - консультациялык кызматтарды көрсөтүүчү жеке же юридикалык жак; [эл аралык басма-сөз - Бириккен Улуттар Уюмунун бардык өлкөлөрүндө таралуучу "Development Вusiness" жалпыга маалымдоо каражаттары жана/же кеңири таркатылуучу эл аралык соода басылмалары, ошондой эле нормативдик укуктук актыларга ылайык электрондук каражаттар;] [мамлекеттик сатып алуулардын бюллетени - мамлекеттик маалымат басылмасы, анын мазмуну мамлекеттик сатып алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кайтарымсыз негизде электрондук жана басма формасында жарыялаган нормативдик, нускамалык, маалымдама, жарнама материалдары түзөт.] |
| [1-1-статья. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдар Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдар ушул Мыйзамдан, башка нормативдик укуктук актылардан, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген макулдашуулардан турат.] | |
| 3-статья. Ички жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) берилүүчү жеңилдиктер 1. Сатып алуучу уюм Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларды тендердик баалоодо сунуш кылынган баага чет өлкөдө чыгарылган товарлардын тендердик бааларына салыштырмалуу 20 пайызга чейин, ошондой эле өлкөлүк фирмалардын сунуштары менен жумуштарын аткарууда салыштырмалуу ички подрядчылардын сунуштарына 10 пайызга чейин жеңилдиктерди бере алат. 2. Эгерде сатып алуунун жүйөсү Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырылуучу жумуштар болсо, сатып алуучу уюм ички подрядчыларга жеңилдиктерди жергиликтүү эмгек ресурстарын, ошондой эле жергиликтүү чийки заттын жана материалдардын кеминде 30 пайызын пайдаланган учурда гана бере алат. 3. Ички жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктерди берген учурда сатып алуу жол-жоболору башталганга чейин сатып алуучу уюм катышуучуларга тиешелүү билдирүү жасайт. Жеңилдиктерди берүү тууралу жасалган билдирүү өзгөртүлбөөгө тийиш. 4. Сатып алуучу уюм ички жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктерди берген учурда төмөндөгүлөрдү аныктоодо эларалык милдеттенмелерди жетекчиликке алат: ички жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) жайылтылган жеңилдиктер товарларды жөнөтүү жана жумуштарды аткаруу категорияларына; ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында каралган мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда ички жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) берилген жеңилдиктерди колдонуу жол-жоболорун. 5. Эгерде атамекендик өндүрүүчүлөргө же ички подрядчыларга жеңилдиктерди берүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда сатып алуучу уюм тендердик табыштамаларды баалоодо жана жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) салыштырууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген усулдук нускаманы жетекчиликке алат. 6. Ички жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктерди берүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эларалык келишимдеринде каралган бардык милдеттенмелер эске алынат. 7. Ички жана чет өлкөлүк жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) ушул статьянын 1 жана 2-пунктунан тышкаркы сатып алуу жол-жоболоруна катышуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөр берилүүгө тийиш. | 3-статья. Ички жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) берилүүчү жеңилдиктер 1. Сатып алуучу уюм Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларды тендердик баалоодо сунуш кылынган баага чет өлкөдө чыгарылган товарлардын тендердик бааларына салыштырмалуу 20 пайызга чейин, ошондой эле өлкөлүк фирмалардын сунуштары менен жумуштарын аткарууда салыштырмалуу ички подрядчылардын сунуштарына 10 пайызга чейин жеңилдиктерди бере алат. [1-1. Тендерди өткөрүүдө сатып алуучу уюм тендерге катышууга ички жөнөтүүчүлөрдү чакыруу жөнүндө жарыяны жалпыга маалымдоо каражаттарына жайгаштыруу жолу менен ата мекендик товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү. 2. Эгерде сатып алуунун жүйөсү Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырылуучу жумуштар болсо, сатып алуучу уюм ички подрядчыларга жеңилдиктерди жергиликтүү эмгек ресурстарын, ошондой эле жергиликтүү чийки заттын жана материалдардын кеминде 30 пайызын пайдаланган учурда гана бере алат. 3. Ички жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктерди берген учурда сатып алуу жол-жоболору башталганга чейин сатып алуучу уюм катышуучуларга тиешелүү билдирүү жасайт. Жеңилдиктерди берүү тууралу жасалган билдирүү өзгөртүлбөөгө тийиш. 4. Сатып алуучу уюм ички жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктерди берген учурда төмөндөгүлөрдү аныктоодо эларалык милдеттенмелерди жетекчиликке алат: ички жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) жайылтылган жеңилдиктер товарларды жөнөтүү жана жумуштарды аткаруу категорияларына; ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында каралган мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда ички жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) берилген жеңилдиктерди колдонуу жол-жоболорун. 5. Эгерде атамекендик өндүрүүчүлөргө же ички подрядчыларга жеңилдиктерди берүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда сатып алуучу уюм тендердик табыштамаларды баалоодо жана жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) салыштырууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген усулдук нускаманы жетекчиликке алат. 6. Ички жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктерди берүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эларалык келишимдеринде каралган бардык милдеттенмелер эске алынат. 7. Ички жана чет өлкөлүк жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) ушул статьянын 1 жана 2-пунктунан тышкаркы сатып алуу жол-жоболоруна катышуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөр берилүүгө тийиш. |
| 4-статья. Мамлекеттик сатып алууларга катышуудан четтетүүнүн шарттары Талапкерлерди мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболоруна катышуудан четтетүү жөнүндө чечим сатып алуучу уюмдар тарабынан төмөндөгүдөй учурларда кабыл алынат: жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) сатып алуулардын жол-жоболору башталганга чейин эки жыл ичинде мамлекеттик сатып алуулардын эч болбогондо бир келишимин талаптагыдай аткарбаса; жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) банкрот деп жарыяланса же банкрот болуу процессинде турса; жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) салыктар жана/же төлөмдөр боюнча Социалдык камсыздандыруу фондуна карыз болсо; | 4-статья. Мамлекеттик сатып алууларга катышуудан четтетүүнүн шарттары Талапкерлерди мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболоруна катышуудан четтетүү жөнүндө чечим сатып алуучу уюмдар тарабынан төмөндөгүдөй учурларда кабыл алынат: жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) сатып алуулардын жол-жоболору башталганга чейин эки жыл ичинде мамлекеттик сатып алуулардын эч болбогондо бир келишимин талаптагыдай аткарбаса; жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) банкрот деп жарыяланса же банкрот болуу процессинде турса; [жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) салыктар жана/же башка милдеттүү төлөмдөр боюнча карыз болсо.] |
| 5-статья. Таламдардын кагылышы 1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларына төмөндөгүлөрдү жасоого тыюу салынат: сатып алуулар тараптарынын кайсы биринин болбосун кызыкчылыктарын көздөп сатып алуулардын жол-жоболоруна кандайдыр бир таасир көрсөтүүгө аракет кылса; ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу сатып алуулардын учурунда жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) катарында катышууга; өздөрү иштеп жаткан уюмдардын ортосунда сатып алуулар жөнүндөгү келишимдердин түзүлүшүнө (жана) же түзүүгө көмөк көрсөтүүгө же өздөрү алардын өкүлдөрү, уюмдаштыруучулары, катышуучулары, пайчылары, акционерлери же кызмат адамдары болууга; сатып алуулардын жол-жоболору боюнча чечим кабыл алууга, катышууга, эгерде алар туугандык даражасы боюнча же өткөрүлүп жаткан сатып алуулардын жыйынтыктарына тикеден-тике же кыйыр түрдө сатып алуу жолжоболору боюнча чечимдердин кабыл алынышына таламдаш болууга. Ушул пункттун жоболору мамлекеттик кызматчылар тарабынан бузулган учурда алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат, ал эми сатып алуулардын жол-жоболору сатып алуучу уюмдун чечиминин негизинде токтотула турат же болбосо Мамлекеттик органдын чечими боюнча токтотулат. 2. Сатып алуучу уюмдун өкүлү же сатып алуу жол-жоболоруна байланышкан дагы башка милдеттерди, ошондой эле сатып алуулардын жол-жоболоруна тиешелүү консультанттык иш-милдеттерди аткара албайт, эгерде ал адам: жөнөтүүчүнүн (подрядчынын) жубайы болсо же түздөн-түз туугандык байланышы болсо, ошондой эле бала асырап алуу, камкорчулук же көзөмөлчүлүк жагынан мамилеси болсо, анын юридикалык өкүлү же кызмат адамдары болсо; акыркы эки жыл ичиндеги сатып алуулардын жол-жоболоруна катышкан кайсы бир жөнөтүүчүнүн (подрядчынын) кызматчысы же кызмат адамы болсо. 3. Кызматкери сатып алуулар жөнүндөгү келишимге карата спецификацияларды же тендердик документтерди даярдаганга жооп бере турган негизги компания же филиалы менен байланышта болгон жөнөтүүчү (подрядчы) сатып алуучу уюм менен сатып алуулар жөнүндө келишим түзө албайт. 4. Ушул статьяга ылайык тендердик табыштамадан, сунуштан же котировкалоодон четтөө жана анын себептери сатып алуулардын жолжоболору жөнүндөгү протоколдо чагылдырылат жана таламдаш жөнөтүүчүлөргө (подрядчыга) ошол замат билдирилет. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-июлундагы N 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык) | 5-статья. Таламдардын кагылышы [1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык кызматчыларына жана сатып алуучу уюмдардын кызматкерлерине төмөнкүлөрдү жасоого тыюу салынат:] сатып алуулар тараптарынын кайсы биринин болбосун кызыкчылыктарын көздөп сатып алуулардын жол-жоболоруна кандайдыр бир таасир көрсөтүүгө аракет кылса; ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу сатып алуулардын учурунда жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) катарында катышууга; өздөрү иштеп жаткан уюмдардын ортосунда сатып алуулар жөнүндөгү келишимдердин түзүлүшүнө (жана) же түзүүгө көмөк көрсөтүүгө же өздөрү алардын өкүлдөрү, уюмдаштыруучулары, катышуучулары, пайчылары, акционерлери же кызмат адамдары болууга; сатып алуулардын жол-жоболору боюнча чечим кабыл алууга, катышууга, эгерде алар туугандык даражасы боюнча же өткөрүлүп жаткан сатып алуулардын жыйынтыктарына тикеден-тике же кыйыр түрдө сатып алуу жолжоболору боюнча чечимдердин кабыл алынышына таламдаш болууга. [Мамлекеттик, муниципалдык кызматчылар жана сатып алуучу уюмдардын кызматкерлери ушул пункттун жоболорүн бузган учурда алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылышат, ал эми сатып алуу жол-жоболору сатып алуу уюмунун чечими боюнча же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча токтотулуп турат же токтотулат.] 2. Сатып алуучу уюмдун өкүлү же сатып алуу жол-жоболоруна байланышкан дагы башка милдеттерди, ошондой эле сатып алуулардын жол-жоболоруна тиешелүү консультанттык иш-милдеттерди аткара албайт, эгерде ал адам: жөнөтүүчүнүн (подрядчынын) жубайы болсо же түздөн-түз туугандык байланышы болсо, ошондой эле бала асырап алуу, камкорчулук же көзөмөлчүлүк жагынан мамилеси болсо, анын юридикалык өкүлү же кызмат адамдары болсо; акыркы эки жыл ичиндеги сатып алуулардын жол-жоболоруна катышкан кайсы бир жөнөтүүчүнүн (подрядчынын) кызматчысы же кызмат адамы болсо. 3. Кызматкери сатып алуулар жөнүндөгү келишимге карата спецификацияларды же тендердик документтерди даярдаганга жооп бере турган негизги компания же филиалы менен байланышта болгон жөнөтүүчү (подрядчы) сатып алуучу уюм менен сатып алуулар жөнүндө келишим түзө албайт. 4. Ушул статьяга ылайык тендердик табыштамадан, сунуштан же котировкалоодон четтөө жана анын себептери сатып алуулардын жолжоболору жөнүндөгү протоколдо чагылдырылат жана таламдаш жөнөтүүчүлөргө (подрядчыга) ошол замат билдирилет. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-июлундагы N 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык) |
| 8-статья. Жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) квалификациялык маалыматтары 1. Сатып алуу жол-жоболоруна катышуу үчүн жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) төмөндөгүдөй чен-өлчөмдөргө жооп берген квалификациялык маалыматтарга дал келүүгө тийиш: алар тендердик документтердин талаптарына ылайык сатып алуулар жөнүндөгү келишимди аткарууга керектелүүчү кесиптик, техникалык компетенттүүлүккө, тажрыйбага жана беделге, финансы ресурстарына, жабдууларга жана башка материалдык мүмкүнчүлүктөргө ээ болууга тийиш; алар төлөөгө жөндөмсүз, банкрот болбоого, алардын мүлкү соттун контролунда болбоого тийиш, алардын иштерин сот же сот дайындаган адам тарабынан тескелбөөгө, алардын коммерциялык иши токтотулбоого жана алар мындай сот процесстерине тартылбоого тийиш; алардын Кыргыз Республикасында салыктарды жана дагы башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелери аткарылууга тийиш; юридикалык жактар (жөнөтүүчүлөр, подрядчылар), ошондой эле алардын жетекчи кызматкерлери жана/же жөнөтүүчүлөрдүн, подрядчылардын өздөрү (жеке адамдар) сатып алуулардын жол-жоболору башталаар алдындагы үч жыл ичинде сатып алуулар жөнүндөгү келишимди түзүү максатында өздөрүнүн квалификациялык маалыматтарын бурмалап жалган маалыматтарды бергенге же фактыларды чаташтырганга аралашпоого тийиш; алар сатып алуулар жөнүндөгү келишимдерди түзүүгө юридикалык жактан укуктуу болууга тийиш. 2. Жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) өздөрүнүн интеллектуалдык менчигин же коммерциялык жашыруун сырын эске алуу менен сатып алуучу уюм сатып алуулардын жол-жоболоруна катышкан жөнөтүүчүлөрдөн (подрядчылардан) ушул статьянын 1-пунктунда баяндалган чен-өлчөмдөргө ылайык квалификациялык маалыматтарга ээ экендигин күбөлөндүргөн документтештирилтен далилдерди же дагы башка маалыматтарды берүүнү талап кылат. 3. Ушул статьяга ылайык белгиленген квалификациялык талаптар квалификациялоо алдындагы документтерде (эгерде квалификациялоонун алдында жол-жобо жүргүзүлгөндө) жана тендердик документтерде же сунуштарды, котировкаларды ишке тартуу боюнча башка документтерде баяндалат. Бул талап бардык жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) тиешелүү. Сатып алуу учурунда эң төмөнкү чектелген суммадан кем суммага ушул статьяда белгиленген талаптар колдонулбайт. 4. Сатып алуучу уюм жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) квалификациялык маалыматтарына квалификациялоо алдындагы документтерде (эгерде квалификациялоонун алдында жол-жобо жүргүзүлгөндө) жана тендердик документтерде же сунуштарды же болбосо котировкаларды ишке тартуу боюнча башка документтерде баяндалган квалификациялык талаптарга ылайык баа берет. 5. Сатып алуучу уюм ушул Мыйзамдын 3-статьясында каралгандан башка учурларда, калыс адилеттүү болуп эсептелбеген жөнөтүүчүлөрдү (подрядчыларды) кемсинткен чен-өлчөмдөрдү, талаптарды же жолжоболорду белгилебөөгө тийиш. 6. Сатып алуучу уюм жөнөтүүчүнү (подрядчыны) төмөндөгүдөй учурларда сатып алуу жолжоболоруна катышуудан четтетет: өзүнүн квалификациялык маалыматтары жөнүндө атайылап жалган маалымат бергенде; эгерде жөнөтүүчү (подрядчы) квалификациялык талаптарды канааттандырбаса. 7. Сатып алуучу уюм жеткирүүчүнү (подрядчыны) квалификациялык маалыматтары так эмес же толук эмес болгондугу үчүн жеткирүүчү (подрядчы) адистигинен ажырата албайт, эгерде жеткирүүчү (подрядчы) сатып алуучу уюмдун өтүнүчү боюнча бул кемчиликти ошол замат четтетсе. | 8-статья. Жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) квалификациялык маалыматтары 1. Сатып алуу жол-жоболоруна катышуу үчүн жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) төмөндөгүдөй чен-өлчөмдөргө жооп берген квалификациялык маалыматтарга дал келүүгө тийиш: алар тендердик документтердин талаптарына ылайык сатып алуулар жөнүндөгү келишимди аткарууга керектелүүчү кесиптик, техникалык компетенттүүлүккө, тажрыйбага жана беделге, финансы ресурстарына, жабдууларга жана башка материалдык мүмкүнчүлүктөргө ээ болууга тийиш; алар төлөөгө жөндөмсүз, банкрот болбоого, алардын мүлкү соттун контролунда болбоого тийиш, алардын иштерин сот же сот дайындаган адам тарабынан тескелбөөгө, алардын коммерциялык иши токтотулбоого жана алар мындай сот процесстерине тартылбоого тийиш; алардын Кыргыз Республикасында салыктарды жана дагы башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелери аткарылууга тийиш; юридикалык жактар (жөнөтүүчүлөр, подрядчылар), ошондой эле алардын жетекчи кызматкерлери жана/же жөнөтүүчүлөрдүн, подрядчылардын өздөрү (жеке адамдар) сатып алуулардын жол-жоболору башталаар алдындагы үч жыл ичинде сатып алуулар жөнүндөгү келишимди түзүү максатында өздөрүнүн квалификациялык маалыматтарын бурмалап жалган маалыматтарды бергенге же фактыларды чаташтырганга аралашпоого тийиш; алар сатып алуулар жөнүндөгү келишимдерди түзүүгө юридикалык жактан укуктуу болууга тийиш. 2. Жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) өздөрүнүн интеллектуалдык менчигин же коммерциялык жашыруун сырын эске алуу менен сатып алуучу уюм сатып алуулардын жол-жоболоруна катышкан жөнөтүүчүлөрдөн (подрядчылардан) ушул статьянын 1-пунктунда баяндалган чен-өлчөмдөргө ылайык квалификациялык маалыматтарга ээ экендигин күбөлөндүргөн документтештирилтен далилдерди же дагы башка маалыматтарды берүүнү талап кылат. 3. Ушул статьяга ылайык белгиленген квалификациялык талаптар квалификациялоо алдындагы документтерде (эгерде квалификациялоонун алдында жол-жобо жүргүзүлгөндө) жана тендердик документтерде же сунуштарды, котировкаларды ишке тартуу боюнча башка документтерде баяндалат. Бул талап бардык жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) тиешелүү. [Айрым учурларда тендерге катышкан жөнөтүүчүлөр (подрядчиктер) үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча ушул берененин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында белгиленген талаптар алып салынышы мүмкүн.] Сатып алуу учурунда эң төмөнкү чектелген суммадан кем суммага ушул статьяда белгиленген талаптар колдонулбайт. 4. Сатып алуучу уюм жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) квалификациялык маалыматтарына квалификациялоо алдындагы документтерде (эгерде квалификациялоонун алдында жол-жобо жүргүзүлгөндө) жана тендердик документтерде же сунуштарды же болбосо котировкаларды ишке тартуу боюнча башка документтерде баяндалган квалификациялык талаптарга ылайык баа берет. 5. Сатып алуучу уюм ушул Мыйзамдын 3-статьясында каралгандан башка учурларда, калыс адилеттүү болуп эсептелбеген жөнөтүүчүлөрдү (подрядчыларды) кемсинткен чен-өлчөмдөрдү, талаптарды же жолжоболорду белгилебөөгө тийиш. 6. Сатып алуучу уюм жөнөтүүчүнү (подрядчыны) төмөндөгүдөй учурларда сатып алуу жолжоболоруна катышуудан четтетет: өзүнүн квалификациялык маалыматтары жөнүндө атайылап жалган маалымат бергенде; эгерде жөнөтүүчү (подрядчы) квалификациялык талаптарды канааттандырбаса. 7. Сатып алуучу уюм жеткирүүчүнү (подрядчыны) квалификациялык маалыматтары так эмес же толук эмес болгондугу үчүн жеткирүүчү (подрядчы) адистигинен ажырата албайт, эгерде жеткирүүчү (подрядчы) сатып алуучу уюмдун өтүнүчү боюнча бул кемчиликти ошол замат четтетсе. |
| 12-статья. Сатып алуулар жөнүндөгү ченемдик укуктук актылар 1. Ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жөнүндөгү ушул Мыйзамдын жоболорун пайдалануу максатында ченемдик укуктук актыларды басып чыгаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген Мамлекеттик органдын карамагында болот. 2. Сатып алуулар жөнүндөгү ченемдик укуктук актылар расмий басма маалыматтарда жана Мамлекеттик сатып алуулардын бюллетенинде жарыяланууга тийиш. | 12-статья. Сатып алуулар жөнүндөгү ченемдик укуктук актылар Күчүн жоготту |
| 2-глава Сатып алуулардын жол-жоболоруна катышуучулар 13-статья. Сатып алуучу уюм 1. Сатып алуучу уюм сатып алууну жүзөгө ашырууда жоопкерчиликти өзүнүн бөлүмдөрүнүн бирине (мындан ары текст боюнча - бөлүм) жүктөйт жана ар бир өткөрүлүүчү тендерге өзүнчө тендердик комиссия түзөт. 2. Өз ишинде бөлүм жана сатып алуучу уюмдун тендердик комиссиясы ушул Мыйзамды, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Бөлүм жана тендердик комиссия жөнүндөгү жоболорду жетекчиликке алат. 3. Республикалык бюджет бекитилгенден кийин бөлүм он күндүк мөөнөт ичинде Мамлекеттик органга бекитилген формаларга ылайык кезектеги финансы жылына мамлекеттик сатып алуулардын планын берет. 4. Бөлүм төмөндөгүдөй иш-милдеттерди жүзөгө ашырат: - сатып алуу усулдарын тандап алууну аныктайт; - сатып алуунун тандап алынган усулдарын Мамлекеттик орган менен макулдашат (эгерде сатып алууга бөлүнгөн сумма Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине ылайык чектелген суммага барабар болгон же ашып кеткен учурда); - тендердик документтерди иштеп чыгат; - сатып алуулар жөнүндөгү билдирүүлөрдү жарыялоону уюштурат же болбосо тоорукка түздөн-түз катышуучу кудуреттүү жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) катышууга чакыруу кагазын жөнөтөт; - сатып алуулардын жол-жоболорун өткөрүү үчүн ушул Мыйзамдын жоболоруна анын ылайык келишин камсыз кылуу максатында контролду жүзөгө ашырат; - тендердик комиссиянын чечиминин негизинде сатып алуучу уюмдун атынан келишимди жеңип алуучуга ыйгаруу жөнүндө чечим чыгарат; - жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) нараазычылыктарын жана даттанууларын карайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алат; - ушул Мыйзамдын 29-статьясында каралган учурларда тоорукту жокко чыгарат; - жалпыга маалымдоо каражаттарына жана/же Мамлекеттик сатып алуулардын бюллетенине сатып алуулардын жол-жоболорунун натыйжалары жөнүндө отчетту жарыялайт; - мамлекеттик сатып алууларга тиешелүү болгон жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) тендердик документтерин, тендердик табыштамаларын жыйноону жана үч жыл бою сактоону камсыз кылат. 5. Сатып алуучу уюмдун тендердик комиссиясы төмөндөгүдөй иш-милдеттерди жүзөгө ашырат: - тендердик документтерде көрсөтүлгөн мөөнөттө тендердик табыштамаларды ачууну өткөрөт; - тендердик табыштамаларды ачуу протоколун түзөт жана көчүрмөсүн Мамлекеттик органга токтоосуз жөнөтөт; - ушул Мыйзамга ылайык тендердик документтерде каралган жол-жоболорду жана чен-өлчөмдөрдү пайдаланып, тендердик табыштамаларды баалоону өткөрөт жана тендердин натыйжалары жөнүндө баа берүүчү отчет даярдайт; - жеңүүчүнү аныктоо маселелери боюнча сунуш киргизет же сатып алуулардын жол-жоболорунун натыйжалары боюнча башка чечим кабыл алат; - сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколун түзөт. 6. Бөлүмдүн жана тендердик комиссиянын курамына ар бирине кеминде үчтөн адам кирүүгө тийиш, саны так эмес болууга тийиш жана тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн бири сатып алуулар боюнча тастыкталган сертификаты бар адис болушу керек. Бөлүм жана сатып алуучу уюмдун тендердик комиссиясы контракттык тарап боло албайт. 7. Сатып алуучу уюмдун жетекчиси бөлүмдүн жана/же сатып алуучу уюмдун тендердик комиссиясынын курамына кирүүгө укугу жок. 8. Эгерде бир нече сатып алуучу уюм бир же бир нече товарларды сатып алууларды жүзөгө ашырууга ниеттенсе, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Мамлекеттик органдын сунушу боюнча сатып алуучу уюмдардын атынан борборлоштурулган тартипте биргелешкен сатып алуулардын жол-жоболорун жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик башкаруунун айкын органы дайындалат. 9. Борборлоштурулган сатып алууларды башкаруунун мамлекеттик органы бир нече нерсени сатып алган сатып алуулардын планына ылайык сатып алынуучу товарлардын тизмегин аныктайт. | 2-глава Сатып алуулардын жол-жоболоруна катышуучулар 13-статья. Сатып алуучу уюм 1. Сатып алуучу уюм сатып алууну жүзөгө ашырууда жоопкерчиликти өзүнүн бөлүмдөрүнүн бирине (мындан ары текст боюнча - бөлүм) жүктөйт жана ар бир өткөрүлүүчү тендерге өзүнчө тендердик комиссия түзөт. [1-1. Эгерде сатып алуунун суммасы максималдуу чектүү сумманын өлчөмүнөн беш эсеге ашса, анда ар бир сатып алуучу уюм тендердин жеңүүчүсүн аныктоонун алдында сатып алуунун ушул Мыйзамга жана мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына туура келишин аныктоо үчүн аудит жүргүзүүгө милдеттүү.] 2. Өз ишинде бөлүм жана сатып алуучу уюмдун тендердик комиссиясы ушул Мыйзамды, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Бөлүм жана тендердик комиссия жөнүндөгү жоболорду жетекчиликке алат. [3. Республикалык бюджет бекитилгенден кийин он күндүк мөөнөттө бөлүм Мамлекеттик сатып алуулардын бюллетенинде кезектеги финансылык жылга мамлекеттик сатып алуулардын планын бекитилген формаларга ылайык жайгаштырат жана аны ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.] [3-1. Сатып алуучу уюм мамлекеттик сатып алуулардын жылдык планына өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүгө укуктуу, мындай чечим кабыл алынган күндөн баштап беш жумушчу күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга чечимдин көчүрмөсүн жана өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген мамлекеттик сатып алуулардын планынан көчүрмөнү берүү жолу менен милдеттүү түрдө кабарланат.] [3-2. Мамлекеттик сатып алуулардын бекитилген жылдык планында (мамлекеттик сатып алуулардын такталган жылдык планында каралбаган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жол берилбейт.] 4. Бөлүм төмөндөгүдөй иш-милдеттерди жүзөгө ашырат: - сатып алуу усулдарын тандап алууну аныктайт; - сатып алуунун тандап алынган усулдарын Мамлекеттик орган менен макулдашат (эгерде сатып алууга бөлүнгөн сумма Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине ылайык чектелген суммага барабар болгон же ашып кеткен учурда); - тендердик документтерди иштеп чыгат; - сатып алуулар жөнүндөгү билдирүүлөрдү жарыялоону уюштурат же болбосо тоорукка түздөн-түз катышуучу кудуреттүү жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) катышууга чакыруу кагазын жөнөтөт; - сатып алуулардын жол-жоболорун өткөрүү үчүн ушул Мыйзамдын жоболоруна анын ылайык келишин камсыз кылуу максатында контролду жүзөгө ашырат; - тендердик комиссиянын чечиминин негизинде сатып алуучу уюмдун атынан келишимди жеңип алуучуга ыйгаруу жөнүндө чечим чыгарат; - жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) нараазычылыктарын жана даттанууларын карайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алат; - ушул Мыйзамдын 29-статьясында каралган учурларда тоорукту жокко чыгарат; - жалпыга маалымдоо каражаттарына жана/же Мамлекеттик сатып алуулардын бюллетенине сатып алуулардын жол-жоболорунун натыйжалары жөнүндө отчетту жарыялайт; - мамлекеттик сатып алууларга тиешелүү болгон жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) тендердик документтерин, тендердик табыштамаларын жыйноону жана үч жыл бою сактоону камсыз кылат; [- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте аудиторду аныктайт;] [- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга квартал сайын бириктирилген отчет берет.] 5. Сатып алуучу уюмдун тендердик комиссиясы төмөндөгүдөй иш-милдеттерди жүзөгө ашырат: - тендердик документтерде көрсөтүлгөн мөөнөттө тендердик табыштамаларды ачууну өткөрөт; - тендердик табыштамаларды ачуу протоколун түзөт жана көчүрмөсүн Мамлекеттик органга токтоосуз жөнөтөт; - ушул Мыйзамга ылайык тендердик документтерде каралган жол-жоболорду жана чен-өлчөмдөрдү пайдаланып, тендердик табыштамаларды баалоону өткөрөт жана тендердин натыйжалары жөнүндө баа берүүчү отчет даярдайт; - жеңүүчүнү аныктоо маселелери боюнча сунуш киргизет же сатып алуулардын жол-жоболорунун натыйжалары боюнча башка чечим кабыл алат; - сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколун түзөт. 6. Бөлүмдүн жана тендердик комиссиянын курамына ар бирине кеминде үчтөн адам кирүүгө тийиш, саны так эмес болууга тийиш жана тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн бири сатып алуулар боюнча тастыкталган сертификаты бар адис болушу керек. Бөлүм жана сатып алуучу уюмдун тендердик комиссиясы контракттык тарап боло албайт. 7. Сатып алуучу уюмдун жетекчиси бөлүмдүн жана/же сатып алуучу уюмдун тендердик комиссиясынын курамына кирүүгө укугу жок. [8. Эгерде бир нече сатып алуучу уюм бир же бир нече сатып алуу предмети менен байланышкан товарларды сатып алууга ниет кылса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул сатып алуучу уюмдардын атынан биргелешкен сатып алууларды жана анын жол-жоболорун борбордоштурулган тартипте жүргүзүү үчүн мамлекеттик башкаруунун конкреттүү органын дайындайт.] 9. Борборлоштурулган сатып алууларды башкаруунун мамлекеттик органы бир нече нерсени сатып алган сатып алуулардын планына ылайык сатып алынуучу товарлардын тизмегин аныктайт. |
| 14-статья. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 1. Сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун жалпы мамлекеттик саясатын жүзөгө ашыруучу борбордук орган болуп саналат. Мамлекеттик органдын иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобо менен аныкталат. Ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү иштеп чыккан жобонун негизинде электрондук системанын жардамы менен соода уюштурууга укуктуу. 2. Мамлекеттик органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат. 3. Мамлекеттик органдын негизги иш-милдеттери төмөндөгүлөр болуп саналат: - мамлекеттик сатып алуулардын тутумунун иштеши үчүн сатып алуунун тартибин жана жол-жоболорун, келишимдерди түзүүнү жана алар боюнча төлөп берүүнү камтыган ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу; - мамлекеттик каражаттын эсебинен товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо жана жөнгө салып туруу; - мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын мамлекеттик органдар тарабынан сакталышына контролдук кылуу; - мамлекеттик органдарга товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууда, сатып алуулардын жол-жоболору жана консультациялык кызмат көрсөтүү боюнча персоналдарды окутууну камтуу менен көмөк көрсөтүү; - сатып алуулардын жол-жоболорунун ачыктыгын жана маалымдуулугун камсыз кылуу; - даттанууларды жана нараазылыктарды кароо, алар боюнча өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы мыйзамдарда каралган корутундуларды чыгаруу. 4. Мамлекеттик орган сатып алуулар жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулганы билинген учурда ушул Мыйзамдын 65-статьясынын 1-пунктунун экинчи-алтынчы абзацтарында каралган ченемдерди колдонууга укуктуу. 5. Мамлекеттик органды күтүүгө кетүүчү чыгашалар республикалык бюджетте каралат. 6. Өз компетенциясынын чегинде чыгарылган Мамлекеттик органдын актылары бардык министрликтер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү бийлик органдары, мамлекеттик уюмдар менен мекемелер тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат. | 14-статья. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 1. Күчүн жоготту Ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү иштеп чыккан жобонун негизинде электрондук системанын жардамы менен соода уюштурууга укуктуу. 2. 3. [Ыйгарым укуктуу мамлекеттик] органдын негизги иш-милдеттери төмөндөгүлөр болуп саналат: - мамлекеттик сатып алуулардын тутумунун иштеши үчүн сатып алуунун тартибин жана жол-жоболорун, келишимдерди түзүүнү жана алар боюнча төлөп берүүнү камтыган ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу; - мамлекеттик каражаттын эсебинен товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо жана жөнгө салып туруу; - мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын мамлекеттик органдар тарабынан сакталышына контролдук кылуу; [- сатып алуучу уюмдардын, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимдердин, мамлекеттик сатып алуулардын ишенимсиз жана кара ниет катышуучуларынын бирдиктүү республикалык реестрин түзүү жана жүргүзүү;] - мамлекеттик органдарга товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууда, сатып алуулардын жол-жоболору жана консультациялык кызмат көрсөтүү боюнча персоналдарды окутууну камтуу менен көмөк көрсөтүү; - сатып алуулардын жол-жоболорунун ачыктыгын жана маалымдуулугун камсыз кылуу; - даттанууларды жана нараазылыктарды кароо, алар боюнча өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы мыйзамдарда каралган корутундуларды чыгаруу. [4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сатып алуулар жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларды тапканда ушул Мыйзамдын 65-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи-алтынчы абзацында каралган нормаларды колдонууга, сатып алуучу уюмдарга бузууларды жоюуну сунуш кылууга же жол берилген бузуулар жөнүндө тиешелүү органдарга кабарлоо жиберүүгө милдеттүү.] 5. 6. Өз компетенциясынын чегинде чыгарылган [ыйгарым укуктуу мамлекеттик] органдын актылары бардык министрликтер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү бийлик органдары, мамлекеттик уюмдар менен мекемелер тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат. |
| 3-глава Мамлекеттик сатып алуулардын усулдары. Тоорукту өткөрүүнүн тартиби 17-статья. Мамлекеттик сатып алуулардын усулдары 1. Мамлекеттик сатып алуулар төмөндөгүдөй усулдар менен жүзөгө ашырылат: катышуучулардын санына чек койбогон тоорук; катышуучулары чектелген тоорук; кош этаптуу тоорук; котировкалардын суроо-талабы; бир гана жерден сатып алуулар. 2. Мамлекеттик сатып алуулардын негизги усулу катышуучулары чектелбеген тоорук болуп саналат. Барабар же эң көп чектелген суммадан көбүрөөк тоорукту өткөргөн учурда катышуучулардын санына чек койбогон тооруктар усулу гана колдонулат. Наркы эң аз чектелген суммадан төмөн болгон товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алган учурда сатып алуунун усулун (бир гана жерден сатып алуу усулунан башкасы) тандап алуу сатып алуучу уюм тарабынан Мамлекеттик орган менен макулдашылбастан жүзөгө ашырылат. Наркы эң аз чектелген суммага барабар же андан да көбүрөөк болгон учурда бир гана жерден сатып алуунун усулун тандап алууну сатып алуучу уюм Мамлекеттик органдын макулдугу менен гана жүзөгө ашырат. Эң көп чектелген суммага барабар же андан да көбүрөөк суммада сатып алууларды жүргүзгөн учурда тоорук тууралу кулактандыруу жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Мамлекеттик сатып алуулардын Бюллетенинде жарыяланат; Эң көп чектелген суммадан азыраак сатып алган учурда кулактандыруу Мамлекеттик сатып алуулардын Бюллетенинде жарыяланат. Эң аз чектелген суммадан азыраак сатып алган учурда кулактандыруу жарыяланбайт. | 3-глава Мамлекеттик сатып алуулардын усулдары. Тоорукту өткөрүүнүн 17-статья. Мамлекеттик сатып алуулардын усулдары 1. Мамлекеттик сатып алуулар төмөндөгүдөй усулдар менен жүзөгө ашырылат: катышуучулардын санына чек койбогон тоорук; катышуучулары чектелген тоорук; кош этаптуу тоорук; [ички тооруктар;] [мамлекеттик электрондук сатып алуулар;] [электрондук кайтарылуучу аукцион;] котировкалардын суроо-талабы; бир гана жерден сатып алуулар. [2. Мамлекеттик сатып алуулардын негизги методу болуп катышууга чектөө коюлбаган тооруктар жана мамлекеттик электрондук сатып алуулар эсептелет. Максималдуу чектүү суммага барабар же андан ашык суммага тооруктарды өткөрүүдө катышууга чектөө коюлбаган тооруктар же мамлекеттик электрондук сатып алуулар методдору колдонулат.] [Товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда сатып алуу методун тандоону (буга ушул Мыйзамдын 38-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык бир булактан алуу методу кирбейт) сатып алуу уюм өз алдынча жүргүзөт.] Эң көп чектелген суммага барабар же андан да көбүрөөк суммада сатып алууларды жүргүзгөн учурда тоорук тууралу кулактандыруу жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Мамлекеттик сатып алуулардын Бюллетенинде жарыяланат; Эң көп чектелген суммадан азыраак сатып алган учурда кулактандыруу Мамлекеттик сатып алуулардын Бюллетенинде жарыяланат. Эң аз чектелген суммадан азыраак сатып алган учурда [кулактандырууну жарыялоо милдеттүү эмес.] [3. Дары-дармек каражаттарын жана медициналык арналыштагы буюмдарды сатып алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүргүзүлөт.] |
| 19-статья. Тоорукка катышууга чакыруу кагазынын мазмуну 1. Тоорукка чакырган кагаз жок эле дегенде төмөндөгүдөй маалыматтарды камтууга тийиш: сатып алуучу уюмдун аталышын жана юридикалык дарегин; жөнөтүлүүгө тийиш болгон товарлардын мүнөзүн, санын жана жеткириле турган жерди; аткарылууга тийиш болгон жумуштардын мүнөзүн жана жерин же кызмат көрсөтүүлөрдүн мүнөзүн жана көрсөтүлө турган жерди; товарларды жөнөтүүнүн ойдогудай же талап кылынган, же жумуштарды же болбосо кызмат көрсөтүүлөрдүн графигин бүткөрүүнүн мөөнөттөрү; жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) коюлуучу талаптар; кайсы өлкөдөн экенине карабастан жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) сатып алуулардын жол-жоболоруна катыша ала тургандыгы тууралу билдирүүсү, же ушул Мыйзамдын 3-статьясынын 1-пунктуна ылайык ички жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктер бериле тургандыгы жөнүндө билдирүү; тендердик документтерди ала турган жер жана анын жолдору, ал үчүн сатып алуучу уюм тарабынан төлөнө турган акы (эгерде ал белгиленсе); тендердик табыштамаларды берүүчү жер жана мөөнөттөр; тендердик табыштамаларды ачуучу жер жана мөөнөттөрү. 2. Тоорукка катышууга чакырган кулактандырууда кеминде ушул статьянын 1-пунктунун экинчи, жетинчи, сегизинчи, тогузунчу абзацтарында белгиленген маалыматтар жана сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы сыпаттамасы камтылууга тийиш. | 19-статья. Тоорукка катышууга чакыруу кагазынын мазмуну 1. Тоорукка чакырган кагаз жок эле дегенде төмөндөгүдөй маалыматтарды камтууга тийиш: сатып алуучу уюмдун аталышын жана юридикалык дарегин; жөнөтүлүүгө тийиш болгон товарлардын мүнөзүн, [тизмесин,] санын жана жеткириле турган жерди; аткарылууга тийиш болгон жумуштардын мүнөзүн, тизмесин жана жерин же кызмат көрсөтүүлөрдүн мүнөзүн, [тизмесин] жана көрсөтүлө турган жерди; товарларды жөнөтүүнүн ойдогудай же талап кылынган, же жумуштарды же болбосо кызмат көрсөтүүлөрдүн графигин бүткөрүүнүн мөөнөттөрү; жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) коюлуучу талаптар; кайсы өлкөдөн экенине карабастан жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) сатып алуулардын жол-жоболоруна катыша ала тургандыгы тууралу билдирүүсү, же ушул Мыйзамдын 3-статьясынын 1-пунктуна ылайык ички жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктер бериле тургандыгы жөнүндө билдирүү; тендердик документтерди ала турган жер жана анын жолдору, ал үчүн сатып алуучу уюм тарабынан төлөнө турган акы (эгерде ал белгиленсе); тендердик табыштамаларды берүүчү жер жана мөөнөттөр; тендердик табыштамаларды ачуучу жер жана мөөнөттөрү. 2. Тоорукка катышууга чакырган кулактандырууда кеминде ушул статьянын 1-пунктунун экинчи, жетинчи, сегизинчи, тогузунчу абзацтарында белгиленген маалыматтар жана сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы сыпаттамасы камтылууга тийиш. [3. Сатып алуучу уюм өткөрүлө турган тендердин тендердик документтери иштелип чыккандан кийин гана тендерди жарыялайт.] |
| 20-статья. Тендердик документтерди берүү 1. Сатып алуучу уюм зарыл документтерди берүү жөнүндөгү суроо-талап алынгандан кийин бир жумадан кечиктирбестен сатып алуулардын негизги жол-жоболорун белгилеген тендердик документтерди жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) жиберет. 2. Чектелген катышуу менен тоорук өткөргөндө адистештирүүнү камтыган тендердик документтер чакыруу кагазы менен бир мезгилде жөнөтүлөт. 3. Квалификациялоонун алдындагы жол-жоболорду өткөргөндө тендердик документтер тандалып алынган бардык жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) жөнөтүлөт. 4. Сатып алуулардын жол-жоболорунун негизги шарттарын камтыган тендердик документтерди бергендиги үчүн сатып алуучу уюм акысы кайтарылбаган төлөм алышы мүмкүн, ал акы документтерди басып чыгарууга жана жөнөтүүгө кеткен чыгымдарды жабуу үчүн зарыл болгон суммадан ашпоого тийиш. | 20-статья. Тендердик документтерди берүү [1. Сатып алуу жол-жоболорунун негизги жоболорун белгилеген тендердик документтерди берүү жөнүндө сатып алуучу уюмга кайрылган кызыкдар адамдарга (жөнөтүүчүлөргө, подрядчиктерге) сатып алуучу уюм алар кайрылуу берген күнү тендердик документтерди берүүгө милдеттүү.] 2. Чектелген катышуу менен тоорук өткөргөндө адистештирүүнү камтыган тендердик документтер чакыруу кагазы менен бир мезгилде жөнөтүлөт. 3. Квалификациялоонун алдындагы жол-жоболорду өткөргөндө тендердик документтер тандалып алынган бардык жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) жөнөтүлөт. 4. Сатып алуулардын жол-жоболорунун негизги шарттарын камтыган тендердик документтерди бергендиги үчүн сатып алуучу уюм акысы кайтарылбаган төлөм алышы мүмкүн, ал акы документтерди басып чыгарууга жана жөнөтүүгө кеткен чыгымдарды жабуу үчүн зарыл болгон суммадан ашпоого тийиш. |
| 21-статья. Тендердик документтердин мазмуну Тендердик документтер милдеттүү түрдө төмөндөгүдөй бөлүмдөрдөн турат: - тендердик табыштамаларды даярдоо боюнча нускамалар; - ушул Мыйзамдын 8-статьясына ылайык квалификациялык талаптарга коюлуучу жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) ылайык келишин баалоонун критерийлери жана усулдары; - өздөрүнүн квалификациялык маалыматтарын тастыктоо үчүн жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) тарабынан берилүүгө тийиш болгон документтик далилдерди же дагы башка маалыматты талап кылуу; - сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн, анын ичинде техникалык атайын маалыматтардын, пландардын, чиймелердин жана эскиздердин сыпаттамасы жана зарыл болгон техникалык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү; товардын саны; келишимге ылайык көрсөтүлүүчү кошумча кызмат көрсөтүүлөр; жумуштар аткарылуучу же кызмат көрсөтүлүүчү жай; - келишимди аткаруунун ойдогудай же талап кылынган мөөнөттөрү; - тендердик табыштамаларды баалоодо сатып алуучу уюм тарабынан пайдаланылуучу баадан тышкары бардык чен-өлчөмдөрдү, анын ичинде акчалай түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш болгон мындай чен-өлчөмдөрдүн салыштырма салмагын жана ушул Мыйзамдын 3-статьясына ылайык берилүүчү жеңилдиктерди сыпаттап жазуу; - сатып алуучу уюм тарабынан зарыл нерсе катары аныкталган, жазуу жүзүндөгү келишимге киргизилүүчү жоболор; - эгерде жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн бир бөлүгүнө гана тендердик табыштамаларды берүү уруксаты берилсе, тендердик табыштамалар берилиши мүмкүн болгон сатып алынуучу товарлардын бир бөлүгүн же бөлүктөрүн сыпаттап жазуу; - тендердик табыштаманын наркын эсептөөнүн жана көрсөтүүнүн ыкмасы, анын ичинде сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн өзүнүн наркынан (ташууга жана камсыздандырууга, бажы алымдарына жана салыктарга жана башкаларга кеткен чыгымдар) башка элементтердин баасын камтышын көрсөтүү; - тендердик табыштамаларды чет өлкөлүк валютада берген учурда чет өлкөлүк валютада көрсөтүлгөн тендердик табыштамалардын бааларын салыштыруу ыкмасы; тендердик табыштаманы жана келишимдин аткарылышын камсыз кылуунун суммасына жана дагы башка негизги шарттарына карата талаптар, ошондой эле мындай кепилдиктерди колдонуу мөөнөтү; - тендердик табыштамаларды берүүнүн такталган орду жана мөөнөттөрү; - жөнөтүүчү (подрядчы) сураган тендердик документтер боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүнүн жол-жоболорунун сыпаттамасы, ошондой эле сатып алуучу уюмдун ушул тапта жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) менен жолугушууга ниеттене тургандыгын билдириши; - тендердик табыштамалар күчүндө болгон мөөнөт; - тендердик табыштамаларды ачуучу жайдын, күнүнүн жана убактысынын так көрсөтүлүшү; - тендердик табыштамаларды ачууда жана кароодо пайдаланылуучу жол-жоболор; - тендердик табыштамаларды даярдоодо колдонулуучу тил же тилдер; - сатып алуучу уюмдун жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) менен түздөн-түз байланыш жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу бир же бир нече кызмат адамынын же кызматчыларынын фамилиясы, ысымы, кызматы жана дареги, ошондой эле байланыш жүргүзүү ыкмалары; - жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) сатып алуу жол-жоболорун жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө сатып алуучу уюмдун тендердик комиссиясы тарабынан жасалган мыйзамсыз иш-аракеттерине же чечимдерине даттануу укугу жөнүндө билдирүүсү; - эгерде сатып алуучу уюмдун тендердик комиссиясы жөнөтүүчүлөрдөн (подрядчылардан) келишимге кол коюну талап кылса, сатып алуулар боюнча келишимдин жалпы шарттары жана келишимдин формасы. 2. Сатып алуучу уюм жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алган учурда сатып алуучу нерсенин сыпаттамасы, сметасы жана жумуштун көлөмүнүн ведомостунан турган документтери болууга тийиш. 3. Мамлекеттик орган өзүнүн актысы менен сатып алуулардын айрым категориялары үчүн ушул документке киргизиле турган кошумча маалыматты аныктай алат. | 21-статья. Тендердик документтердин мазмуну Тендердик документтер милдеттүү түрдө төмөндөгүдөй бөлүмдөрдөн турат: - тендердик табыштамаларды даярдоо боюнча нускамалар; - ушул Мыйзамдын 8-статьясына ылайык квалификациялык талаптарга коюлуучу жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) ылайык келишин баалоонун критерийлери жана усулдары; - өздөрүнүн квалификациялык маалыматтарын тастыктоо үчүн жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) тарабынан берилүүгө тийиш болгон документтик далилдерди же дагы башка маалыматты талап кылуу; - сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн, анын ичинде техникалык атайын маалыматтардын, пландардын, чиймелердин жана эскиздердин сыпаттамасы жана зарыл болгон техникалык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү; товардын саны; келишимге ылайык көрсөтүлүүчү кошумча кызмат көрсөтүүлөр; жумуштар аткарылуучу же кызмат көрсөтүлүүчү жай; - келишимди аткаруунун ойдогудай же талап кылынган мөөнөттөрү; - тендердик табыштамаларды баалоодо сатып алуучу уюм тарабынан пайдаланылуучу баадан тышкары бардык чен-өлчөмдөрдү, анын ичинде акчалай түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш болгон мындай чен-өлчөмдөрдүн салыштырма салмагын жана ушул Мыйзамдын 3-статьясына ылайык берилүүчү жеңилдиктерди сыпаттап жазуу; - сатып алуучу уюм тарабынан зарыл нерсе катары аныкталган, жазуу жүзүндөгү келишимге киргизилүүчү жоболор; - эгерде жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн бир бөлүгүнө гана тендердик табыштамаларды берүү уруксаты берилсе, тендердик табыштамалар берилиши мүмкүн болгон сатып алынуучу товарлардын бир бөлүгүн же бөлүктөрүн сыпаттап жазуу; - тендердик табыштаманын наркын эсептөөнүн жана көрсөтүүнүн ыкмасы, анын ичинде сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн өзүнүн наркынан (ташууга жана камсыздандырууга, бажы алымдарына жана салыктарга жана башкаларга кеткен чыгымдар) башка элементтердин баасын камтышын көрсөтүү; - тендердик табыштамаларды чет өлкөлүк валютада берген учурда чет өлкөлүк валютада көрсөтүлгөн тендердик табыштамалардын бааларын салыштыруу ыкмасы; тендердик табыштаманы жана келишимдин аткарылышын камсыз кылуунун суммасына жана дагы башка негизги шарттарына карата талаптар, ошондой эле мындай кепилдиктерди колдонуу мөөнөтү; - тендердик табыштамаларды берүүнүн такталган орду жана мөөнөттөрү; - жөнөтүүчү (подрядчы) сураган тендердик документтер боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүнүн жол-жоболорунун сыпаттамасы, ошондой эле сатып алуучу уюмдун ушул тапта жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) менен жолугушууга ниеттене тургандыгын билдириши; - тендердик табыштамалар күчүндө болгон мөөнөт; - тендердик табыштамаларды ачуучу жайдын, күнүнүн жана убактысынын так көрсөтүлүшү; - тендердик табыштамаларды ачууда жана кароодо пайдаланылуучу жол-жоболор; - тендердик табыштамаларды даярдоодо колдонулуучу тил же тилдер; - сатып алуучу уюмдун жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) менен түздөн-түз байланыш жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу бир же бир нече кызмат адамынын же кызматчыларынын фамилиясы, ысымы, кызматы жана дареги, ошондой эле байланыш жүргүзүү ыкмалары; - жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) сатып алуу жол-жоболорун жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө сатып алуучу уюмдун тендердик комиссиясы тарабынан жасалган мыйзамсыз иш-аракеттерине же чечимдерине даттануу укугу жөнүндө билдирүүсү; - эгерде сатып алуучу уюмдун тендердик комиссиясы жөнөтүүчүлөрдөн (подрядчылардан) келишимге кол коюну талап кылса, сатып алуулар боюнча келишимдин жалпы шарттары жана келишимдин формасы. 2. Сатып алуучу уюм жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алган учурда сатып алуучу нерсенин сыпаттамасы, сметасы жана жумуштун көлөмүнүн ведомостунан турган документтери болууга тийиш. 3. |
| 23-статья. Тендердик табыштамаларды берүүнүн мөөнөттөрү 1. Сатып алуучу уюм тендердик табыштамаларды берүүнүн так күнүн жана акыркы мөөнөттүн убактысын белгилейт. Тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктагандан кийин алынган тендердик табыштама ачылбайт жана аны берген жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) кайтарып берилет. 2. Сатып алуучу уюм тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтүн белгилейт, ал: чектелбеген катышуу менен тооруктун жол-жоболорун жүзөгө ашырганда тоорук жарыялангандан кийин кеминде 4 жуманы; чектелген катышуу менен тооруктун жол-жоболорун жүзөгө ашырганда тоорукка катышууга чакыруу кагаз жөнөтүлгөн күндөн тартып жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Мамлекеттик сатып алуулардын бюллетенине кулактандыруу жарыялангандан тартып кеминде 3 жуманы түзүүгө тийиш. 3. Тендердик табыштама жазуу жүзүндө жана чапталган конвертте берилет. Тендердик табыштама тендердик документтерде көрсөтүлгөн ар кандай формада альтернативалуу түрдө берилиши мүмкүн, ал табыштаманын кимден келип жатканын так аныктоого мүмкүндүк берет. Суроо-талап боюнча сатып алуучу уюм тендердик табыштаманы алган күндү жана убакытты көрсөтүп женөтүүчүгө (подрядчыга) тил кат берет. 4. Сатып алуучу уюм тендердик документтерге кандайдыр бир түшүндүрмө берген же өзгөртүү киргизген учурларда ал жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) өзүнүн тендердик табыштамаларына киргизилген өзгөртүүлөрдү жана түшүндүрмөлөрдү эске алышы үчүн атайын убакыт берип, тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтүн узарта алат. 5. Чектелбеген катышуу менен тооруктун учурунда сатып алуучу уюм Мамлекеттик орган менен макулдашып, тендердик табыштамаларды берүү мөөнөтүн кыскартууга укуктуу, бирок ал 4 жумадан кем болбойт. (Кыргыз Республикасынын | 23-статья. Тендердик табыштамаларды берүүнүн мөөнөттөрү 1. Сатып алуучу уюм тендердик табыштамаларды берүүнүн так күнүн жана акыркы мөөнөттүн убактысын белгилейт. Тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктагандан кийин алынган тендердик табыштама ачылбайт жана аны берген жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) кайтарып берилет. 2. Сатып алуучу уюм тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтүн белгилейт, ал: [чектелбеген катышуу менен тооруктун жол-жоболорун жүзөгө ашырганда тоорук жарыялангандан кийин кеминде 3 жуманы;] [чектелген катышуу жана ички тооруктар менен тооруктун жол-жоболорун жүзөгө ашырганда тоорукка катышууга чакыруу кагаз жөнөтүлгөн күндөн тартып жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Мамлекеттик сатып алуулардын бюллетенине кулактандыруу жарыялангандан тартып кеминде 2 жуманы түзүүгө тийиш.] 3. Тендердик табыштама жазуу жүзүндө жана чапталган конвертте берилет. Тендердик табыштама тендердик документтерде көрсөтүлгөн ар кандай формада альтернативалуу түрдө берилиши мүмкүн, ал табыштаманын кимден келип жатканын так аныктоого мүмкүндүк берет. [Сатып алуучу уюм тендердик табыштамаларды ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттө кабыл алууга милдеттүү. Тендердик табыштаманы алгандан кийин сатып алуучу уюм жөнөтүүчүлөргө (подрядчиктерге) тендердик табыштаманын алынган күнүн жана мезгилин көрсөтүү менен тил кат берет.] 4. Сатып алуучу уюм тендердик документтерге кандайдыр бир түшүндүрмө берген же өзгөртүү киргизген учурларда ал жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) өзүнүн тендердик табыштамаларына киргизилген өзгөртүүлөрдү жана түшүндүрмөлөрдү эске алышы үчүн атайын убакыт берип, тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтүн узарта алат. 5. Чектелбеген катышуу менен тооруктун учурунда сатып алуучу уюм Мамлекеттик орган менен макулдашып, тендердик табыштамаларды берүү мөөнөтүн кыскартууга укуктуу, бирок ал 4 жумадан кем болбойт. (Кыргыз Республикасынын |
| 25-статья. Тендердик табыштамалардын кепилдигин камсыз кылуу 1. Жөнөтүүчү (подрядчы) тендердик табыштама берилгенде аны менен бирге тендердик табыштаманын кепилдигин камсыз кылууну кошо төгөт, анын өлчөмү сатып алуучу уюмдун тендердик комиссиясы тарабынан аныкталат жана жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) тарабынан тендердик табыштамада сунуш кылынуучу товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын 3 пайызынан ашпоого тийиш. Тендердик табыштаманын кепилдигин камсыз кылууну колдонуу мөөнөтү тендердик табыштаманы колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин кеминде 2 жумадан ашпоого тийиш. 2. Табыштамалардын кепилдигин камсыз кылуу акчалай, облигациялар, банк кепилдиктери түрүндө, ошондой эле сатып алуучу уюмдун уруксаты менен ачык операциялар үчүн кабыл алынган акциялар, көрсөтүүчүгө депозиттик сертификаттар же векселдер түрүндө болушу мүмкүн. Кепилдик жактан камсыз кылуунун айкын формасын сатып алуучу тарап аныктайт. 3. Эң көп чектелген суммадан азыраак сатып алууларда тендердик табыштаманын кепилдик жактан камсыз кылууну төгүүнүн жол-жоболору колдонулбашы мүмкүн. 4. Сатып алуучу уюм төмөндөгүдөй учурларда тендердик табыштаманын кепилдик жактан камсыз кылуусун кайтарып берет: тендердик документтерде көрсөтүлгөн тендердик табыштаманы кепилдик жактан камсыз кылууну колдонуу мөөнөтү бүткөндө; тендердик документтерде көрсөтүлгөн тендердик табыштаманы кепилдик жактан камсыз кылууну колдонуу мөөнөтү бүткөндө; тендердик документтерде мындай кепилдик жактан камсыз кылууну берүү каралса, сатып алуу келишимин түзүү жана бул келишимдин аткарылышынын кепилдигин камсыз кылганда; тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин тендердик табыштама кайра алынганда; сатып алуу жол-жоболору сатып алуу келишими түзүлбөй туруп токтотулганда. тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин тендердик табыштама кайра алынганда; сатып алуу жол-жоболору сатып алуу келишими түзүлбөй туруп токтотулганда. 5. Талапкер тендердик табыштаманы кепилдик жактан камсыз кылууну кайтаруу укугун төмөндөгүдөй учурларда гана жоготот: өзүнүн табыштамасында каралган шарттардагы келишимге кол коюудан баш тартканда; келишимдин аткарылышын кепилдик жактан камсыз кылууну берүүдөн баш тартканда; тендердик табыштаманын талапкери аны ачкандан кийин жана анын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин алып алганда. | 25-статья. Тендердик табыштамалардын кепилдигин камсыз кылуу [1. Жөнөтүүчү (подрядчы) тендердик табыштама берилгенде аны менен бирге тендердик табыштаманын кепилдигин камсыз кылууну кошо төгөт, анын өлчөмү сатып алуучу уюмдун тендердик комиссиясы тарабынан аныкталат жана жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) тарабынан тендердик табыштамада сунуш кылынуучу товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын 2 пайызынан ашпоого тийиш. Тендердик табыштаманын кепилдигин камсыз кылууну колдонуу мөөнөтү тендердик табыштаманы колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин кеминде 2 жумадан ашпоого тийиш.] [1-1. Тендерге катышуу үчүн тендердик табыштаманы кепилдик камсыздоо төмөнкүлөргө кепилдик берүү менен жөнөтүүчүлөр киргизет:] [- табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктагандан кийин тендерге катышуу үчүн өзүнүн табыштамасын кайра албайт, өзгөртпөйт жана (же) толуктабайт;] [- тендердин катышуучусу деп табылган учурда белгиленген мөөнөттө өзүнүн конкурстук баасын сунуш кылат, ал эми кийин бул сунушту кайра албайт;] [- тендердин жеңүүчүсү деп аныкталган учурда тендердик документтерде каралган мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимди түзөт жана мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимдин аткарылышын камсыздоону киргизет.] 2. Табыштамалардын кепилдигин камсыз кылуу акчалай, облигациялар, банк кепилдиктери түрүндө, ошондой эле сатып алуучу уюмдун уруксаты менен ачык операциялар үчүн кабыл алынган акциялар, көрсөтүүчүгө депозиттик сертификаттар же векселдер түрүндө болушу мүмкүн. Кепилдик жактан камсыз кылуунун айкын формасын сатып алуучу тарап аныктайт. 3. Эң көп чектелген суммадан азыраак сатып алууларда тендердик табыштаманын кепилдик жактан камсыз кылууну төгүүнүн жол-жоболору колдонулбашы мүмкүн. 4. Сатып алуучу уюм төмөндөгүдөй учурларда тендердик табыштаманын кепилдик жактан камсыз кылуусун кайтарып берет: тендердик документтерде көрсөтүлгөн тендердик табыштаманы кепилдик жактан камсыз кылууну колдонуу мөөнөтү бүткөндө; тендердик документтерде көрсөтүлгөн тендердик табыштаманы кепилдик жактан камсыз кылууну колдонуу мөөнөтү бүткөндө; тендердик документтерде мындай кепилдик жактан камсыз кылууну берүү каралса, сатып алуу келишимин түзүү жана бул келишимдин аткарылышынын кепилдигин камсыз кылганда; тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин тендердик табыштама кайра алынганда; сатып алуу жол-жоболору сатып алуу келишими түзүлбөй туруп токтотулганда. тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин тендердик табыштама кайра алынганда; сатып алуу жол-жоболору сатып алуу келишими түзүлбөй туруп токтотулганда. 5. Талапкер тендердик табыштаманы кепилдик жактан камсыз кылууну кайтаруу укугун төмөндөгүдөй учурларда гана жоготот: өзүнүн табыштамасында каралган шарттардагы келишимге кол коюудан баш тартканда; келишимдин аткарылышын кепилдик жактан камсыз кылууну берүүдөн баш тартканда; тендердик табыштаманын талапкери аны ачкандан кийин жана анын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин алып алганда. |
| 26-статья. Тендердик табыштамаларды ачуу 1. Тендердик табыштамалар тендердик документтерде көрсөтүлгөн мөөнөттө жана белгиленген жерде ачылат. Тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү узартылган учурда алардын ачылышы тиешелүү күндө жүргүзүлөт. Тендердик табыштамаларды ачуунун мөөнөтү тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө дал келүүгө тийиш. 2. Тендердик табыштамаларды ачкан учурда бардык талапкерлердин же алардын өкүлдөрүнүн катышуусуна уруксат берилет. 3. Табыштамасы ачылган ар бир талапкердин аталышы жана дареги, ошондой эле тендердик табыштаманын баасы, формалары, кепилдик жактан камсыз кылуунун формалары, өлчөмдөрү, салыктар менен камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча бересеси тендердик табыштамаларды ачкан учурда катышкан адамдарга дароо жарыяланат жана тендердик табыштамаларды ачуу протоколуна катталып, протоколдун көчүрмөсү Мамлекеттик органга токтоосуз жөнөтүлөт. 4. Ушул статьянын 3-пунктунда каралган маалыматтар тендердик табыштамаларды ачкан учурда катышпай калган талапкерлерге алардын расмий өтүнүчү боюнча билдирилет. | 26-статья. Тендердик табыштамаларды ачуу 1. Тендердик табыштамалар тендердик документтерде көрсөтүлгөн мөөнөттө жана белгиленген жерде ачылат. Тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү узартылган учурда алардын ачылышы тиешелүү күндө жүргүзүлөт. Тендердик табыштамаларды ачуунун мөөнөтү тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө дал келүүгө тийиш. [2. Сатып алуучу уюм кызыкдар тараптардын катышуусунда тендердик табыштамаларды ачат.] [Тендердик табыштамаларды ачууга бардык каалоочулардын катышуусуна уруксат берилет.] [Катышуучуларга аудиожазууларды жана видеотартууларды жүргүзүүгө уруксат берилет.] [Тендердик комиссиянын жыйынына катышкан адамдар тендердик комиссиянын ишине кийлигишүүгө укуксуз.] [3. Табыштамасы ачылган ар бир талапкердин аталышы жана дареги, ошондой эле тендердик табыштаманын баасы, кепилдик берилген камсыздоонун формасы, өлчөмү, салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча карыздар тендердик табыштамаларды ачууда катышкан адамдарга кечиктирилбестен жарыяланат жана тендердик табыштамаларды ачуунун протоколунда белгиленет, протоколдун көчүрмөсү кечиктирилбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет жана Мамлекеттик сатып алуулардын бюллетенинде жарыяланат.] 4. Ушул статьянын 3-пунктунда каралган маалыматтар тендердик табыштамаларды ачкан учурда катышпай калган талапкерлерге алардын расмий өтүнүчү боюнча билдирилет. |
| 29-статья. Тоорукту токтотуу жана болгон жок деп таануу 1. Эгерде сатып алууларды өткөрүү кырдаалдын күтүлбөгөн жерден олуттуу өзгөрүшүнө байланыштуу мамлекеттин таламдарына дал келбей калса, сатып алуучу уюм тоорукту токтотот. 1-1. Сатып алуучу уюм төмөнкүдөй учурларда тоорукту болгон жок деп тааныйт: бардык арыздар четке кагылганда; тендердик арыздын эң аз баасы сатып алуучу уюм тарабынан сатып алууларды өткөрүүгө бөлүнгөн суммадан ашып кетсе. 2. Тооруктуу токтотуу жөнүндөгү кабарламада сатып алуучу уюм бул негиздемелердин тууралыгынын далилин келтирбестен, тоорукту токтотууга негиз болгон себептерди көрсөтөт. 3. Сатып алуучу уюм бардык талапкерлерге ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн кабарламаларды токтоосуз жиберет. 4. Сатып алуучу уюм табыштамалардын бардыгы четке кагылган учурда талапкерлердин алдында эч кандай жоопкерчилик тартпайт. 5. Ушул статьянын 1-1-пунктуна ылайык тоорук болгон жок деп таанылган учурда сатып алуучу уюм мамлекеттик сатып алуулардын башка усулу менен кайталап тоорук өткөрө алат. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-июлундагы N 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык) | 29-статья. Тоорукту токтотуу жана болгон жок деп таануу 1. Эгерде сатып алууларды өткөрүү кырдаалдын күтүлбөгөн жерден олуттуу өзгөрүшүнө байланыштуу мамлекеттин таламдарына дал келбей калса, сатып алуучу уюм тоорукту токтотот. 1-1. Сатып алуучу уюм төмөнкүдөй учурларда тоорукту болгон жок деп тааныйт: бардык арыздар четке кагылганда; [аудитордун корутундусунун негизинде;] тендердик арыздын эң аз баасы сатып алуучу уюм тарабынан сатып алууларды өткөрүүгө бөлүнгөн суммадан ашып кетсе. 2. Тооруктуу токтотуу жөнүндөгү кабарламада сатып алуучу уюм бул негиздемелердин тууралыгынын далилин келтирбестен, тоорукту токтотууга негиз болгон себептерди көрсөтөт. 3. Сатып алуучу уюм бардык талапкерлерге ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн кабарламаларды токтоосуз жиберет. 4. Сатып алуучу уюм табыштамалардын бардыгы четке кагылган учурда талапкерлердин алдында эч кандай жоопкерчилик тартпайт. 5. Ушул статьянын 1-1-пунктуна ылайык тоорук болгон жок деп таанылган учурда сатып алуучу уюм мамлекеттик сатып алуулардын башка усулу менен кайталап тоорук өткөрө алат. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-июлундагы N 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык) |
| 30-статья. Тандап алуулардын натыйжалары жөнүндө кабарлама 1. Тендердик табыштаманы жеңип чыккан катары таануу жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү кабарлама аны берген жөнөтүүчүгө (подрядчыга) тандап алуу өткөргөндөн кийин 3 күндүн ичинде жөнөтүлөт. 2. Сатып алуучу уюм жеңип чыккан талапкердин аталышын жана турган жерин жана ал тарабынан берилген табыштаманын баасын көрсөтүү менен өткөрүлгөн тандап алуу жөнүндө башка талапкерлерге 3 күндүк мөөнөттө кулактандыруу жарыялоо жолу менен билдирет. 3. Тоорук жөнүндөгү кулактандыруу Мамлекеттик сатып алуулардын бюллетенинде жарыяланган учурда ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн кабарлама ушул Бюллетенде жарыяланат. | 30-статья. Тандап алуулардын натыйжалары жөнүндө кабарлама 1. Тендердик табыштаманы жеңип чыккан катары таануу жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү кабарлама аны берген жөнөтүүчүгө (подрядчыга) тандап алуу өткөргөндөн кийин 3 [жумушчу] күндүн ичинде жөнөтүлөт. 2. Сатып алуучу уюм жеңип чыккан талапкердин аталышын жана турган жерин жана ал тарабынан берилген табыштаманын баасын көрсөтүү менен өткөрүлгөн тандап алуу жөнүндө башка талапкерлерге [3 жумушчу күндүн ичинде] кулактандыруу жарыялоо жолу менен билдирет. 3. Тоорук жөнүндөгү кулактандыруу Мамлекеттик сатып алуулардын бюллетенинде жарыяланган учурда ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн кабарлама ушул Бюллетенде жарыяланат. |
| 5-глава Мамлекеттик сатып алуулардын башка жол-жоболору 37-статья. Котировкаларды суратуу жол-жоболору 1. Ар бир жөнөтүүчүгө бир гана баа котировкасын берүүгө уруксат берилет жана аны өзгөртүүгө уруксат берилбейт. Баа котировкасы жагынан сатып алуучу уюм менен жөнөтүүчүнүн ортосунда эч кандай сүйлөшүүлөр жүргүзүлбөйт. 2. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишим сатып алуучу уюм тарабынан сатып алуучу уюмдун талаптарын канааттандырган эң төмөнкү баадагы котировканы берген жөнөтүүчү менен түзүлөт. 3. Котировкаларды суратуу усулу менен сатып алууларды өткөргөн учурда сатып алуучу уюм Мамлекеттик сатып алуулардын Бюллетенине кулактандыруу жарыялайт, котировкаларды берүү мөөнөтү кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып бир жумадан кем болбоого тийиш. | 5-глава Мамлекеттик сатып алуулардын башка жол-жоболору |
| [37-1-статья. Электрондук сатып алуулар жана электрондук кайтарылуучу аукцион 1. Мамлекеттик электрондук сатып алуулар - бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте реалдуу мезгилдин режиминде товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну камсыз кылган, маалыматтык системаларды жана электрондук маалыматтык ресурстарды колдонуу менен жүргүзүлүүчү мамлекеттик сатып алуулар. 2. Электрондук кайтарылуучу аукцион - бул мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосу, мында сатып алуучу уюм өзгөчөлүгү олуттуу мааниге ээ болбогон товарларды сатып алат, бул сатып алууда товардын баасы чечүүчү шарт болуп эсептелет. 3. Сатып алуучу уюм өзү төлөй турган баштапкы бааны белгилейт, ал эми жөнөтүүчүлөр өздөрүнүн сунуштарын бааны ырааттуу төмөндөтүү менен беришет. 4. Кайтарылуучу аукциондун жеңүүчүсү болуп заказды аткаргандыгы үчүн абдан төмөн наркты сунуш кылган аукционер эсептелет. 5. Эгерде абдан төмөн бааны бир нече жөнөтүүчүлөр сунуш кылса, анда сунушту башка жөнөтүүчүлөрдөн мурда берген жөнөтүүчү жеңүүчү деп табылат. 6. Электрондук кайтарылууучу аукцион жолу менен мамлекеттик сатып алуу реалдуу мезгилдин режиминде жана максималдуу чектүү суммадан аз суммада товарларды сатып алууну камсыз кылган электрондук соода системасы аркылуу жүргүзүлөт.] | |
| 38-статья. Бир жерден сатып алуулар жана аларды колдонуу шарттары 1. Бир жерден сатып алуулар - бул мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосу, бул учурда сатып алуучу уюм бир гана жөнөтүүчү (подрядчы) менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин сатып алуулар жөнүндө келишимге кол коет. 2. Сатып алуучу уюм Мамлекеттик орган менен макулдашып, бир жерден сатып алууларды өткөрүү жөнүндө чечимди төмөндөгүдөй учурларда гана кабыл алышы мүмкүн: эгерде ал келишим түзүлгөндөн кийин 6 айдын ичинде мурдагы сатып алынгандардын наркынын 15 пайызынан ашпаган кошумча тапшырыктарды жүзөгө ашырса жана мурдагы ченемдерди, чен-өлчөмдөрдү жана стандарттарды сактаса; изилдөөлөрдү, эксперименттерди өткөргөн же илимий корутундуну даярдаган учурда келишимге кол коюлганда; эгерде аталган товарлар, жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр кайсы бир айкын жөнөтүүчүдө (подрядчыда) гана болсо же кайсы бир жөнөтүүчү (подрядчы) ошол товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө карата өзгөчө укуктарга ээ болсо; сатып алуучу уюм чыгармачылык долбоорду же искусство жана маданият жаатындагы чыгармачылык ишти жүзөгө ашыруу үчүн сатып алууларды жасаса; сатып алуучу уюм алдын ала билбеген жагдайларга байланыштуу сатып алууларды шашылыш өткөрүү зарылчылыгы туулган учурда. | 38-статья. Бир жерден сатып алуулар жана аларды колдонуу шарттары 1. Бир жерден сатып алуулар - бул мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосу, бул учурда сатып алуучу уюм бир гана жөнөтүүчү (подрядчы) менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин сатып алуулар жөнүндө келишимге кол коет. [2. Сатып алуучу уюм ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлап, төмөнкү учурларда бир булактан алууну өз алдынча жүргүзүүгө укуктуу:] [- нормалар, параметрлер жана стандарттар боюнча мурдагы сатып алуунун наркынын 10 процентинен ашпаган кошумча заказдарды келишим түзүлгөн учурдан баштап 6 айдын ичинде бергенде;] [- максималдуу чектүү суммадан ашпаган суммага изилдөөлөрдү, эксперименттерди өткөрүүгө же илимий корутундуларды даярдаганда:] [- минималдуу чектүү суммага чейин жыл бою чыгымдардын ар бир беренеси боюнча товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алганда;] [- жазык-түзөтүү системасынын (пенитенционардык) мекемелеринин ишканаларынан товарларды сатып алганда;] [- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ички жөнөтүүчүлөрдүн тизмесине ылайык товарларды сатып алганда;] [- искусство же маданият жаатындагы чыгармачылык долбоорду же чыгармачылык ишти аткаруу үчүн сатып алууларды жүргүзгөндө;] [- Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө дарылоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле аларды жеткирүү жана коштоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алганда;] [- командировкалык чыгымдарды жүргүзүү менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алганда;] [- тез арада калыбына келтирүүнү талап кылган, форс-мажордук кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алганда;] [- антимонополиялык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган белгилеген баалар боюнча табигый монополиянын субъекттеринен товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алганда;] [- дипломатиялык протоколду камсыз кылуу менен байланышкан сатып алууну жүргүзгөндө;] [- күн сайын колдонулуучу товарларды сатып алуунун шашылыш зарылдыгы пайда болгондо. Сатып алуучу уюм күтүүсүз жагдайларга байланыштуу бир булактан алуу методу менен сатып алуу жүргүзүүгө укуктуу, мында сатып алуучу уюм аталган жагдайлар пайда болгон учурдан баштап бир айдын ичинде тендерди милдеттүү түрдө өткөрөт.] [3. Сатып алуучу уюм күтүүсүз жагдайларга байланыштуу сатып алуунун шашылыш зарылдыгы пайда болгон учурда бир булактан сатып алууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жүргүзө алат.] |
| 6-глава Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар 49-статья. Сунуштарга баа берүү: сапатты жана наркты эсепке алуу 1. Сунуштарга баа берүү эки этап менен жүргүзүлөт: адегенде финансылык сунуштарды кароого мүмкүндүк берилбестен, техникалык сунуштарга, андан кийин финансылык сунуштарга баа берилет. 2. Техникалык сунуштарга баа берилгенден кийин сатып алуучу уюм ушул Мыйзамдын 26-статьясына ылайык финансылык сунуштарды көпчүлүктүн алдында ачат; баа берүү сунуш берүүгө чакыруу кагазынын жоболоруна ылайык өткөрүлүүгө тийиш. | 49-статья. Сунуштарга баа берүү: сапатты жана наркты эсепке алуу 1. Сунуштарга баа берүү эки этап менен жүргүзүлөт: адегенде финансылык сунуштарды кароого мүмкүндүк берилбестен, техникалык сунуштарга, андан кийин финансылык сунуштарга баа берилет. 2. Техникалык сунуштарга баа берилгенден кийин сатып алуучу уюм ушул Мыйзамдын 26-статьясына ылайык финансылык сунуштарды кызыкдар тараптардын [катышуусунда] ачат: баа берүү сунуш берүүгө чакыруу кагазынын жоболоруна ылайык өткөрүлүүгө тийиш. |
| 51-статья. Наркка баа берүү 1. Сапатка баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча сатып алуучу уюм сунуштары төмөнкү өтүүчү баллды ала албаган же квалификациялык талаптарга, ошондой эле сунуш берүүгө чакыруу кагазында көрсөтүлгөн техникалык тапшырманын негизги талаптарына жооп бербеген консультанттардын финансылык сунуштарын ачпастан кайтарып берет. 2. Бир эле мезгилде сатып алуучу уюм сунуштары төмөнкү өтүүчү баллды алган консультанттарга кабарлама жиберип, финансылык сунуштарды ачууну белгилеген күндү жана убакытты көрсөтөт, сунуштарды берүү мөөнөтү кабарлама жиберилген күндөн тартып кеминде 2 жумадан кем болбоого тийиш. 3. Финансылык сунуштар белгиленген мөөнөттө жана сатып алуучу уюмдун чакыруу кагазында көрсөтүлгөн жерде сунуштардын ачылышына келүүнү каалаган консультанттардын өкүлдөрүнүн катышуусунда көпчүлүктүн алдында ачылат. 4. Консультанттын аты-жөнү жана дареги, сапат үчүн берилген баллы жана тендердик табыштаманын баасы окулат жана финансылык сунуштарды ачуу протоколуна киргизилет; протоколдун көчүрмөсү дароо Мамлекеттик органга жөнөтүлөт. 5. Сатып алуучу уюм финансылык сунуштардын толуктугун жана арифметикалык каталары жоктугуна текшерүү жүргүзөт, ошондой эле сунуштарды өз ара салыштыруу үчүн алардын наркы сунуш берүүгө чакыруу кагазында көрсөтүлгөн бирдиктүү валютага которулат. Баа берүү максатында нарктан жергиликтүү салыктар алып салынат. | 51-статья. Наркка баа берүү 1. Сапатка баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча сатып алуучу уюм сунуштары төмөнкү өтүүчү баллды ала албаган же квалификациялык талаптарга, ошондой эле сунуш берүүгө чакыруу кагазында көрсөтүлгөн техникалык тапшырманын негизги талаптарына жооп бербеген консультанттардын финансылык сунуштарын ачпастан кайтарып берет. 2. Бир эле мезгилде сатып алуучу уюм сунуштары төмөнкү өтүүчү баллды алган консультанттарга кабарлама жиберип, финансылык сунуштарды ачууну белгилеген күндү жана убакытты көрсөтөт, сунуштарды берүү мөөнөтү кабарлама жиберилген күндөн тартып кеминде 2 жумадан кем болбоого тийиш. 3. Финансылык сунуштар белгиленген мөөнөттө жана сатып алуучу уюмдун чакыруу кагазында көрсөтүлгөн жерде сунуштардын ачылышына келүүнү каалаган консультанттардын өкүлдөрүнүн катышуусунда көпчүлүктүн алдында ачылат. 4. Консультанттын аты-жөнү жана дареги, сапат үчүн берилген баллы жана тендердик табыштаманын баасы окулат жана финансылык сунуштарды ачуу протоколуна киргизилет; протоколдун көчүрмөсү [маалымат жана отчет үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга дароо] жөнөтүлөт. 5. Сатып алуучу уюм финансылык сунуштардын толуктугун жана арифметикалык каталары жоктугуна текшерүү жүргүзөт, ошондой эле сунуштарды өз ара салыштыруу үчүн алардын наркы сунуш берүүгө чакыруу кагазында көрсөтүлгөн бирдиктүү валютага которулат. Баа берүү максатында нарктан жергиликтүү салыктар алып салынат. |
| 8-глава Мамлекеттик сатып алуулардын келишимдери 58-статья. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишим 1. Мамлекеттик сатып алуулардын келишими ага тараптар кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет. 2. Келишим түзгөн жөнөтүүчүнүн (подрядчынын) аталышы жана дареги жана баасы көрсөтүлгөн келишим түзүлгөндүгү тууралу кабарлама ал түзүлгөн күндөн кийин 3 күндүн ичинде сатып алуулардын жол-жоболоруна катышкан бардык жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) берилет. 3. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү келишимдерге Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин, ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актылары колдонулат. 4. Мамлекеттик сатып алуулардын келишими жазуу жүзүндө түзүлөт. Тараптар ага кол койгондон кийин үч күндүн ичинде келишимдин наркы тууралу маалымат Мамлекеттик органга берилет. 5. Эң аз чектелген суммадан төмөн нарктадагы товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алган учурда сатып алуучу уюм тарабынан жумшалган чыгымдарды (төлөм тапшырмалары, эмгек макулдашуулары, сатып алынган товарлар жөнүндөгү актылар ж.б.) тастыктаган документтер сатып алуучу уюмда сакталат жана Мамлекеттик органга анын талабы боюнча берилет. | 8-глава Мамлекеттик сатып алуулардын келишимдери 58-статья. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишим [1. Мамлекеттик сатып алуулардын келишими ага тараптар кол койгон күндөн баштап күчүнө кирет, буга мамлекеттик бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин келишимдери кирбейт, бюджеттик мекемелердин келишимдери (контракттары) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен нускамага ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган күндөн баштап келишим түзүлдү деп эсептелет.] 2. Келишим түзгөн жөнөтүүчүнүн (подрядчынын) аталышы жана дареги жана баасы көрсөтүлгөн келишим түзүлгөндүгү тууралу кабарлама ал түзүлгөн күндөн кийин 3 күндүн ичинде сатып алуулардын жол-жоболоруна катышкан бардык жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) берилет. 3. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү келишимдерге Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин, ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актылары колдонулат. 4. Мамлекеттик сатып алуулардын келишими жазуу жүзүндө түзүлөт. Тараптар ага кол койгондон кийин үч күндүн ичинде келишимдин наркы тууралу маалымат [ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга органга] берилет. 5. Эң аз чектелген суммадан төмөн нарктадагы товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алган учурда сатып алуучу уюм тарабынан жумшалган чыгымдарды (төлөм тапшырмалары, эмгек макулдашуулары, сатып алынган товарлар жөнүндөгү актылар ж.б.) тастыктаган документтер сатып алуучу уюмда сакталат жана [ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга] анын талабы боюнча берилет. [6. Сатып алуучу уюм мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишим түзүлгөн күндөн кийин беш жумушчу күндүн ичинде төмөнкү маалыматтарды камтыган маалыматты Мамлекеттик сатып алуулар бюллетенинин сайтында жайгаштырууга тийиш;] [- жөнөтүүчүнүн (подрядчиктин) аталышы жана юридикалык дареги;] [- өткөрүү күнү;] [- сатып алынган товар жөнүндө маалымат (товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн параметрлери, тизмеси, комплектациясы, өзгөчөлүгү жана башка талаптар);] [- товардын бирдиги үчүн баа;] [- сатып алуулардын жалпы суммасы.] |
| 59-статья. Келишимди аткаруу үчүн кепилдик жактан камсыз кылуу 1. Сатып алуучу уюм жөнөтүүчүдөн (подрядчыдан) келишимди кепилдик жактан камсыз кылууну талап кылышы мүмкүн. 2. Ушул статьянын 1-пунктунда белгиленген кепилдик жактан камсыз кылуу накталай акчалай каражаттар, казыналык облигациялар, банк кепилдиктери, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар жана сатып алуучу уюмдун уруксаты менен - бүтүмдөрдү жасоого жарактуу акциялар, көрсөтүүгө берилген депозиттик сертификаттар, векселдер жана кепилдиктер, жеке адамдар же юридикалык жактар тарабынан берилген күрөөлүк камсыз кылуулар түрүндө берилиши мүмкүн. Кепилдик жактан камсыз кылуу келишимде каралган айып акылардын эки эселенген өлчөмүнөн ашпоого же сатып алуулардын наркынын 10 пайызынан жогору болбоого тийиш. | 59-статья. Келишимди аткаруу үчүн кепилдик жактан камсыз кылуу 1. Сатып алуучу уюм жөнөтүүчүдөн (подрядчыдан) келишимди кепилдик жактан камсыз кылууну талап кылышы мүмкүн. 2. Ушул статьянын 1-пунктунда белгиленген кепилдик жактан камсыз кылуу накталай акчалай каражаттар, казыналык облигациялар, банк кепилдиктери, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар жана сатып алуучу уюмдун уруксаты менен - бүтүмдөрдү жасоого жарактуу акциялар, көрсөтүүгө берилген депозиттик сертификаттар, векселдер жана кепилдиктер, жеке адамдар же юридикалык жактар тарабынан берилген күрөөлүк камсыз кылуулар түрүндө берилиши мүмкүн. Кепилдик жактан камсыз кылуу келишимде каралган айып акылардын эки эселенген өлчөмүнөн ашпоого же сатып алуулардын наркынын 10 пайызынан жогору болбоого тийиш. [Кепилдик камсыздоо келишим боюнча милдеттенмелер аткарылган күндөн кийин үч жумушчу күндүн ичинде жөнөтүүчүгө кайтарылат.] |
| 60-статья. Келишимдин шарттарын өзгөртүүгө тыюу салуу 1. Жөнөтүүчүнү (подрядчыны) тандап алууга негиз болгон, тендердик табыштаманын мазмунун өзгөртүп жибере турган, кол коюлган келишимдин ар кандай пунктун өзгөртүүгө, кол коюлган келишимге жаңы шарттарды киргизүүгө тыюу салынат. 2. Келишимди түзгөн учурда алдын ала көрүүгө мүмкүн болбогон жана ушул статьянын 1-пунктун өзгөртө турган өз ара макулдашылган өзгөртүүлөрдү киргизүү жараксыз деп эсептелинет. 3. Мамлекеттик орган ушул статьянын 1-пунктуна ылайык сотко кайрыла жана өзгөртүүлөрдүн мыйзамсыздыгы тууралу билдире алат. | 60-статья. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө түзүлгөн келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн негиздери [1. Эгерде мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимди аткаруунун жүрүшүндө сатып алынуучу товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө болгон баа төмөндөсө, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө түзүлгөн келишимдин товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон бааны, демек тиешелүү түрдө келишимдин суммасын төмөндөтүүнүн бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тараптардын өз ара макулдугу боюнча жол берилет, бирок жөнөтүүчүнү (подрядчикти) тандоо үчүн негиз болуп эсептелген сапаттар жана башка шарттар өзгөрбөшү керек.] [2. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө түзүлгөн келишимге кандайдыр бир параметрлери боюнча келишимдин (ушул жөнөтүүчүнү тандоо үчүн негиз болуп эсептелген) шарттарын начарлатуучу өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.] |
| 61-статья. Келишимди бузуу 1. Тараптар келишимди түзгөн учурда негиз кылып алган жагдайлардын олуттуу өзгөрүшү келип чыкканда жана келишимдин аткарылышына көмөк көрсөтүүчү жагдайлар коомдук таламдарга кайчы келгенде, аларды келишим түзүп жаткан учурда алдын ала билүүгө мүмкүн болбосо, сатып алуучу уюм ушундай жагдайлар белгилүү болгондон кийин бир айдын ичинде келишимди буза алат. 2. Эгерде келишим ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн ушундай жагдайлардан улам бузулган болсо, тараптардын сарпталган чыгашаларынын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. | 61-статья. Келишимди бузуу [1. Келишимди түзүүдө тараптар негиз кылган жагдайлар олуттуу өзгөрүп, мындай өзгөрүүлөрдүн болушун келишим түзүү учурунда көрө билүүгө мүмкүн эмес болгондо, ошол эле учурда келишимди аткаруу мамлекеттик кызыкчылыктарга карама-каршы келсе, мындай жагдайлар жөнүндө белгилүү болгон учурдан кийин эки жуманын ичинде сатып алуучу тарап келишимди токтот.] [Бул норма мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө түзүлгөн келишимде чагылдырылууга тийиш.] |
| 62-статья. Келишим боюнча дооматтар 1. Эгерде мамлекеттик сатып алуулардын келишимин аткарууга байланыштуу карама-каршылык келип чыкса, жөнөтүүчү (подрядчы) өз талаптарын сатып алуучу тарапка даректөө менен ал карама-каршылыктарды чече алат. 2. Сатып алуучу уюм жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) тарабынан коюлган дооматтарды кароого жана доомат коюлгандан кийин 21 күндүн ичинде жазуу жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү. 3. Эгерде сатып алуучу уюм дооматты четке какса, же ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн убакыттагы мезгилдин ичинде жооп бербесе, жөнөтүүчү (подрядчы) Бейтарап сотко, эгерде келишимде бейтарап сот тууралу каралса, же жалпы юрисдикциядагы сотко кайрылууга укуктуу. | 62-статья. Келишим боюнча дооматтар 1. Эгерде мамлекеттик сатып алуулардын келишимин аткарууга байланыштуу карама-каршылык келип чыкса, жөнөтүүчү (подрядчы) өз талаптарын сатып алуучу тарапка даректөө менен ал карама-каршылыктарды чече алат. [2. Сатып алуучу уюм жөнөтүүчүлөргө (подрядчиктерге) коюлган дооматтарды кароого жана доомат берилген күндөн баштап 10 календардык күндүн ичинде жазуу жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү.] 3. Эгерде сатып алуучу уюм дооматты четке какса, же ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн убакыттагы мезгилдин ичинде жооп бербесе, жөнөтүүчү (подрядчы) Бейтарап сотко, эгерде келишимде бейтарап сот тууралу каралса, же жалпы юрисдикциядагы сотко кайрылууга укуктуу. |
| 9-глава Каршылык билдирүүлөр жана даттануулар 64-статья. Сатып алуучу уюмдун иш-аракеттери 1. Сатып алуулар жөнүндөгү келишимге кол коюлганга чейин жөнөтүүчү (подрядчы) себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү даттанууну сатып алуучу уюмга берүүгө укуктуу. 2. Даттануу берүү үчүн негиз болгон жагдайлар жөнүндө жөнөтүүчү (подрядчы) билген күндөн же билүүгө тийиш болгон күндөн тартып 10 күндүн ичинде даттануу берилиши мүмкүн. 3. Сатып алуучу уюм даттанууну ал берилген күндөн тартып 7 күндүн ичинде карайт. 4. Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча сатып алуучу уюм жазуу жүзүндө чечим чыгарат, анда мына булар көрсөтүлүүгө тийиш: - чечим кабыл алуунун себептеринин негиздемеси; - даттануу толук же жарым-жартылай канааттандырылганда баяндалган талаптарды канааттандырууга багытталган чаралар. 5. Эгерде ушул статьянын 3-пунктунда белгиленген мөөнөттө сатып алуучу уюм тарабынан чечим чыгарылбаса, же болбосо жөнөтүүчү (подрядчы) кабыл алынган чечимге канааттанбаса, ал ушул Мыйзамдын 65 же 67-статьяларына ылайык Мамлекеттик органга, андан кийин жалпы юрисдикциядагы сотко кайрылууга укуктуу. Мындай даттануу берилген учурдан тартып талаш-тартышты кароо сатып алуучу уюмдун компетенциясына кирбей калат. 6. Эгерде ушул Мыйзамдын 65 же 67-статьяларына ылайык териштирүү башталбаса, сатып алуучу уюмдун чечими акыркы чечим болуп эсептелет. | 9-глава Каршылык билдирүүлөр жана даттануулар 64-статья. Сатып алуучу уюмдун иш-аракеттери 1. Сатып алуулар жөнүндөгү келишимге кол коюлганга чейин жөнөтүүчү (подрядчы) себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү даттанууну сатып алуучу уюмга берүүгө укуктуу. 2. Даттануу берүү үчүн негиз болгон жагдайлар жөнүндө жөнөтүүчү (подрядчы) билген күндөн же билүүгө тийиш болгон күндөн тартып 10 күндүн ичинде даттануу берилиши мүмкүн. 3. Сатып алуучу уюм даттанууну ал берилген күндөн тартып 7 [жумушчу] күндүн ичинде карайт. 4. Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча сатып алуучу уюм жазуу жүзүндө чечим чыгарат, анда мына булар көрсөтүлүүгө тийиш: - чечим кабыл алуунун себептеринин негиздемеси; - даттануу толук же жарым-жартылай канааттандырылганда баяндалган талаптарды канааттандырууга багытталган чаралар. 5. Эгерде ушул статьянын 3-пунктунда белгиленген мөөнөттө сатып алуучу уюм тарабынан чечим чыгарылбаса, же болбосо жөнөтүүчү (подрядчы) кабыл алынган чечимге канааттанбаса, ал ушул Мыйзамдын 65 же 67-статьяларына ылайык Мамлекеттик органга, андан кийин жалпы юрисдикциядагы сотко кайрылууга укуктуу. Мындай даттануу берилген учурдан тартып талаш-тартышты кароо сатып алуучу уюмдун компетенциясына кирбей калат. 6. Эгерде ушул Мыйзамдын 65 же 67-статьяларына ылайык териштирүү башталбаса, сатып алуучу уюмдун чечими акыркы чечим болуп эсептелет. |
| 65-статья. Сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу Мамлекеттик органда даттанууну кароонун жол-жобосу 1. Эгерде жөнөтүүчүнүн (подрядчынын) даттануусу четке кагылбаса, Мамлекеттик орган укуктук коргонуунун төмөндөгүдөй каражаттарынын бирин же бир нечесин берүүгө укуктуу: сатып алуучу уюм тарабынан мыйзамсыз аракеттерди жасоого же мыйзамсыз чечимдерди кабыл алууга же мыйзамсыз жол-жоболорду колдонууга тыюу салат; сатып алуучу уюмдун мыйзамсыз чечимин толук же жарым-жартылай жокко чыгарат; сатып алуучу уюмдун тооруктун жол-жоболорунун шарттарын бузган мыйзамсыз чечимин жокко чыгарат; даттануу берген жөнөтүүчү (подрядчы) тарабынан тартылган чыгымдардын ордун толтурууну сатып алуучу уюмга милдеттендирет, мындай чыгымдарга сатып алуучу уюм тарабынан мыйзамсыз аракеттердин же чечимдердин натыйжасында, ал тарабынан мыйзамсыз жол-жобону пайдалануунун натыйжасында алынбай калган киреше (колдон чыгарылган пайда) киргизилбейт; сатып алуу жол-жоболорун токтотуу жөнүндө чечим чыгарат. 2. Мамлекеттик орган 10 күндүн ичинде даттануу боюнча жазуу жүзүндө жүйөлүү чечим чыгарат. Чечимде булар камтылат; - чечим кабыл алуунун жүйөлөрүнүн негиздемеси; - даттануу толук же жарым-жартылай канааттандырылган учурда баяндалган талаптарды канааттандырууга багытталган чаралар. 3. Эгерде чечимге ушул Мыйзамдын 67-статьясына ылайык сот тартибинде даттанылбаса, ал акыркы чечим болуп эсептелет. 4. Мамлекеттик орган даттанууну алгандыгы тууралу сатып алуучу уюмга токтоосуз билдирет. 5. Эгерде даттануу аны берген жөнөтүүчү (подрядчы) даттануу берүү үчүн негиз болгон жагдайлар жөнүндө билген же билүүгө тийиш болгон учурдан тартып 15 күн өткөндөн кийин, ошондой эле сатып алуулар жөнүндө келишим түзүлгөндөн кийин берилсе даттануу каралбайт. Мындай учурда даттануу ушул Мыйзамдын 67-статьясына ылайык жүзөгө ашырылат. | 65-статья. Сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу Мамлекеттик органда даттанууну кароонун жол-жобосу 1. Эгерде жөнөтүүчүнүн (подрядчынын) даттануусу четке кагылбаса, Мамлекеттик орган укуктук коргонуунун төмөндөгүдөй каражаттарынын бирин же бир нечесин берүүгө укуктуу: сатып алуучу уюм тарабынан мыйзамсыз аракеттерди жасоого же мыйзамсыз чечимдерди кабыл алууга же мыйзамсыз жол-жоболорду колдонууга тыюу салат; сатып алуучу уюмдун мыйзамсыз чечимин толук же жарым-жартылай жокко чыгарат; сатып алуучу уюмдун тооруктун жол-жоболорунун шарттарын бузган мыйзамсыз чечимин жокко чыгарат; даттануу берген жөнөтүүчү (подрядчы) тарабынан тартылган чыгымдардын ордун толтурууну сатып алуучу уюмга милдеттендирет, мындай чыгымдарга сатып алуучу уюм тарабынан мыйзамсыз аракеттердин же чечимдердин натыйжасында, ал тарабынан мыйзамсыз жол-жобону пайдалануунун натыйжасында алынбай калган киреше (колдон чыгарылган пайда) киргизилбейт; сатып алуу жол-жоболорун токтотуу жөнүндө чечим чыгарат. [2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 7 жумушчу күндүн ичинде даттануу боюнча жазуу жүзүндө жүйөлүү чечим чыгарат жана аны кызыкдар тараптарга жиберет. Чечим төмөнкүлөрдү камтыйт:] - чечим кабыл алуунун жүйөлөрүнүн негиздемеси; - даттануу толук же жарым-жартылай канааттандырылган учурда баяндалган талаптарды канааттандырууга багытталган чаралар. 3. Эгерде чечимге ушул Мыйзамдын 67-статьясына ылайык сот тартибинде даттанылбаса, ал акыркы чечим болуп эсептелет. 4. [Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган] даттанууну алгандыгы туурал сатып алуучу уюмга токтоосуз билдирет. 5. Эгерде даттануу аны берген жөнөтүүчү (подрядчы) даттануу берүү үчүн негиз болгон жагдайлар жөнүндө билген же билүүгө тийиш болгон учурдан тартып 15 күн өткөндөн кийин, ошондой эле сатып алуулар жөнүндө келишим түзүлгөндөн кийин берилсе даттануу каралбайт. Мындай учурда даттануу ушул Мыйзамдын 67-статьясына ылайык жүзөгө ашырылат. |
| 65-1-статья. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик Сатып алуучу уюмдардын жетекчилери жана тендердик комиссиялардын төрагалары ушул Мыйзамдын жоболорун бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартышат. | |
| 66-статья. Сатып алуу жол-жоболорун токтото туруу 1. Даттануу негиздүү болуп эсептелсе жана жол-жоболор токтотула турбаса жөнөтүүчү (подрядчы) зыян тарта тургандыгын ырастаган шартта даттануу ушул Мыйзамдын 63-65-статьяларына ылайык өз убагында берилсе, сатып алуу жол-жоболору 10 күнгө чейинки мөөнөткө токтотула турат; эгерде токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алуу сатып алуучу уюмга жана башка жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) олуттуу зыян келтирбесе. 2. Эгерде келишим түзүлсө, ушул Мыйзамдын 67-статьясына ылайык аталган даттануу ушул статьянын 1-пунктунда каралган талаптарга ылайык келген шартта, Мамлекеттик орган бул келишимдин аткарылышын 10 календардык күнгө чейинки мөөнөткө токтото турат. 3. Мамлекеттик орган даттануу жол-жоболору аяктаганга чейин, токтото туруунун жалпы мөөнөтү 30 күндөн ашпаган шартта даттануу берген же доо козгогон жөнөтүүчүнүн (подрядчынын) укуктарын камсыз кылуу максатында ушул статьянын 1-2-пункттарында каралган токтото туруу мөөнөтүн узартууга укуктуу. 5. Сатып алуулардын жол-жоболорун улантуу талабынын негиздемесин камтыган сатып алуучу уюмдун арызы сатып алуулардын жол-жоболору жөнүндөгү протоколго тиркелет жана сот тартибинде гана даттанылышы мүмкүн. 6. Ушул статьяга ылайык сатып алуучу уюм тарабынан кабыл алынган жана аны кабыл алуунун негиздерин камтыган ар кандай чечим сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколуна тиркелет. | 66-статья. Сатып алуу жол-жоболорун токтото туруу 1. Даттануу негиздүү болуп эсептелсе жана жол-жоболор токтотула турбаса жөнөтүүчү (подрядчы) зыян тарта тургандыгын ырастаган шартта даттануу ушул Мыйзамдын 63-65-статьяларына ылайык өз убагында берилсе, сатып алуу жол-жоболору 10 күнгө чейинки мөөнөткө токтотула турат; эгерде токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алуу сатып алуучу уюмга жана башка жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) олуттуу зыян келтирбесе. 2. Эгерде келишим түзүлсө, ушул Мыйзамдын 67-статьясына ылайык аталган даттануу ушул статьянын 1-пунктунда каралган талаптарга ылайык келген шартта, [ыйгарым укуктуу мамлекеттик] орган бул келишимдин аткарылышын 10 календардык күнгө чейинки мөөнөткө токтото турат. 3. [Ыйгарым укуктуу мамлекеттик] орган даттануу жол-жоболору аяктаганга чейин, токтото туруунун жалпы мөөнөтү 30 күндөн ашпаган шартта даттануу берген же доо козгогон жөнөтүүчүнүн (подрядчынын) укуктарын камсыз кылуу максатында ушул статьянын 1-2-пункттарында каралган токтото туруу мөөнөтүн узартууга укуктуу. 5. Сатып алуулардын жол-жоболорун улантуу талабынын негиздемесин камтыган сатып алуучу уюмдун арызы сатып алуулардын жол-жоболору жөнүндөгү протоколго тиркелет жана сот тартибинде гана даттанылышы мүмкүн. 6. Ушул статьяга ылайык сатып алуучу уюм тарабынан кабыл алынган жана аны кабыл алуунун негиздерин камтыган ар кандай чечим сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколуна тиркелет. |
| 67-статья. Сот тартибинде даттануу Сатып алуу жол-жоболорун жүзөгө ашырган учурда жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) менен сатып алуучу уюмдун ортосундагы талаштар, ошондой эле сатып алуучу уюмдун жана Мамлекеттик органдын ушул Мыйзамдын 63-65-статьяларына ылайык кабыл алынган чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жалпы юрисдикциядагы сотко даттанылат. Ушул статьянын жоболору жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) ушул Мыйзамга ылайык пикир келишпөөчүлүктөрүн алдын ала чечпей туруп сотко кайрылуу укугуна чек койгон катары каралышы мүмкүн эмес. | 67-статья. Сот тартибинде даттануу Сатып алуу жол-жоболорун жүзөгө ашырган учурда жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) менен сатып алуучу уюмдун ортосундагы талаштар, ошондой эле сатып алуучу уюмдун жана [ыйгарым укуктуу мамлекеттик] органдын ушул Мыйзамдын 63-65-статьяларына ылайык кабыл алынган чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жалпы юрисдикциядагы сотко даттанылат. Ушул статьянын жоболору жөнөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) ушул Мыйзамга ылайык пикир келишпөөчүлүктөрүн алдын ала чечпей туруп сотко кайрылуу укугуна чек койгон катары каралышы мүмкүн эмес. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 9-июнундагы № 539-V "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 09.06.2011 · № 539-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 9-июнундагы № 540-V "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 09.06.2011 · № 540-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 9-июнундагы № 541-V "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 09.06.2011 · № 541-V
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.