64-статья. Баланын ысымын жана фамилиясын өзгөртүү
Күчүндө · 17.07.2025 редакциясы · 12-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 июля 2016 года № 132
1. Ата-энесинин экөөнүн тең же алардын биринин фамилиясы өзгөртүлгөндө жашы жетпеген балдардын фамилиясы өзгөртүлөт.
Ата-эненин биргелешкен өтүнүчү боюнча бала он алты жашка толгонго чейин жарандык абалдын актыларын жазуу органы баланын кызыкчылыктарын эске алып, баланын фамилиясын, ысымын жана атасынын атын өзгөртүүнү жүргүзөт. Аны дайынсыз жоголгон деп табуу, аны ата-энелик укуктарынан ажыратуу, аны аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимин берүүдө ата-эненин пикирин эске алуу милдеттүү эмес.
2. Нике токтотулган учурда же нике жараксыз деп табылганда балдар төрөлгөндө алган фамилияларын сактап калышат.
3. (КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 132 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Эгерде бала өзара никеде турбаган адамдардан төрөлсө, аталыгы мыйзам түрүндө аныкталбаса, жарандык абалдын актыларын жазуу органы баланын кызыкчылыгын көздөп, фамилиясын берүү өтүнүчү менен кайрылган энесинин фамилиясына өзгөртүп алышына уруксат берүүгө укуктуу.
5. Он жашка толгон баланын ысымы жана (же) фамилиясы анын өзүнүн макулдугу менен гана өзгөртүлүшү мүмкүн.
(КР 2005-жылдын 20-июнундагы № 80, 2011-жылдын 4-майындагы № 20, 2016-жылдын 23-июлундагы № 132 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 17.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
64-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 23 июля 2016 года № 132 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "Об актах гражданского состояния", Семейный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 4 мая 2011 года № 20 "О внесении изменений в Семейный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 июня 2005 года №80 "О внесении изменений и дополнений в Семейный кодекс Кыргызской Республики "Редакцияларды салыштыруу
23.07.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…баланын фамилиясын, ысымын жана атасынын атын өзгөртүүнү жүргүзөт. кошулду: Аны дайынсыз жоголгон деп табуу, аны ата-энелик укуктарынан ажыратуу, аны аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимин берүүдө ата-эненин пикирин эске алуу милдеттүү эмес.
2. Нике токтотулган учурда же нике жараксыз деп табылганда балдар төрөлгөндө алган фамилияларын сактап калышат.
3. алынып салынды: Эгерде ата-эне эки бөлөк жашаса, бала менен бирге турган ата-эненин бирөөсү ага өз фамилиясын бергиси келсе, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөр бул маселени баланын кызыкчылыгына жана ата-эненин пикирин эсепке алуу менен чечет. Эгерде ата-эненин турган жерин аныктоо мүмкүн болбосо, ал ата-энелик укуктарынан ажыратылса, аракетке жөндөмсүз деп табылса, ошондой эле жүйөлүү себепсиз баланы тарбиялоодон жана багуудан баш тартса, анын пикири милдеттүү болбойт.
кошулду: (КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 132 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Эгерде бала өзара никеде турбаган адамдардан төрөлсө, аталыгы … мүмкүн.
(КР 2005-жылдын 20-июнундагы № 80, 2011-жылдын 4-майындагы № алынып салынды: 20 кошулду: 20, 2016-жылдын 23-июлундагы № 132 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Жарандык абалдын актылары жөнүндөЗакон · 01.08.2020 · № 110
- Постановление Правительства КР от 10 декабря 2003 года № 766 "О заключении Правительства Кыргызской Республики на проект Закона Кыргызской Республики "Об актах гражданского…Постановление · 10.12.2003 · № 766 · Күчүн жоготкон
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1327/st-64" title="64-статья - Үйбүлө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>