Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 4-майы № 20
Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 64-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацындагы "үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм баланын кызыкчылыктарын эске алып, баланын ысымын өзгөртүүгө, ошондой эле ыйгарылган фамилияны башка ата-эненин фамилиясына которууга уруксат бергенге укуктуу" деген сөздөр "жарандык абалдын актыларын жазуу органы баланын кызыкчылыктарын эске алып, баланын фамилиясын, ысымын жана атасынын атын өзгөртүүнү жүргүзөт" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 129-статьянын 4-пунктунда:
биринчи абзацтагы "же жарандыгы жок адамдардын" деген сөздөр алынып салынсын; экинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерде туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга же балдардын тууганы болуп саналбаган жарандыгы жок адамдарга" деген сөздөр "Балдардын тууганы болуп саналбаган Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерде туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 130-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерде туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга балдарды асырап алууга берүүнүн тартиби, ошондой эле бала асырап алуучулардын үй-бүлөлөрүндө балдардын жашоо жана тарбиялануу шарттарын контролдоону жүзөгө ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
4. 131-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
5. 132-статьянын 2-пунктунда:
биринчи абзацтагы "же өз ара жардамдашуу принцибинин негизинде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган" деген сөздөргө алмаштырылсын; экинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин" деген сөздөр "тышкы иштер чөйрөсүндөгү жана балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 172-статьяда:
статьянын бүткүл тексти боюнча "же жарандыгы жок адамдар" деген сөздөр алынып салынсын; 1-пункттагы:
- биринчи абзацтагы "асырап алуучулардын биринин же ишенимдүү адамдын катышуусу менен" деген сөздөр "асырап алуучулардын экөөнүн же бирөөнүн, ошондой эле прокурордун катышуусу менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзацтагы "бала асырап алуу жаатындагы мамлекеттер аралык кызматташтык жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Үйбүлө кодексиКодекс · 30.08.2003 · № 201
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №771 "1993-жылдын 29-майында Гаага шаарында кабыл алынган Балдарды коргоо жана чет эл аралык асыроо жагында кызматташуу жөнүндө…Постановление · 30.12.2011 · № 771
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2012-жылдын 25-майындагы № 316 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 771 "1993-жылдын 29-майында Гаага шаарында кабыл…Постановление · 25.05.2012 · № 316
Шилтеме берет (1)
- Үйбүлө кодексиКодекс · 30.08.2003 · № 201