Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР « Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу» Мыйзамы
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 20-июну № 80
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
тууралу
2005-жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине (Кыргыз Респуб-
ликасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй
өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте никеге
туруу гана нике деп таанылат.".
2. 12-статьянын 1-пунктунун үчүнчү абзацындагы "жана башка өзгөчө
жагдайларда" деген сөздөр алып салынсын.
3. 14-статьянын 2-пунктундагы "чыккандарга" деген сөз "чыккан аял-
дарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 36-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацы алып салынсын.
5. 43-статьядагы ", никеге туруп жаткандагы" деген сөздөр алып са-
лынсын.
6. 51-статьянын 1-пунктундагы "дагы башка далилдердин негизинде"
деген сөздөр "соттун чечими менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 57-статьянын экинчи абзацы алып салынсын.
8. 64-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацы "экөөнүн тењ" деген
сөздөрдөн кийин "же алардын биринин" деген сөздөр менен толукталсын.
9. 67-статьянын 3-пунктундагы "он төрт" деген сан "он алты" деген
сан менен алмаштырылсын.
10. 118-статьянын 5-пунктундагы "жарандык-процесстик мыйзамдарда"
деген сөздөр "аткаруу өндүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
11. 132-статьяда:
2-пункттун экинчи абзацындагы "жана маданият" деген сөздөр "берүү"
деген сөз менен алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Асырап алууну ишеним кат боюнча жазып каттоону жол-жоболошту-
рууга жол берилбейт. .
12. 133-статьянын 1-пунктунун сегизинчи жана онунчу абзацтарындагы
"асырап алууну" деген сөздөр "асырап алуу" деген сөздөр, "учурда" деген
сөз "учурунда" деген сөз менен алмаштырылсын жана "белгилеп жаткан" де-
ген сөздөр алып салынсын.
2-статья.Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
милдетин аткаруучу К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Үйбүлө кодексиКодекс · 30.08.2003 · № 201
- Yч-Коргон айыл кеңешинин 2014-жылдын 8-августундагы № 12/8 "Эркектер жана аялдар Yчун нике курагын бир жылдан ашырбастан тѳмѳндѳтγγ укукгу жѳнγндѳ" токтомуПостановление · 08.08.2014 · № 12/8
Шилтеме берет (1)
- Үйбүлө кодексиКодекс · 30.08.2003 · № 201