35-статья. Кызматкерге жеңилдиктерди берүү
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 января 2023 года № 20
Кызматкерлердин кызматтык маяналары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкери жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын каражаттарынан жогорку окуу жайын бүткөндөн кийин кызматка дайындалган учурда чарбачылык жүргүзүү үчүн 3 жылга чейинки мөөнөткө 10го чейинки акчалай айлык акы өлчөмүндө пайызсыз ссуда түрүндө төлөм алууга укуктуу. (Үчүнчү бөлүк КР 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген пенсиялык кепилдиктер менен камсыз кылынуу укугуна ээ. (Бешинчи бөлүк КР 2023-жылдын 31-январындагы №20 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Укук коргоо органдарында, прокуратура органдарында, юстицияда, соттордо, жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мамлекеттик кызматчы жазык-аткаруу тутумунун кызматкери катары иштеген иши жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерине пенсия дайындоо үчүн кызмат өтөө стажысынын жана иштеген жылдарынын эсебине толук бойдон киргизилет. Пенсияга чыгуу укугу менен жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринен жана органдарынан бошотулган, 20 жана андан көп иштеген жылдары бар (жеңилдик иретинде эсептегенде), ошондой эле алардын үйбүлө мүчөлөрү аскердик-врачтык комиссиянын корутундусу боюнча санатордук-курорттук жана ден соолук чыңдоочу мекемелерге дарыланууга жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын каражаттарынын эсебинен акысыз барып-келүүгө (жылына бир жолу) укугу бар. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын бардык аймагында шаардын, шаар четиндеги жана жергиликтүү каттамдагы коомдук транспорттун бардык түрүнө (таксиден тышкары), ошондой эле айыл жерлеринде ушул Мыйзамга ылайык өтүп бараткан транспортто акысыз жүрө алышат. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерине кызмат өтөөнүн чектик жашына чыккандыгы, ден-соолугунун абалы, штаттардын кыскартылышы, пенсияга укугу бар адамдын жеке өтүнүчү боюнча бошотулганда жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө бир жолу берилүүчү жөлөк пул төлөнөт. Кызмат өтөө мезгилинде мамлекеттик сыйлык алган жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерине бир жолку төлөнүүчү жөлөкпулдун өлчөмү 2 акчалай айлык акынын өлчөмүнө көбөйтүлөт. (КР 2010-жылдын 10-февралындагы № 27, 2016-жылдын 6-апрелиндеги № 36, 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
35-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 января 2023 года № 20 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 апреля 2016 года № 36 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О прохождении службы рядовым и начальствующим составом органов и учреждений уголовно-исполнительной системы Кыргызской Республики", "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 10 февраля 2010 года № 27 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
31.01.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…берүү
Кызматкерлердин кызматтык маяналары Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Жазык-аткаруу тутумунун кызматкери … айлык акы өлчөмүндө пайызсыз ссуда түрүндө төлөм алууга укуктуу.
алынып салынды: Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин соттолгондор, камакта кармалган адамдар менен иштөөчү жумушчуларына жана кызматчыларына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген иштердин жана кесиптердин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына кошулду: (Үчүнчү бөлүк КР 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамына ылайык алынып салынды: пенсия чектелет.
кошулду: күчүн жоготту)
Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери аскер кызматкерлерин пенсия … белгиленген пенсиялык кепилдиктер менен камсыз кылынуу укугуна ээ.
алынып салынды: Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерине пенсия дайындоо үчүн иштеген жылдарын жеңилдик иретинде эсептөө белгиленет: эки күндүк кызмат өтөө - үч күн, ал эми жугуштуу оорулууларды багуу жана дарылоого арналган мекемелерде - бир күндүк кызмат өтөө алардын мурдагы белгиленген жеңилдиктерин сактоо менен эки күн катары эсептелет.
кошулду: (Бешинчи бөлүк КР 2023-жылдын 31-январындагы №20 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Укук коргоо органдарында, прокуратура органдарында, юстицияда, … бардык түрүнө (таксиден тышкары), ошондой эле айыл жерлеринде алынып салынды: Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте кошулду: ушул Мыйзамга ылайык өтүп бараткан транспортто акысыз жүрө алышат.
Жазык-аткаруу тутумунун … мамлекеттик органынын каражаттарынан Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө бир жолу берилүүчү … 2010-жылдын 10-февралындагы № 27, 2016-жылдын 6-апрелиндеги № алынып салынды: 36 кошулду: 36, 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (6)
- Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын катарындагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун…Положение · 13.01.1995 · № 12
- Постановление Правительства КР от 8 июля 2004 года № 515 "Об утверждении списка работ и профессий рабочих и служащих учреждений уголовно-исполнительной системы, занятых на…Постановление · 08.07.2004 · № 515
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июлундагы № 398 "Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 1992-жылдын 16-январындагы № 14 "Республиканын жарандарынын айрым категорияларына жалпы…Постановление · 03.07.2013 · № 398
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-апрелиндеги №215 ""Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын,Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын, финансылык полиция, атайын байланыш, жазык-аткаруу…Постановление · 06.04.2009 · № 215
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы №498 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 16-январындагы № 14 "Республиканын граждандарынын айрым категорияларына жалпы…Постановление · 05.08.2009 · № 498
- Постановление Правительства КР от 13 июля 2004 года № 528 " О внесении изменений и дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 13 января 1995 года № 12 "Об…Постановление · 13.07.2004 · № 528
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1323/st-35" title="35-статья - Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>