34-статья. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерин турак-жай аянты менен камсыз кылуу
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 января 2023 года № 20
34-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 34-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
(Биринчи бөлүк КР 2023-жылдын 31-январындагы №20 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Жазык-аткаруу тутуму Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте түзүлүүчү ведомстволук турак жай фондусуна ээ болушу мүмкүн. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеңилдик шарттарында жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерине турак жайды жеке менчикке анын 50 пайыздык наркы менен сата алышат. Жазык-аткаруу тутумунун органдары колдо бар каражаттардын эсебинен өз кызматкерлери үчүн турак жайды алууга укугу бар. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерине жана кызматтан жашы, денсоолугунун абалы, штаттардын кыскаргандыгы боюнча бошотулган жана 20 календардык жылдан кем эмес иштеген жылдары үчүн, ошондой эле жазык-аткаруу тутумунун кызматтык ишин жүзөгө ашырышына байланыштуу курман болгон же өлгөн кызматкерлеринин үйбүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик жана ведомстволук турак жай фондусунан өздөрү ээлеген турак жайлар менчигине бекер өткөрүп берилет. Кызмат ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу курман болгон (өлгөн) жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин үйбүлө мүчөлөрү кызматта иштеген жана жашап турган мөөнөтүнө карабастан башка турак жай берилмейинче кызматтык турак жайдан чыгарылууга тийиш эмес. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерине жеке, кооперативдик турак жай жана дача курулушу үчүн пайызсыз же жандырылуучу ссудалары мыйзамда белгиленген тартипте берилет. (8-бөлүк КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (9-бөлүк КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Кызмат өтөп жаткан, ошондой эле запаска же отставкага чыккан полковник жана андан жогорку наамдагы офицердик курамдагы адамдарга колдонулуп жаткан мыйзамдарда белгиленген өлчөмдө кошумча турак жай аянты берилет. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкери кызматтык ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу курман болгон (өлгөн) учурда курман болгон (кайтыш болгон) адамдын үйбүлөсүнө зарылчылыкка жараша турак жай аянтын кезексиз берүү же турак жай шарттарын жакшыртуу укугу берилет. Жазык-аткаруу тутумунда кеминде 15 жыл кызмат өтөгөн жазык-аткаруу тутумунун кызматкери запаска же отставкага чыгарылгандан кийин жеңилдиктер менен турак жайды сатып алуу жана турак жайга акы төлөө укугу сакталат. Туруктуу жашоочу турак жайы болбогон же турак жай шарттарын жакшыртуу үчүн турак жай-курулуш (турак жай) кооперативдерине кирген же турак жай мыйзамдарында каралган ченемдер боюнча жеке курулуш жүргүзгөн кызматкерлерге кызмат өтөгөн жери боюнча жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын каражаттарынын эсебинен бекер каржылоо жардамы берилет:
- жалпы узактыгы 10 жылдан 25 жылга чейин кызмат өтөгөндөргө - 75 пайыздан кем эмес, ал эми жалпы узактыгы 25 жыл же андан узак кызмат өтөгөндөргө - турак жай-курулуш (турак жай) кооперативдерине тиешелүү турак жайдын наркынын 100 пайызы же жеке үй курууга алынган банк кредити. Бул жеңилдик чектелген жашка чыккандыгына жана денсоолугунун абалына же уюштуруу-штаттык иш-чараларга байланыштуу кызматтан бошотулган жарандар үчүн да сакталат.
Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринен жана органдарынан бошотулган жарандардын макулдугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аларга турак жай куруу же сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган өлчөмдөрдө каражат берилиши мүмкүн. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
34-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 января 2023 года № 20 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об органах и учреждениях уголовно-исполнительной (пенитенциарной) системы", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 декабря 2009 года № 319 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
31.01.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тутумунун кызматкерлерин турак-жай аянты менен камсыз кылуу
алынып салынды: Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлери мыйзамдарда белгиленген ченемдер боюнча үч жыл ичинде жергиликтүү бийлик органдары тарабынан берилүүчү өзүнчө квартира же үй түрүндөгү турак жай аянтын алуу укугуна ээ. Белгиленген мөөнөттө турак жай аянты берилгенге чейин алар жатакана менен камсыз кылынат, болбосо убактылуу турак жайды жалдагандыгы (жалдап алгандыгы) үчүн турак жайды жалдоо (жалдаганга берүү) келишиминде эскертилген, бирок жалдоочунун кызмат акысынан ашпаган өлчөмдө, жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын каражаттарынын эсебинен акчалай компенсация төлөнүп берилет.
кошулду: (Биринчи бөлүк КР 2023-жылдын 31-январындагы №20 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Жазык-аткаруу тутуму Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети белгилеген тартипте түзүлүүчү ведомстволук турак жай фондусуна ээ … аларга турак жай куруу же сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети аныктаган өлчөмдөрдө каражат берилиши мүмкүн.
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № алынып салынды: 319 кошулду: 319, 2023-жылдын 31-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 247 "Аскер кызматчыларына, ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар, жазык-аткаруу системасынын…Постановление · 22.05.2018 · № 247 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 247 токтомуПостановление · 22.05.2018 · № 247
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-ноябрындагы № 624 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 247 "Аскер кызматчыларына, ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө…Постановление · 22.11.2019 · № 624 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөЗакон · 30.12.2009 · № 319
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө", "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана…Закон · 31.01.2023 · № 20
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1323/st-34" title="34-статья - Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>