Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 16-январындагы № 14 „Республиканын граждандарынын айрым категорияларына жалпы пайдалануудагы жүргүнчүлөр транспортунда жүрүүгө берилген жеңилдиктерди алып салуу жөнүндө“ токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 5-августу № 498 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 16-январындагы № 14 "Республиканын граждандарынын айрым категорияларына жалпы пайдалануудагы жүргүнчүлөр транспортунда жүрүүгө берилген жеңилдиктерди алып салуу жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу системасынын органдары менен мекемелеринин кызматкерлерин социалдык жактан коргоо жана "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесинде белгиленген жеңилдиктерди берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 16-январындагы №14 "Республиканын граждандарынын айрым категорияларына жалпы пайдалануудагы жүргүнчүлөр транспортунда жүрүүгө берилген жеңилдиктерди алып салуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 2-пункттун экинчи абзацы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жазык-аткаруу системасынын органдары менен мекемелеринин кызматкерлерине карата," деген сөздөр менен толукталсын;
- аталган токтомдун тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу системасынын органдары менен мекемелеринин кызматкерлери
Шаардык жүргүнчүлөр транспортунун бардык түрлөрүндө(таксиден башка) жана айыл жериндеги автомобиль транспортунда
Дайыма
".
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте жүргүнчүлөр билеттерин сатып алуу жолу менен жазык-аткаруу системасынын кызматкерлеринин жеңилдиктүү жүрүүсүн камсыз кылуу механизмин иштеп чыксын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Постановление Кабинета Министров РК от 16 января 1992 года №14 "Об отмене льгот на проезд в пассажирском транспорте общего пользования отдельными категориями граждан республики"Постановление · 16.01.1992 · № 14
- Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндөЗакон · 12.08.2003 · № 197