Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын,Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын, финансылык полиция, атайын байланыш, жазык-аткаруу системасынын органдарынын, баңгизаттарды контролдоо органдарынын катардагы жана жетекчи курамдагы кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө кызмат өтөгөн жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие чектөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 6-апрели № 215 "Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын,Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын, финансылык полиция, атайын байланыш, жазык-аткаруу системасынын органдарынын, баңгизаттарды контролдоо органдарынын катардагы жана жетекчи курамдагы кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө кызмат өтөгөн жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие чектөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдарынын кызматкерлерин жана медициналык персоналдарын социалдык коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын, финансылык полиция, атайын байланыш, жазык-аткаруу системасынын органдарынын, баңгизаттарды контролдоо органдарынын катардагы жана жетекчи курамдагы кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө кызмат өтөгөн жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие чектөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 токтому менен бекитилген Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын, финансылык полиция, атайын байланыш, жазык-аткаруу системасынын органдарынын, баңгизаттарды контролдоо органдарынын катардагы жана жетекчи курамдагы кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө кызмат өтөгөн жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие чектөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобонун 1-пунктуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- он үчүнчү жана он жетинчи абзацтары "ички иштер органдарына" деген сөздөрдөн кийин "жана жазык-аткаруу тутумдарына" деген сөздөр менен толукталсын;
- он алтынчы абзац "ички иштер органдарынын," деген сөздөрдөн кийин ", жазык-аткаруу тутумдарынын" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы N 12 "Аскер кызматкерлерине, прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу…Постановление · 13.01.1995 · № 12
- Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндөЗакон · 12.08.2003 · № 197