Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 11 декабря 2025 № 803 "Об утверждении Положения о Едином реестре правонарушений"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-12-11.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 803 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 21-декабры № 603 Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-октябрындагы № 540 токтомунун редакциясына ылайык, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 132) Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 40 жана 41-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Бузуулардын бирдиктүү реестринин ээси (кармоочусу) болуп аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 132 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү чараларды көрүшсүн;
- ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдарды тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүргүзүшсүн.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 132 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Жогоруда аталган Жобону ишке ашыруу үчүн зарыл болгон журналдарды, эсепке алуу китептерин жана башка бланктык продукцияны даярдоо ушул токтомдун 3-пунктунда аталган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) тарабынан ишке ашырылары белгиленсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 132 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (8)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 803 "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 11.12.2025 · № 803
- Байтик айылдык кеңешинин 2023-жылдын 1-июнундагы № 39-п "Байтик айыл аймагындагы тартип бузууларды текшерүү комиссиясын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.06.2023 · № 39-п
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 2020-жылдын 11-февралындагы №41 "Шайлоо комиссияларынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо тартиби…Постановление · 11.02.2020 · № 41 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-декабрындагы № 603 токтомуна "Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО"Положение · 21.12.2018 · № 603 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 токтомуПостановление · 18.03.2020 · № 168
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 544 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-декабрындагы № 603 "Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону…Постановление · 11.11.2020 · № 544 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-октябрындагы № 540 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-декабрындагы № 603 "Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону…Постановление · 14.10.2019 · № 540 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 132 ""Бузуулардын бирликтүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасын колдонууга байланышкан маселелер боюнча…Постановление · 13.08.2021 · № 132 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 803 "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 11.12.2025 · № 803
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 132 ""Бузуулардын бирликтүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасын колдонууга байланышкан маселелер боюнча…Постановление · 13.08.2021 · № 132 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салыктык башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.03.2020 · № 168
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон