Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «»Бузуулардын бирликтүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасын колдонууга байланышкан маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 11 декабря 2025 № 803 "Об утверждении Положения о Едином реестре правонарушений"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-12-11.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 803 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 13-августу № 132 "Бузуулардын бирликтүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасын колдонууга байланышкан маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-беренесин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 "2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги "Бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасын (мындан ары - "ББР" АМС) мүлкү, аталган системаны күтүүгө жана андан ары ишке киргизүүгө каралган финансы ресурстары менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына "ББР" АМСин өзүнүн карамагына кабыл алуу жана аны андан ары эксплуатациялоо жана жүргүзүү үчүн зарыл болгон чараларды көрүү сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы жөнүндө жободо:
- 12-пунктунун сегизинчи абзацы жана 13-пунктунун жыйырма бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-декабрындагы № 603 "Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Бузуулардын бирдиктүү реестринин ээси (кармоочусу) болуп аныкталсын."; 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын; 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн."; аталган токтом менен бекитилген Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пунктунун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- статистиканы түзүү, прокурордук көзөмөлдү жана бузуулар жөнүндө иштерди эсепке алуу боюнча бирдиктүү контролду жүргүзүү;";
- 6-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ББРди түзүү, жүргүзүү жана колдонуу боюнча ченемдик документтерди иштеп чыгуу, бекитүү жана өркүндөтүү;";
- 22-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
"51-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "51. ББР менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин ортосунда маалымат алмашуу тартиби автоматташтырылган маалыматтык системалардын ээси тарабынан белгиленет.";
- мамлекеттик тилдеги текстинин 77-пунктундагы "катышуучусу" деген сөз "ээси" деген сөз менен алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү сунушталсын.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 20-августундагы № 89 жарыяланды
Төрага
У.А. Марипов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 803 "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 11.12.2025 · № 803
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-декабрындагы № 603 токтомуна "Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО"Положение · 21.12.2018 · № 603 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.06.2016 · № 336 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-декабрындагы № 603 "Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 21.12.2018 · № 603 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- КР Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы ПЖ № 221 "2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.10.2018 · № 221
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" контитуциялык МыйзамыКонституционный Закон · 10.09.2021 · № 114
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 803 "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 11.12.2025 · № 803
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.06.2016 · № 336 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-декабрындагы № 603 "Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 21.12.2018 · № 603 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 "Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө"…Постановление · 18.08.2021 · № 146
- Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндөЗакон · 17.07.2009 · № 224 · Күчүн жоготкон