Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 599 „Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы „Унаа“ мамлекеттик мекемеси жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 1 июня 2021 года № 17 "О вопросах Министерства цифрового развития Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-06-01.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 9-октябры № 532 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 599 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Транспорт каражаттарын каттоону тартипке салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 599 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаменти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси деп өзгөртүп аталсын.";
- 7-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:
- 1-пунктунун биринчи абзацындагы "мамлекеттик орган" деген сөздөр "мекеме" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. "Унаа" ММнын уюштуруучулук-укуктук формасы - мекеме. "Унаа" ММ өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.";
- 12-пунктунун "г" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 29-октябрындагы N 90 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июну № 17 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.06.2021 · № 17
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 599 токтомуна "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик…Положение · 20.12.2018 · № 599 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 599 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси…Постановление · 20.12.2018 · № 599 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июну № 17 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.06.2021 · № 17
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон