12-статья. Кыргыз Республикасынын экс-президентинин кол тийбестиги
Күчүндө · 24.04.2026 редакциясы
Кыргыз Республикасынын экс-президенти ушул статьяда белгиленген чектерде кол тийбестикке ээ. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жоопкерчилигине тартылышы, ошондой эле буга байланыштуу кармалууга, камакка алынууга, тинтүүгө, суракка алынууга же болбосо жеке текшерүүгө дуушар кылынышы мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын экс-президентинин кол тийбестиги ал ээлеген турак жана кызматтык жайларга, ал пайдаланган транспорт каражаттарына, байланыш каражаттарына, ага таандык болгон архивдерге, башка мүлккө, документтерге, жүктөргө жана анын кат-кабарларына жайылтылат. Кыргыз Республикасынын экс-президенти Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусунан ажыратылгандан кийин жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткаруу мезгилинде Кыргыз Республикасынын экс-президентинин аракеттеринде кылмыш белгилери болгону жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун корутундусу менен бышыкталган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан коюлган өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы жөнүндө айыптоонун негизинде гана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусунан ажыратылышы мүмкүн. Аны статусунан ажыратуу үчүн Кыргыз Республикасынын экс-президентине каршы күнөө коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринин кем эмесинин демилгеси боюнча жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын корутундусу болгондо гана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү менен кабыл алынышы керек. Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусунан ажыратуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими Кыргыз Республикасынын экс-президентине каршы күнөө коюлгандан кийин үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынышы керек. Эгерде бул мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими кабыл алынбаса, коюлган күнөө четке кагылган болуп эсептелет. (КР 2019-жылдын 15-майындагы N 61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 27-июнундагы № 3193-VI "А.Ш. Атамбаевди Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусунан ажыратуу жөнүндө" токтомуПостановление · 27.06.2019 · № 3193-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 13-июнундагы № 3122-VI "Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш. Атамбаевге каршы анын статусунан ажыратуу үчүн күнөө коюу маселеси боюнча…Постановление · 13.06.2019 · № 3122-VI
- КР ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН 2019-жылдын 20-июнундагы N 3138-VI "Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевге каршы аны статустан ажыратуу үчүн күнөө коюу жөнүндө" токтомуПостановление · 20.06.2019 · № 3138-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 13-июнундагы № 3122-VI "Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевге каршы анын статусунан ажыратуу үчүн күнөө коюу маселеси боюнча…Постановление · 13.06.2019 · № 3122-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 24-октябрындагы №12-р "Нурбек Айтыевич Касымбековдун, Асель Союзбековна Кодуранованын, Ирина Юрьевна…Решение · 24.10.2019 · № 12-р
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1278/st-12" title="12-статья - Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>