Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «А.Ш. Атамбаевди Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусунан ажыратуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 27-июну № 3193-VI
А.Ш. Атамбаевди Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусунан ажыратуу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш. Атамбаевди статусунан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 20-июнундагы № 3138-VI токтомунун жана Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш. Атамбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде жасаган аракеттеринде кылмыш белгилеринин бар экендиги тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Ө.А. Жамшитовдун 2019-жылдын 24-июнундагы корутундусунун негизинде “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 4 жана 6-бөлүктөрүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш. Атамбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде жасаган аракеттеринде кылмыш белгилеринин бар экендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Ө.А. Жамшитовдун корутундусу эске алынсын.
2. А.Ш. Атамбаев Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусунан ажыратылсын.
3. Ушул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна жиберилсин.
Төрага
Д.А. Джумабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндөЗакон · 18.07.2003 · № 152
- КР ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН 2019-жылдын 20-июнундагы N 3138-VI "Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевге каршы аны статустан ажыратуу үчүн күнөө коюу жөнүндө" токтомуПостановление · 20.06.2019 · № 3138-VI