Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН «Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевге каршы аны статустан ажыратуу үчүн күнөө коюу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 20-июну № 3138-VI Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевге каршы аны статустан ажыратуу үчүн күнөө коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевге каршы аны статустан ажыратуу үчүн күнөө коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын демилгесин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 13-июнундагы № 3122-VI токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу атайын комиссиясынын корутундусун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 13-июнундагы № 3122-VI токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу атайын комиссиясынын (мындан ары - убактылуу атайын комиссия) корутундусу эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын демилгеси колдоого алынсын жана убактылуу атайын комиссиянын корутундусун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевге каршы аны статустан ажыратуу үчүн өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы боюнча күнөө коюлсун.
3. Ушул токтомдун жана убактылуу атайын комиссиянын корутундусунун көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевдин ал Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттеринде кылмыштын белгилери бар экендиги жөнүндө корутунду алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна жиберилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору ушул токтомду, убактылуу атайын комиссиянын корутундусун карап чыксын жана өзүнүн корутундусун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Д. Джумабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 27-июнундагы № 3193-VI "А.Ш. Атамбаевди Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусунан ажыратуу жөнүндө" токтомуПостановление · 27.06.2019 · № 3193-VI
Шилтеме берет (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 13-июнундагы № 3122-VI "Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш. Атамбаевге каршы анын статусунан ажыратуу үчүн күнөө коюу маселеси боюнча…Постановление · 13.06.2019 · № 3122-VI
- Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндөЗакон · 18.07.2003 · № 152