Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Ж.Рыспаев демилгелеген „Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 13 декабря 2023 года № 675 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-13.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 17-сентябры № 426 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Ж.Рыспаев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Ж.Рыспаев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри
М. Абылгазиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 426 токтому менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Ж.Рыспаев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Ж.Рыспаев демилгелеген, потенциалдуу коромжулуктарды жана зыяндарды жабуу үчүн кепилдик фонду тарабынан резервдерге жумшалган жылдык кирешелердин жыйынды суммасын эсептен чыгарууну караган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй корутунду чыгарат. Ушул Мыйзамдын долбооруна карата негиздеме-маалыматка ылайык мыйзам долбоору "Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кепилдиктерди берүү боюнча потенциалдуу коромжулуктарды жана; зыяндарды жабуу резервдерин түзүү жаатында кепилдик фонддоруна кош салык салуудан качуу максатында иштелип чыккан. Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү белгилейт:
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине сунушталган толуктоо пайдага салык салына турган салык боюнча базанын азайышына алып келбейт, анткени 2017-жылы Кыргыз Республикасында бюджеттин каражаттарынын эсебинен бир гана кепилдик фонду түзүлгөн, ал 519 млн. сом кепилдиктин бөлүп берилгенине карабай, пайда алып келген жок.
2. "Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында кепилдик фонддорунун резервдерин түзүү тартиби боюнча укуктук негиздер жана талаптар жок, ошол эле убакта кепилдик фонду "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралгандай, чакан жана орто бизнести колдоо максатында жеңилдетилген шартта мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен банктык кызматтарды көрсөтөт.
Кепилдик фонддору өздөрүнүн ички документтерине ылайык резервдерди банктык кызмат көрсөтүүдөн болгон өздөрүнүн чыгымдарын жабууга чегерип жатканын эске алуу зарыл. Мыйзамдын долбооруна ылайык кредиттерди камсыздоого кепилдик берүү бөлүгүндө жылдык жыйынды кирешелерден өзүнүн чыгымдарын жабуу үчүн резервдерге кепилдик фонддору тарабынан жөнөтүлгөн сумманы эсептен чыгаруу сунушталууда. Мында төмөнкүлөрдү белгилөө керек:
1) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 136-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банктардын ишине тышкы көзөмөлдү, ошондой эле текшерүүнү жүргүзөт, бул банктар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин аткарбай калуу тобокелдиктерин азайтат;
2) кепилдик фонддорунун капиталы мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан түзүлгөнүн эске алып, мыйзамдын долбоору сунушталган редакцияда кабыл алынса, уставдык капиталга салым түрүндө каражаттарды ылайыксыз пайдалануудан тышкары, карыз алуучулар кредит боюнча милдеттенмелерин аткарбаган учурда, кепилдик фондунун атынан мамлекет банкка кредиттик келишим боюнча карыздарды төлөшү керек болот. Ушуга байланыштуу, кош салык салууну жок кылуунун ордуна бюджеттин каражаттарын эки жактан максатсыз пайдалануу орун алат.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 21-июнундагы № 16-58 протоколдук тапшырмасына ылайык (2018-жылдын 25-июнундагы № 16-2652) Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен бирге эки жуманын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кепилдик фонддорунун ишин көзөмөлдөө маселелерин караган "Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү тапшырмасы берилди. Жогоруда аталган Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кепилдик фонддорунун ишин жөнгө салуучу катары болот. Жогоруда айтылганды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамдын долбоорун кабыл алууну максатка ылайыктуу деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндөЗакон · 12.04.2019 · № 45
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндөЗакон · 30.07.2013 · № 167 · Күчүн жоготкон