Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
54-статья. Коомдун директорлор кеңешинин компетенциясы
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон КР от 20 июня 2025 года № 122. Берененин тексти бул өзгөртүүлөр менен берилди.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 июня 2025 года № 126
1. Директорлор кеңешинин өзгөчө компетенциясына төмөндөгү маселелер кирет:
- акционердик коомдун стратегиялык максаттарын аныктоо жана анын саясатын калыптандыруу, ошондой эле аткаруу органы тарабынан аларды ишке ашыруу үчүн контроль жүргүзүү;
- (үчүнчү абзац КР 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- (төртүнчү абзац КР 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, коомдун ички документтерин кабыл алуу, аларга киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитүү;
- ушул Мыйзамдын 73-статьясына ылайык ири бүтүм жасоо жөнүндө чечим кабыл алуу;
- аткаруу органын шайлоо жана төлөнүүчү сыйакынын өлчөмүн белгилөө;
- коллегиалдуу аткаруучу органдын жетекчисин шайлоо;
- аткаруу органынын ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралу чечим кабыл алуу;
- акциялар боюнча дивиденддердин өлчөмү жана аны төлөп берүүнүн тартиби боюнча сунуштарды даярдоо;
- коомду кайра уюштуруу жагынан, ошондой эле коомдун филиалдарын түзүү жана өкүлчүлүктөрдү ачуу боюнча акционерлердин жалпы чогулушунда негизделген сунуштарды берүү;
- аудитордук уюмду жана/же коомдун аудиторун тандоо жана аудитордун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөнүүчү акынын өлчөмүн аныктоо;
- жүгүртүлүүчү акциялардын өлчөмүн, алардын санын көбөйтүүнүн же азайтуунун шарттары менен тартибин акционерлердин жалпы чогулушуна сунуш кылуу;
- акционерлердин жалпы чогулушунда карала турган материалдарды даярдоо;
- акционерлердин жалпы чогулушунун чечимдеринин аткарылышына контроль жүргүзүү;
- коомдун катчысын шайлоо;
- коом тарабынан мындай баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган датага карата чыгаруунун номиналдык наркы коомдун активдеринин баланстык наркынын 50 пайызына чейинкисин түзгөн акцияларга конвертацияланбаган облигацияларды, эл аралык облигацияларды жана башка баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу.
2. Директорлор кеңешинин компетенциясына төмөндөгү маселелер кириши мүмкүн:
- ушул Мыйзамдын 45-статьясынын 6-8-пункттарында каралган учурларды кошпогондо. коомдун акционерлеринин жылдык жана кезексиз жалпы чогулуштарын чакыруу;
- ушул Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, акционерлердин жалпы чогулушунун күн тартибин түзүү жана бекитүү, ошондой эле акционерлердин жалпы чогулушун даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан башка маселелер;
- аткаруу органынын, ички аудит кызматынын (ички аудитордун), эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү, коомдун катчысы жана аудитору менен контракттарды түзүү;
- акционерлердин жалпы чогулушунун жана директорлор кеңешинин чечимдерин аткаруу органы аткарбай койгон учурда, сотто коомдун атынан катышуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана коомдун уставында каралган дагы башка маселелер.
Ушул Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, директорлор кеңешинин өзгөчө компетенциясына кирген маселелерди чечүү коомду башкаруунун башка органына берилиши мүмкүн эмес.
3. Эгерде ушул Мыйзамда башкасы каралбаса, директорлор кеңешин түзбөстөн ишин жүзөгө ашырышкан акционердик коомдордо коомдун уставы менен жалаң гана директорлор кеңешинин компетенциясына кирген маселелер акционерлердин жалпы чогулушунун же аткаруучу органдын компетенциясына ыйгарылышы мүмкүн.
(КР 2004-жылдын 13-августундагы № 128, 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 39, 2017-жылдын 28-июлундагы № 154, 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 141, 2025-жылдын 20-июнундагы № 122, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"күчүнө кире элек · Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики принятый Жогорку Кенешем от 29 ноября 2021 года № 141 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных закупках", "Об акционерных обществах")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 28 июля 2017 года № 154 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 апреля 2012 года № 39 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 августа 2004 года №128 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1188/st-54" title="54-статья - Акционердик коомдор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>