Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн («Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун финансы-чарбалык ишин ревизиялоонун жыйынтыгы боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 5-сентябры № 387-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-июнундагы № 203-б буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын отчёту жана корутундусу боюнча, «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун 2008-жылдын 1-январынан 2011-жылдын 1-июнуна чейинки мезгилдеги финансы-чарбалык ишин ревизиялоонун жыйынтыгы боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында:
1. «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун 2008-жылдын 1-январынан 2011-жылдын 1-июнуна чейинки мезгилдеги финансы-чарбалык ишин ревизиялоонун жыйынтыгы боюнча ведомстволор аралык комиссиянын тиркелген отчёту жана корутундусу көңүлгө алынсын.
2. «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун кызмат адамдарынын жоопкерчилик деңгээлдерин аныктоо үчүн ведомстволор аралык комиссиянын ревизия жүргүзүү материалдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун башкаруу органы менен бирдикте белгиленген тартипте ведомстволор аралык комиссиянын ревизия жүргүзүү материалдарында белгиленген «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун ишиндеги финансылык жана башка тартип бузууларды четтетүү жана андан ары болтурбоо боюнча иш-чаралардын комплекстүү планын иштеп чыксын жана ишке ашырсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө жана отун-энергетика комплекси жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (8)
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
- "Соглашение между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Республики Казахстан о строительстве двух школ в Кыргызской Республике" (Утверждено постановлением…Соглашение · 29.05.2013 · № 299
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 10 апреля 2006 года №257 " О совершенствовании системы корпоративного управления и усиления государственного контроля на объектах, имеющих…Постановление · 10.04.2006 · № 257 · Күчүн жоготкон
- Лицензиялоо жөнүндөЗакон · 03.03.1997 · № 12 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-июнундагы № 203-б ("Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун финансылык-чарбалык ишин текшерүү максатында ведомстволор аралык комиссия түзүлүшү…Распоряжение · 03.06.2011 · № 203-р · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон