Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
55-статья. Коомдун директорлор кеңешин шайлоо
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 июня 2025 года № 126
1. Коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрү ушул Мыйзамда жана коомдун уставында каралган тартипте акционерлердин жалпы чогулушунда 3 жылдан ашпаган мөөнөткө шайланышат.
Эгерде директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү өтүп кетсе, ал эми директорлор кеңешинин жаңы курамы шайлана элек болсо, анда директорлор кеңеши өзүнүн милдеттерин директорлор кеңешинин жаңы курамы шайланганга чейин аткара берет. Коомдун директорлор кеңешинин курамынын мүчөлүгүнө шайланган адамдар чектөөсүз бир нече ирет кайра шайланылышы мүмкүн. Акционерлердин жалпы чогулушунун чечими боюнча директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн. Директорлор кеңешинин чакыртып алынган мүчөсүнүн ордуна курамга кирген мүчөсүнүн ыйгарым укуктары директорлор кеңешинин бүткүл курамынын ыйгарым укуктарынын аякташы менен токтотулат. Коомдун директорлор кеңешинин мүчөсү коомдун директорлор кеңешине жана (же) коомго жазуу жүзүндө арыз берүү менен, кандай убакта болбосун өз ыйгарым укуктарын ыктыярдуу түрдө өткөрүп бере алат. Эгерде арыздын өзүндө арыз берилген күндөн эрте болушу мүмкүн эмес болгон башка күн көрсөтүлбөсө, бул учурда коомдун директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары арызды директорлор кеңеши караган күндөн тартып токтотулат. Эгерде директорлор кеңешинин курамынын калган саны анын жарымынан аз болсо, директорлор кеңешинин курамында кандай болбосун өзгөрүүлөр директорлор кеңешинин бүткүл курамын шайлоо менен жүзөгө ашырылат.
2. Директорлор кеңешинин мүчөсү коомдун акционери боло албайт. Коомдун директорлор кеңешинин курамына шайлануучу адамдарга коюлуучу талаптар коомдун уставы же акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан бекитилген ички документ менен белгилениши мүмкүн. Аларга ошондой эле иш тажрыйбасына, ишкердик аброюна, кызыкчылыктардын тикелей же потенциалдуу кагылышуусунун жоктугуна карата талаптар киргизилиши мүмкүн.
3. Коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн сан жагынан курамы так болуп, жана 3төн кем жана 11ден көп болууга тийиш эмес коомдун уставы же акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен төмөндөгүдөй аныкталууга тийиш:
Ачык сунуштардын шарттарын жана баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектин каттаган ачык компанияларда ачык сунуштар аркылуу жүгүртүүгө чыгарылган баалуу кагаздарды жүгүртүүнүн бүткүл мезгилинде директорлор кеңешинин курамынын 30 пайыздан аз эмеси директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү болууга тийиш. Коомдун акционерлеринин - добуш берүүчү акциялардын ээлеринин саны экиден ашпаган акционердик коомдо коомдун уставы менен директорлор кеңешинин курамынын так санын түзүү каралышы мүмкүн.
4. (КР 2004-жылдын 13-августундагы № 128 Мыйзамына ылайык алынып салынган)
5. (КР 2004-жылдын 13-августундагы № 128 Мыйзамына ылайык алынып салынган)
(КР 2004-жылдын 13-августундагы № 128, 2008-жылдын 28-июлундагы № 181, 2016-жылдын 22-марты № 25, 2017-жылдын 28-июлундагы № 154, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 28 июля 2017 года № 154 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 марта 2016 года № 25 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 28 июля 2008 года № 181 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 августа 2004 года №128 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"Редакцияларды салыштыруу
26.06.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жүзөгө ашырылат.
2. Директорлор кеңешинин мүчөсү коомдун акционери алынып салынды: болбошу мүмкүн, коомдун кошулду: боло албайт. Коомдун директорлор кеңешинин курамына шайлануучу адамдарга алынып салынды: карата коюулуучу кошулду: коюлуучу талаптар коомдун уставы же акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан бекитилген ички документ менен белгилениши кошулду: мүмкүн. Аларга ошондой эле иш тажрыйбасына, ишкердик аброюна, кызыкчылыктардын тикелей же потенциалдуу кагылышуусунун жоктугуна карата талаптар киргизилиши мүмкүн.
3. Коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн сан жагынан … № 181, 2016-жылдын 22-марты № 25, 2017-жылдын 28-июлундагы № алынып салынды: 154 кошулду: 154, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-сентябрындагы № 387-б («Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун финансы-чарбалык ишин ревизиялоонун жыйынтыгы боюнча) буйругуРаспоряжение · 05.09.2011 · № 387-р
- Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына мүчөлөрдү тандоо, көрсөтүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-майындагы № 274 токтомуна)Порядок · 27.05.2020 · № 274 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществахЗакон · 13.08.2004 · № 128
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1188/st-55" title="55-статья - Акционердик коомдор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>