37-статья. Акционерлердин жалпы чогулушу
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон КР от 20 июня 2025 года № 122. Берененин тексти бул өзгөртүүлөр менен берилди.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 апреля 2020 года № 33
1. Акционерлердин жалпы чогулушу коомду башкаруунун жогорку органы болуп саналат.
Коом коомдун директорлор кеңеши же аткаруу органы (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо) тарабынан белгилене турган мөөнөттө жыл сайын акционерлердин жалпы чогулушун (акционерлердин жылдык жалпы чогулушун) өткөрүп турууга милдеттүү, бирок отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июнунан кечиктирбестен. Жылдык чогулуштан тышкары өткөрүлгөн акционерлердин жалпы чогулуштары кезексиз болуп саналат. Өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал киргизүү менен жана/же ал жеткис күчтүн жагдайларына байланышкан өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен акционерлердин жылдык жалпы чогулуштарын өткөрүүнүн башка мөөнөтү белгилениши мүмкүн.
2. Акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүчү күн жана тартиби, аны өткөрүү тууралу акционерлерге билдирүү тартиби, акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүгө даярдык көрүү учурунда акционерлерге берилүүчү материалдардын (маалыматтын) тизмеси ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык директорлор кеңеши тарабынан белгиленет.
(КР 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33, 2023-жылдын 16-февралындагы № 33, 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
37-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"күчүнө кире элек · Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2020 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам стабилизации социально-экономической ситуации в связи с обстоятельствами непреодолимой силы"Редакцияларды салыштыруу
20.06.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…өткөрүп турууга милдеттүү, бирок отчеттук жылдан кийинки жылдын алынып салынды: 1-майынан кошулду: 1-июнунан кечиктирбестен. Жылдык чогулуштан тышкары өткөрүлгөн акционерлердин … 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33, 2023-жылдын 16-февралындагы алынып салынды: N 33 кошулду: № 33, 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-сентябрындагы № 387-б («Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун финансы-чарбалык ишин ревизиялоонун жыйынтыгы боюнча) буйругуРаспоряжение · 05.09.2011 · № 387-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-апрелиндеги № 143-б "Акционердик коомдор жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 24.04.2020 · № 2020
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-апрелиндеги № 143-б буйругуРаспоряжение · 24.04.2020 · № 143-б
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1188/st-37" title="37-статья - Акционердик коомдор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>