Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
38-статья. Акционерлердин жалпы чогулушунун компетенциясы
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон КР от 20 июня 2025 года № 122. Берененин тексти бул өзгөртүүлөр менен берилди.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 июня 2025 года № 126
1. Акционерлердин жалпы чогулушунун компетенциясына төмөндөгү маселелер кирет:
1) коомдун уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү же коомдун жаңы редакциядагы уставын бекитүү;
11) эгерде бул кодексти кабыл алуу коомдун уставында каралса, корпоративдик башкаруу кодексин бекитүү, ошондой эле ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
2) коомду өзгөртүп түзүү;
3) коомду жоюу, жоюу комиссиясын түзүү жана жоюу балансын бекитүү;
4) акционердик коомдун жүгүртүүдөгү акцияларынын санын өзгөртүү (көбөйтүү же азайтуу) жөнүндө, ошондой эле акцияларга конвертирленүүчү баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
5) ачык коом кошумча чыгарган акцияларынын же коомдун акцияга конвертирленүүчү баалуу кагаздарын жабык жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
6) ушул Мыйзамдын 29-статьясында каралган коомдун акцияларын же акцияга конвертирленүүчү баалуу кагаздарын сатып алууга акционердин артыкчылыктуу укуктарын колдонбоо жөнүндө чечим кабыл алуу;
7) ушул Мыйзамдын 73-статьясына ылайык ири бүтүм жасоо жөнүндө чечим кабыл алуу;
8) артыкчылыктуу акцияларды жөнөкөйлөрүнө конвертациялоо;
9) коомдун жетекчисин жана коллегиалдуу аткаруу органынын мүчөлөрүн же коомдун жекече аткаруу органынын (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо) иштерин жүзөгө ашыра турган адамды шайлоо;
10) мындай баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим алынган күнгө карата жалпы номиналдык наркы коомдун активдеринин баланстык наркынын 50 же андан жогору пайызын түзгөн акцияларга конвертацияланбоочу облигацияларды, эл аралык облигацияларды жана башка баалуу кагаздарды коом тарабынан чыгарылышы жөнүндө чечим кабыл алуу;
11) коомдун ички аудит кызматынын мүчөлөрүн (ички аудиторун) шайлоо жана алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
111) аудитордук уюмду жана аудитордук уюмдун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөнүүчү акынын өлчөмүн бекитүү;
12) дивиденддерди таза пайданын 25 пайызынан ашык өлчөмүндө төлөө жана дивиденддерди төлөө тартиби жөнүндө чечимди кабыл алуу;
13) директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө төлөнүүчү сыйакылардын жана компенсациялардын өлчөмүн бекитүү;
14) акционерлердин мурдагы жалпы чогулуштары кабыл алган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерди алып салуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
15) коомдун резервдик жана башка фонддорун пайдалануу;
16) коомдун директорлор кеңешинин, аткаруу органынын (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо) ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
17) эгерде директорлор кеңешиндеги орундардын саны уставда аныкталбаса, коомдун директорлор кеңешинин сан жагындагы курамын аныктоо;
18) акционердик коомдун жылдык бюджетин, коомдун жылдык отчетторун, баланстарын, киреше жана чыгаша эсептерин бекитүү, анын киреше менен чыгашаларын бөлүштүрүү;
19) эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү;
20) коомдун ички аудит кызматынын мүчөлөрүнө (ички аудиторго) төлөнүүчү сыйакы менен компенсациянын өлчөмүн бекитүү;
21) директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо;
22) ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана коомдун уставы тарабынан акционерлердин жалпы чогулушунун компетенциясына берилген дагы башка маселелерди чечүү.
Ушул Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, акционерлердин жалпы чогулушу ушул Мыйзам менен коомду башкаруунун башка органдарынын компетенциясына берилген маселелер боюнча чечим кабыл алууга укуксуз.
2. Ушул статьянын 1-пунктундагы 1-22-пунктчаларда көрсөтүлгөн маселелер боюнча чечим акционерлердин жалпы чогулушунун гана компетенциясына кирет. Акционерлердин жалпы чогулушунун гана компетенциясына кирген маселелер, эгерде ушул Мыйзам менен башкасы белгиленбесе, башкаруунун башка органынын чечимине берилбейт.
3. Акционерлердин жылдык чогулушу:
- коомдун аткаруу органдарынын жылдык бюджетин, отчетун, жылдык балансты, чыгашалар менен кирешелеринин эсебин бекитет, анын кирешелери менен чыгашаларын бөлүштүрүү жөнүндө чечим кабыл алат;
- директорлор кеңешинин мүчөлөрүн, ички аудит кызматын (ички аудиторду) шайлайт жана эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган болсо, аткаруу органынын мүчөлөрүн бекитет;
- күн тартибине киргизилген башка маселелерди чечет.
(КР 2004-жылдын 13-августундагы № 128, 2008-жылдын 28-июлундагы № 181, 2017-жылдын 28-июлундагы № 154, 2025-жылдын 20-июнундагы № 122, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"күчүнө кире элек · Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 28 июля 2017 года № 154 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 28 июля 2008 года № 181 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 августа 2004 года №128 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"Редакцияларды салыштыруу
26.06.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…толуктоолор киргизүү же коомдун жаңы редакциядагы уставын бекитүү;
кошулду: 11) эгерде бул кодексти кабыл алуу коомдун уставында каралса, корпоративдик башкаруу кодексин бекитүү, ошондой эле ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
2) коомду өзгөртүп түзүү;
3) коомду жоюу, жоюу комиссиясын түзүү жана … 50 же андан жогору пайызын түзгөн акцияларга конвертацияланбоочу кошулду: облигацияларды, эл аралык облигацияларды жана башка баалуу кагаздарды коом тарабынан чыгарылышы жөнүндө чечим кабыл алуу;
11) коомдун алынып салынды: текшерүү комиссиясынын кошулду: ички аудит кызматынын мүчөлөрүн алынып салынды: (текшерүүчүсүн) кошулду: (ички аудиторун) шайлоо жана алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
111) … уюмдун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөнүүчү акынын өлчөмүн бекитүү;
12) алынып салынды: дивиденддердин өлчөмү кошулду: дивиденддерди таза пайданын 25 пайызынан ашык өлчөмүндө төлөө жана кошулду: дивиденддерди төлөө тартиби жөнүндө алынып салынды: чечим кошулду: чечимди кабыл алуу;
13) директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө төлөнүүчү … бөлүштүрүү;
19) эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү;
20) коомдун алынып салынды: текшерүү комиссиясынын кошулду: ички аудит кызматынын мүчөлөрүнө алынып салынды: (текшерүүчүлөргө) кошулду: (ички аудиторго) төлөнүүчү сыйакы менен компенсациянын өлчөмүн бекитүү;
21) … боюнча чечим кабыл алууга укуксуз.
2. Ушул статьянын 1-пунктундагы алынып салынды: 1-23-пунктчаларда кошулду: 1-22-пунктчаларда көрсөтүлгөн маселелер боюнча чечим акционерлердин жалпы чогулушунун … жөнүндө чечим кабыл алат;
- директорлор кеңешинин мүчөлөрүн, алынып салынды: текшерүү комиссиясын кошулду: ички аудит кызматын (ички аудиторду) шайлайт жана эгерде коом директорлор кеңешин түзбөстөн иштей турган … № 181, 2017-жылдын 28-июлундагы № 154, 2025-жылдын 20-июнундагы № алынып салынды: 122 кошулду: 122, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябры № 632 “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун менчигине жер тилкелерин өткөрүп берүү жөнүндө"…Постановление · 03.10.2025 · № 632
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 5-февралындагы N 59 ("Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым…Распоряжение · 05.02.2024 · № 59
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1188/st-38" title="38-статья - Акционердик коомдор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>