1-статья. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 июля 2024 года № 144
1. Ушул Мыйзам акционердик коомдорду түзүүнүн тартибин жана укуктук абалын, алардын акционерлеринин укуктары менен милдеттерин аныктайт, ошондой эле акционерлердин укуктары менен таламдарын коргоону камсыз кылат.
2. Эгерде ушул Мыйзамда башкасы белгиленбесе, бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн жана түзүлүп жаткан бардык акционердик коомдорго жайылтылат.
Мамлекеттин колунда акциялардын үчтөн эки бөлүгү болгон стратегиялык объектилердин, электроэнергетиканы бөлүштүрүү компанияларынын базасында уюшулган акционердик коомдордун мүлктөрүн концессияга берүү менен байланышкан укук жагындагы мамилелердин өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилүүчү концессиялык келишим менен аныкталат. Кыргыз Республикасын өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомунун укуктук жоболорунун өзгөчөлүктөрү "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомунун укуктук жобосунун өзгөчөлүктөрү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коомунун укуктук жобосунун өзгөчөлүктөрү "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.
3. Ушул Мыйзамдан келип чыгуучу корпоративдик укуктук мамилелерди жөнгө салуучу жана аларга көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат.
4. Мамлекеттик эмес пенсиялык фондду, инвестициялык фондду түзүүнүн, камсыздандыруу иштерин жүзөгө ашыруучу акционердик коомдордун ишинин өзгөчөлүктөрү бул коомдордун иштерин жөнгө салуучу атайын мыйзамдарга карама-каршы келбеген бөлүгүндө ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.
5. Банктык ишти же айрым банктык операцияларды жүзөгө ашыруучу акционердик коомдорду түзүүнүн жана алардын иш-аракетинин өзгөчөлүктөрү "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына каршы келбеген бөлүгүндө ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.
(КР 2004-жылдын 13-августундагы № 128, 2004-жылдын 9-декабрындагы № 189, 2007-жылдын 6-августундагы № 132, 2008-жылдын 23-майындагы № 95, 2016-жылдын 22-мартындагы № 25, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2023-жылдын 5-октябрындагы № 185, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 24-июлундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 24 июля 2024 года № 144 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О приватизации государственной собственности в Кыргызской Республике", "Об акционерных обществах", "О стратегических объектах Кыргызской Республики")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 5 октября 2023 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам деятельности Государственного банка развития Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 марта 2016 года № 25 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 мая 2008 года № 95 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 августа 2007 года №132 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 9 декабря 2004 года № 189 "О внесении дополнения в закон Кыргызской Республики "Об акционерных обществах"Редакцияларды салыштыруу
Дагы 1 өзгөртүү - документтин толук текстиндеги өзгөртүүлөр тарыхында
24.07.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…өзгөчөлүктөрү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы кошулду: жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коомунун укуктук жобосунун өзгөчөлүктөрү "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.
3. Ушул … 207, 2023-жылдын 5-октябрындагы № 185, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № алынып салынды: 78 кошулду: 78, 2024-жылдын 24-июлундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (8)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-сентябрындагы № 667 "Кыргыз Республикасындагы Улуттук холдинг компаниялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана "Акционердик коомдор…Постановление · 29.09.2015 · № 667
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 31-июлундагы №488 ""Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1-бөлүгүнө толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "Чарбалык шериктештиктер жана коомдор…Постановление · 31.07.2009 · № 488 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-октябрындагы № 689 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын…Постановление · 20.10.2017 · № 689 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 610 ""Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 11.11.2013 · № 610 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-мартындагы № 179 ""Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 27.03.2017 · № 179 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 851 "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү…Постановление · 13.12.2006 · № 851 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 16 мая 2008 года № 226 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об акционерных…Постановление · 16.05.2008 · № 226 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы №645 "«Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз…Постановление · 17.10.2011 · № 645 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (5)
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августундагы № 92 "Кыргыз Республикасынын Улуттук бапкы жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 11.08.2022 · № 92
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндөЗакон · 09.08.2012 · № 161
- Банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 11.08.2022 · № 93
- Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндөЗакон · 24.07.2024 · № 143
- Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду жөнүндөЗакон · 06.08.2007 · № 135 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1188/st-1" title="1-статья - Акционердик коомдор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>