Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР « Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жана „Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамын күчүн жоготту деп табуу тууралу» Мыйзамы
Бишкек шаары
2008-жылдын 23-майы № 95
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жана "Кыргыз
Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор
киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамын
күчүн жоготту деп табуу тууралу
2008-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.)
төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
139-статьянын 3-пункту алып салынсын.
2-берене.
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6,
240-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацы алып салынсын.
3-берене.
"Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана улуттук жо-
горку вольттуу электр берүү линияларынын өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Жарчысы, 2002-ж., № 1, 12-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо-
лор киргизилсин:
1. 2-статьяда:
биринчи абзацтагы "акциялардын кеминде 93,72 пайызын милдеттүү
түрдө мамлекеттик менчикте сактоо менен" деген сөздөр "акциялардын
93,72 пайыз өлчөмүн мамлекеттик менчикте кармоо менен" деген сөздөр ме-
нен алмаштырылсын;
экинчи абзацта:
- "ГЭС, жана" деген сөздөр "ГЭС," деген сөзгө алмаштырылсын;
- абзац "Бишкек шаарындагы ЖЭБунун бүтпөгөн курулуштарын кошпогон-
до" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле электр энергиясын иштеп чыгуу-
га жана берүүгө тикелей катышпаган же эскиргендигине же техникалык ава-
риянын жана табигый кырсыктардын натыйжасында жараксыз болуп калган
мүлк" деген сөздөр менен толукталсын;
- төртүнчү абзацтын биринчи сүйлөмү төмөндөгүдөй редакцияда баян-
далсын:
"Бишкек шаарындагы ЖЭБнын ажыратылышы мүмкүн.".
2. 3-статьяда:
биринчи абзацта "акциялардын кеминде 93,72 пайызын милдеттүү түрдө
мамлекеттин менчигинде сактоо менен" деген сөздөр "Кыргызстандын Улут-
тук электр тармагы" акциялардын 93,72 пайыз өлчөмүн мамлекеттин менчи-
гинде кармоо менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
экинчи абзацтын экинчи сүйлөмүндөгү "алганда," деген сөздөн кийин
"электр энергиясын берүү процессине тикелей катышпаган же эскиргендиги-
нин же техникалык авариянын жана табигый кырсыктардын натыйжасында жа-
раксыз болуп калган мүлктү кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.
4-берене.
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор кир-
гизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготту деп табыл-
сын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2002-ж., № 1,
14-ст.).
5-берене.
Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
- Об особом статусе каскада Токтогульскихгидроэлектростанций и национальной высоковольтной линии электропередачЗакон · 21.01.2002 · № 7
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 1335-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 29-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 29.06.2023 · № 1335-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 30-мартындагы № 1443-VI "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына…Постановление · 30.03.2017 · № 1443-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 364-IV ""Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жана "Кыргыз Республикасынын айрым…Постановление · 25.04.2008 · № 364-IV
- О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.01.2002 · № 9 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
- О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.01.2002 · № 9 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.