Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Акционердик коомдор жөнүндө» Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 10 октября 2018 года № 468 "Об отзыве проекта Закона Кыргызской Республики «О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики «Об акционерных обществах»)»» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-10-10.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-октябрындагы № 468 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 20-октябры № 689 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Акционердик коомдор жөнүндө" Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Акционердик коомдор жөнүндө" Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча) аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министри
С. Исаков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Акционердик коомдор жөнүндө" Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 1-берене. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 776-статьясынын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Юридикалык жактардын жана жеке ишкердин ортосундагы эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген босого суммасынан жогору болсо, нак акчасыз гана тартипте жүргүзүлөт.". 2-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 153-беренесинин 49 жана 50-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"49) "Накталай формада төлөө" - салык төлөөчүнүн кассасына накталай акча каражаттарын төлөө, банктын кассасына накталай акча каражатын төлөөнү кошпогондо;
50) "Накталай эмес формада төлөө" - накталай формада төлөөдөн айырмаланган төлөм";
2) 209-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:
"18) Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген босого суммасынан жогору болгон сатылып алынган товарлар жана көрсөтүлгөн жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай формада төлөнгөн чыгымдар.". 3-берене. "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2003-ж., № 6, 240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 31-берененин 2-пунктунун экинчи абзацындагы "Дивиденддерди акчалай төлөгөндө акционердин жазуу жүзүндөгү арызына ылайык, төлөп берүү накталай же накталай эмес формада жүргүзүлөт." деген сөздөр "Дивиденддерди төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген босого суммасынан ашпаган төлөөлөрдү копшогондо, накталай эмес формада жүргүзүлөт" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 4-берене. Ушул Мыйзам 2-берененин 2-бөлүгүнөн башкасы жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. 2-берененин 2-бөлүгү 2019-жылдын 1-январынан тартып кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-октябрындагы № 468 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын…Постановление · 10.10.2018 · № 468 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-октябрындагы № 468 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын…Постановление · 10.10.2018 · № 468 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15