Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын штаттык санын оптималдаштыруу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 15 ноября 2021 года № 264 "О предельной штатной численности государственных органов исполнительной власти Кыргызской Республики и иных государственных органов Кыргызской Республики, в том числе технического и обслуживающего персонала"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-11-15.
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 7-майы № 227 Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын штаттык санын оптималдаштыруу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 651 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секторун кармоого бюджеттик чыгымдарды азайтуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөө каттоо конторасы тиешелүү функцияларын жана 6 штаттык бирдигин финансылык, материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин борбордук аппаратына өткөрүп берип, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте:
- төмөнкүлөрдү жойсун:
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин калкты иш менен камсыз кылуунун көчмө кызматы башкармалыгын Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Бишкек шаардык калкты ишке орноштуруу башкармалыгына тиешелүү функцияларын финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарын өткөрүп берүү менен (штаттык бирдиктерин өткөрүп бербестен); Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Жаштар эмгек биржасын Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Бишкек шаардык калкты ишке орноштуруу башкармалыгына тиешелүү функцияларын жана 6 штаттык бирдигин финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарын кошо өткөрүп берүү менен;
- бириктирүү жолу менен кайра уюштурсун:
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ош шаардык калкты ишке орноштуруу башкармалыгын жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ош шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгын Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ош шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгына тиешелүү функцияларын жана 10 штаттык бирдигин финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарын кошо өткөрүп берүү менен; Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Нарын, Талас, Токмок, Баткен жана Өзгөн шаарларындагы шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыктарын Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Нарын, Талас, Чүй, Баткен жана Өзгөн райондору боюнча тиешелүү райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына 20 штаттык бирдикти кыскартуу менен.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте:
- "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Түштүк региону боюнча региондук борбору" мекемесин жойсун;
- төмөнкүлөрдү кыскартсын:
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борборунун 15 штаттык бирдигин; Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин мамлекеттик кинодирекцияларында 23 штаттык бирдикти;
- облустук мамлекеттик телерадиоберүү компанияларын жана райондук, облустук гезиттердин редакцияларын бириктирүү аркылуу, алардын базасында 7 облустук медиа-борборлорду түзүү менен 64 штаттык бирдикке кыскартып кайра уюштурсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү бириктирүү жолу менен кайра уюштурсун:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаардык бөлүмүн жана Чүй облустук бөлүмүн эки штаттык бирдикке кыскартуу менен;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаардык бөлүмүн жана Ош облустук бөлүмүн эки штаттык бирдикке кыскартуу менен.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаменти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти деп аталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин 42 токой чарбасын жана 8 токойчулугун бириктирип, алардын базасында 39 токой чарбасын түзүү, административдик-башкаруу персоналын 84 штаттык бирдикке жана техникалык жана тейлөөчү персоналын 17 штаттык бирдикке кыскартуу жолу менен кайра уюштурсун.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 651 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте 2018-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө республикалык бюджеттен каржылануучу ведомстволук департаменттерди жалпы штаттык саны мамлекеттик жарандык кызматчылардын 646 штаттык бирдигинен жана тейлөөчү персоналдын 229 штаттык бирдигинен турган өзүн-өзү каржылоого этап менен өткөрүү боюнча чаралардын комплексин ишке ашырсын.
8. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте эки айлык мөөнөттө:
- өздөрүнүн карамагында турган мамлекеттик бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинен каржылануучу мекемелердин түзүмүнө жана штаттык расписаниесине талдоо жүргүзүшсүн;
- жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жогоруда аталган мекемелердин түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизишсин.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык баяндалсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде эскертүүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде башкаруу түзүмдөрүн башкача атоого жол берилет.";
3) жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинде:
- эскертүүнүн 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын облустарынын мамлекеттик администрацияларынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын, Кыргыз Республикасынын шаар мэрияларынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- эскертүүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарында, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда мамлекеттик кызмат орундарынын башкача ченемдик түзүмүнө жол берилет.";
- эскертүүнүн 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, мамлекеттик комитеттеринде, башка мамлекеттик жана борбордук органдарында жетекчинин бир кеңешчисинин жана бир жардамчысынын кызмат орду каралат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик агенттиктерде, мамлекеттик кызматтарда, фонддордо, инспекцияларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагында турган башка уюмдарда жетекчинин бир жардамчысынын кызмат орду каралат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарында жетекчинин бир кеңешчисинин жана бир жардамчысынын кызмат орду каралат.";
4) жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:
- 8-пунктундагы "Облустардын мамлекеттик администрациялары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9-пунктундагы "Райондордун мамлекеттик администрациялары" деген сөздөр "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 3-пунктундагы "222" жана "12" деген цифралар тиешелүү түрдө "218" жана "8" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 11-пунктундагы "461" жана "260" деген цифралар тиешелүү түрдө "455"'жана "254" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 12-пунктундагы "60" жана "26" деген цифралар тиешелүү түрдө "58" жана "24" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 14-пунктундагы "450" жана "408" деген цифралар тиешелүү түрдө "428" жана "386" деген цифралар менен алмаштырылсын.
11. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте:
- бир айлык мөөнөттө өздөрүнүн түзүмдөрүн жана штаттык санын ушул токтомго ылайык келтиришсин;
- ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн кайра уюштурууга жана жоюуга байланышкан иш-чараларды жүргүзүү боюнча комиссияларды түзүшсүн, тиешелүү жол-жоболорду аткарууну уюштурушсун;
- бир айлык мөөнөттө мамлекеттик органдардын борбордук аппараттарынын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн мамлекеттик кызмат орундарынын түзүмдөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтому менен бекитилген ченемдик түзүмгө шайкеш келтиришсин;
- бошоп калган кызматкерлерди ишке орноштуруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтиришсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу чечимдердин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүшсүн.
12. Штаттык санды кыскартуунун натыйжасында үнөмдөөдөн алынган бюджеттик каражаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тиешелүү чечим кабыл алгандан кийин пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органдарынын тескөөсүндө калаары белгиленсин.
13. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине чыгымдардын баардык беренелери боюнча 2018 жана 2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын штаттык санына жүргүзүлгөн оптималдаштыруунун жыйынтыгы боюнча бюджеттик каражаттарды үнөмдөө жөнүндө маалыматтарды жана эсептөөлөрдү беришсин.
14. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын сметалык-штаттык тартипти сактоолорун контролдоону камсыз кылсын;
- эки жумалык мөөнөттө министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден жана административдик ведомстволордон тиешелүү маалыматтарды жана эсептөөлөрдү алгандан кийин:
жалпыласын жана 2018 жана 2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын штаттык санына жүргүзүлгөн оптималдаштыруунун натыйжалары боюнча республикалык бюджеттин каражаттарын үнөмдөө жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин; Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын штаттык санын оптималдаштыруунун натыйжасында республикалык бюджеттин үнөмдөлгөн каражаттарын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиешелүү долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ички аудит кызматтарынын иштерине талдоо жүргүзсүн, жыйынтыгы боюнча ички аудит кызматтарынын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу, аларга жүктөлгөн функцияларды аткаруунун толуктугун камсыз кылуу боюнча сунуштарды киргизсин;
- ар жылдык негизде отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-мартынан кечиктирбестен тиешелүү жыл үчүн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарын ички аудит кызматтарынын ишинин жыйынтыгы боюнча топтомо отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берүүнү камсыз кылсын.
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук бөлүмдөрүнүн иштерине талдоо жүргүзсүн жана аларды түзүүнүн критерийлери боюнча тиешелүү сунуштарды даярдасын.
16. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органдарын тейлөөчү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
17. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
М. Абылгазиев
1-тиркеме
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 токтомуна 1-тиркеме
Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдардын ШТАТТЫК САНЫНЫН ЧЕГИ
№
Мамлекеттик органдын аталышы
Штаттык бирдиктердин саны (техникалык жана тейлөөчү персоналсыз)
1
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
383
анын ичинде:
- борбордук аппараты
170
- аймактык бөлүмдөрү
11
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык мекемелери
202
2
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
975
анын ичинде:
- борбордук аппараты
237
- ведомстволук бөлүмдөрү
183
- аймактык бөлүмдөрү
555
3
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги
222
анын ичинде:
- борбордук аппараты
91
- ведомстволук бөлүмдөрү
18
- аймактык бөлүмдөрү
113
4
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
4797
анын ичинде:
- борбордук аппараты
123
- ведомстволук бөлүмдөрү
785
- аймактык бөлүмдөрү
3889
5
Кыргыз Республикасынын Экономика, министрлиги
320
анын ичинде:
- борбордук аппараты
192
- ведомстволук бөлүмдөрү
81
- аймактык бөлүмдөрү
45
- ДСУнун Женевадагы өкүлчүлүгү
2
6
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги
4880
анын ичинде:
- борбордук аппараты
84
- ведомстволук бөлүмдөрү
4594
- аймактык бөлүмдөрү
202
7
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги
994
анын ичинде:
- борбордук аппараты
61
- ведомстволук бөлүмдөрү
933
8
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
237
анын ичинде:
- борбордук аппараты
75
- ведомстволук бөлүмдөрү
162
9
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
366
анын ичинде:
- борбордук аппараты
86
- ведомстволук бөлүмдөрү
36
- аймактык бөлүмдөрү
244
10
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги
180
анын ичинде:
- борбордук аппараты
46
- ведомстволук бөлүмдөрү
33
- аймактык бөлүмдөрү
101
11
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги
1502
анын ичинде:
- борбордук аппараты
97
- ведомстволук бөлүмдөрү
253
- аймактык бөлүмдөрү
1152
12
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети
377
анын ичинде:
- борбордук аппараты
123
- ведомстволук бөлүмдөрү
254
13
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети
227
анын ичинде:
- борбордук аппараты
61
- ведомстволук бөлүмдөрү
166
14
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги
1925
анын ичинде:
- борбордук аппараты
56
- ведомстволук бөлүмдөрү
1737
- аймактык бөлүмдөрү
132
15
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик
223
анын ичинде:
- борбордук аппараты
55
- аймактык бөлүмдөрү
168
16
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги
1117
анын ичинде:
- борбордук аппараты
40
- ведомстволук бөлүмдөрү
266
- аймактык бөлүмдөрү
811
17
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги
71
анын ичинде:
- борбордук аппараты
42
- аймактык бөлүмдөрү
29
18
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик
49
19
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик
39
20
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы
2229
анын ичинде:
- борбордук аппараты
194
- аймактык бөлүмдөрү
2035
21
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы
1138
анын ичинде:
- борбордук аппараты
180
- аймактык бөлүмдөрү
958
22
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы
57
анын ичинде:
- борбордук аппараты
48
- аймактык бөлүмдөрү
9
23
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы
1230
анын ичинде:
- борбордук аппараты
90
- аймактык бөлүмдөрү
1140
24
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы
28
25
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы
143
анын ичинде:
- борбордук аппараты
95
- аймактык бөлүмдөрү
48
26
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы)
340
27
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы
64
анын ичинде:
- борбордук аппараты
44
- аймактык бөлүмдөрү
11
- чет өлкөдөгү өкүлчүлүк
9
28
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат
107
анын ичинде:
- борбордук аппараты
96
- аймактык бөлүмдөрү
11
29
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду
44
анын ичинде:
- борбордук аппараты
35
- аймактык бөлүмдөрү
9
30
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду
192
анын ичинде:
- борбордук аппараты
68
- аймактык бөлүмдөрү
124
31
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд
84
32
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду
1339
анын ичинде:
- борбордук аппараты
147
- ведомстволук бөлүмдөрү
20
- аймактык бөлүмдөрү
1172
33
Жогорку аттестациялык комиссия
16
34
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция
640
анын ичинде:
- борбордук аппараты
143
- аймактык бөлүмдөрү
497
35
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция
1080
анын ичинде:
- борбордук аппараты
71
- ведомстволук бөлүмдөрү
277
- аймактык бөлүмдөрү
732
36
Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту
24
37
Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги
26
38
"Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси
12
Эскертүү:
- сандык чеги Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик ишканасынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун "Дан" мамлекеттик ишканасынын ведомстволук бөлүмдөрүсүз аныкталды;
- тиркемеде аталган мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин санынын чеги алардын аймактык түзүмдөрүн көңүлгө алуу менен белгиленди.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (9)
- "ОСНОВНЫЕ НАПРАВЛЕНИЯ фискальной политики Кыргызской Республики на 2020-2022 годы" к постановлению Правительства Кыргызской Республики от 12 сентября 2019 года № 469Направления · 12.09.2019 · № 469
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-декабрындагы № 617 "Кыргыз Республикасынын 2019-жылдагы республикалык бюджетин аткаруу аудити жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын…Постановление · 17.12.2020 · № 617
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик…Постановление · 04.05.2017 · № 253 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-январындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик…Постановление · 16.01.2019 · № 11 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-сентябрындагы №494 токтомуПостановление · 18.09.2020 · № 494
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 205 токтомуПостановление · 02.05.2019 · № 205
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 205 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү…Постановление · 02.05.2019 · № 205 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик…Постановление · 04.05.2017 · № 253 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 28.12.2017 · № 218(23)