КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 18 жана 24-беренелерине, “Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 6-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-майындагы № 227 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын штаттык санын оптималдаштыруу жөнүндө” токтомуна, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17- беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө жободо:
- 1-пункту “жаратылышты пайдалануу” деген сөздөрдөн кийин “, ошондой эле аңчылык, мергенчилик чарбасы жана токой чарбасы менен өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын башкаруу” деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-пунктунда:
экинчи абзацы “табигый ресурстарды” деген сөздөрдөн кийин “, токой чарбасын башкаруу жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын” деген сөздөр менен толукталсын;
төртүнчү абзацы “жаратылышты пайдалануу” деген сөздөрдөн кийин “, токой жана мергенчилик чарбаларын, токой чарбасын жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагын башкаруу” деген сөздөр менен толукталсын;
- 6-пунктунда:
1-пунктчанын төртүнчү абзацындагы “жана токой чарба” деген сөздөр “, токой жана мергенчилик чарба, токой чарбаны жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын башкаруу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пунктчанын экинчи абзацы “курчап турган чөйрөнү коргоо” деген сөздөрдөн кийин “, токой жана мергенчилик чарбалары, токой чарбасын жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын башкаруу” деген сөздөр менен толукталсын;
5-пунктчанын жетинчи абзацы “жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу” деген сөздөрдөн кийин “, ошондой эле токой жана мергенчилик чарбалар, токой чарбасын жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын” деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 111-пункт менен толукталсын:
“111 . Агенттиктин чечимдери буйрук жана тескеме түрүндө чыгарылат. Чечимдерге Агенттиктин директору кол коёт, ал жок учурда статс-катчы же директордун милдеттерин аткаруу жүктөлгөн орун басары кол коёт.”;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Токой кодексиКодекс · 08.07.1999 · № 66
- Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндөЗакон · 13.03.2014 · № 41
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 123 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-майындагы № 227 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын штаттык санын оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 07.05.2018 · № 227 · Күчүн жоготкон