КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө
Токой чарбаларынын ишин оптималдаштыруу, Балыкчы жана Кочкор-Ата токой чарбалары мекемелеринин мурдагы статусун калыбына келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр кайра уюштурулсун:
1) “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Балыкчы токой чарбасы” мекемесин бөлүп чыгуу жолу менен “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Тоң токой чарбасы” мекемеси, бекитилген штаттык сандын чегинде;
2) “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Кочкор-Ата токой чарбасы” мекемесин бөлүп чыгуу жолу менен “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Тоскоол-Ата токой чарбасы” мекемеси, бекитилген штаттык сандын чегинде.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Балыкчы токой чарбасы» мекемеси бөлүштүрүлгөн баланска ылайык «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Тоң токой чарбасы» мекемесинин укук улантуучусу болуп эсептеле тургандыгы;
2) «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Кочкор-Ата токой чарбасы» мекемеси бөлүштүрүлгөн баланска ылайык «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Тоскоол-Ата токой чарбасы» мекемесинин укук улантуучусу болуп эсептеле тургандыгы.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-майындагы № 227 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын штаттык санын оптималдаштыруу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 6-пунктундагы “39” деген цифралар “41” деген цифралар менен алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы №651 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктунун 6 жана 7-абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган кайра уюштурулуучу мекемелердин жоболорун жана бөлүштүрүү баланстарын эки айлык мөөнөттө бекитсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр К.А.Боронов
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · ага шилтеме бергендер: 2 · байланышкандар: 0
Документке шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 651 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик…Постановление · 31.12.2018 · № 651
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
Документ шилтеме берген актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 651 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик…Постановление · 31.12.2018 · № 651
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-майындагы № 227 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын штаттык санын оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 07.05.2018 · № 227 · Күчүн жоготкон