Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Аз камсыз үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү пособие чектөө үчүн үй-бүлөнүн муктаждык даражасын аныктоонун кошумча критерийлерине апробация жүргүзүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 30 декабря 2017 года № 847 "Об утверждении Положения о порядке обращения и назначения единовременного пособия при рождении ребенка - "балага суйунчу"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-12-30.
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 847 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 16-январы №19 Аз камсыз үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү пособие чектөө үчүн үй-бүлөнүн муктаждык даражасын аныктоонун кошумча критерийлерине апробация жүргүзүү жөнүндө Социалдык жактан коргоо системасын андан ары өркүндөтүү жана аз камсыз үй-бүлөлөргө жана жарандарга төлөнүүчү бирдиктүү ай сайын берилүүчү пособиелердин даректүүлүгүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 2009-жылдын 1-февралынан тартып 1-ноябрына чейин акчалай төлөөлөрдү жүргүзбөстөн аз камсыз үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү пособие чектөө үчүн үй-бүлөнүн муктаждык даражасын аныктоонун кошумча критерийлерине апробация жүргүзүү жөнүндө сунушуна макулдук берилсин.
2. Кошумча критерийлерге апробация жүргүзүү үчүн Баткен облусунун Лейлек району, Нарын облусунун Нарын району, Жалал-Абад облусунун Сузак району, Ош облусунун Ош шаары жана Чоң-Алай району, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Кемин райондору аныкталсын.
3. Тиркелген: Аз камсыз үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү пособие чектөөдө үй-бүлөнүн муктаждык даражасын аныктоонун кошумча критерийлери бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги:
- аз камсыз үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү пособие чектөө үчүн үй-бүлөнүн муктаждык даражасын аныктоонун кошумча критерийлерине апробация жүргүзүүнүн тартибин иштеп чыксын жана бекитсин;
- 2009-жылдын 20-декабрына чейин кошумча критерийлерге апробация жүргүзүүнүн жыйынтыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берсин.
5. Ош шаарынын мэриясына жана ушул токтомдун 2-пунктунда аталган райондордун айыл өкмөттөрүнө аз камсыз үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү пособиеге үй-бүлөнүн муктаждык даражасын баштапкы аныктоо үчүн комиссияларды түзүү сунушталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен бирдикте кошумча критерийлерге апробация жүргүзүүгө колдоо көрсөтүшсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16 январындагы №19 токтому менен бекитилген
Аз камсыз үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү пособие чектөө үчүн үй-бүлөнүн муктаждык даражасын аныктоонун кошумча критерийлери
Бул кошумча критерийлер бирдиктүү ай сайын берилүүчү пособиелердин даректүүлүгүн күчөтүүгө алардын таасирин аныктоо, мамлекеттик пособиелерди төлөөгө бөлүнүүчү бюджетке болгон таасирин баалоо максатында апробация жүргүзүү үчүн иштелип чыккан. Кошумча критерийлер "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү жөлөкпул дайындоо үчүн жарандардын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 25-июнундагы № 1934-III токтому менен бекитилген Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү жөлөкпул дайындоо үчүн жарандын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө жобо менен катар колдонулат. Аз камсыз үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү пособие чектөө үчүн үй-бүлөнүн муктаждык даражасын аныктоонун кошумча критерийлерине апробация жүргүзүү акчалай төлөөлөрдү жүргүзбөстөн ишке ашырылат.
I. Жарандардын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесин аныктоодо эске алынуучу кирешелердин түрлөрү
1. Мал кармоодон түшкөн кирешелер.
2. Туугандардын материалдык жардамы.
II. Жарандардын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесин аныктоодо эске алынбоочу кирешелердин түрлөрү
3. Курагы боюнча пенсия.
4. Майыптуулук боюнча пенсия.
5. Багуучусунан ажырагандык боюнча пенсия.
III. Жарандардын (үй-бүлөнүн) бир адамга орточо жыйынды кирешесин аныктоо
6. Үй-бүлөлөрдүн бирдиктүү ай сайын берилүүчү пособиеге муктаждык даражасын баштапкы аныктоону аз камсыз үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү пособиеге үй-бүлөнүн муктаждык даражасын баштапкы аныктоо боюнча Ош шаарынын мэриясынын жана айыл өкмөттөрдүн комиссиялары жүргүзөт. Аз камсыз үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү пособиеге үй-бүлөнүн муктаждык даражасын баштапкы аныктоодо комиссиялар төмөнкү факторлорду эске алат:
- үй-бүлөнүн эмгекке жарамдуу жана эмгекке жарамсыз мүчөлөрүнүн бар болуусу;
- үй-бүлөнүн жерди иштетүүгө мүмкүнчүлүгү;
- аз камсыз үй-бүлөлөрдүн жана жарандардын бирдиктүү ай сайын берилүүчү пособиени өз убагында ала алышы (паспортунун, туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүнүн, каттоосунун жана иш жүзүндө жашап жаткан жеринин бар болуусу);
- узакка пайдаланылуучу товарлардын бар болуусу (Узакка пайдаланылуучу товарлардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аныктайт).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 847 "Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку жөлөкпулга кайрылуунун жана чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону…Постановление · 30.12.2017 · № 847
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 847 токтомуПостановление · 30.12.2017 · № 847
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 847 "Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку жөлөкпулга кайрылуунун жана чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону…Постановление · 30.12.2017 · № 847
- КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 25-июндагы № 1934-III "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү жөлөкпул дайындоо үчүн жарандардын (үй-бүлөнүн)…Постановление · 25.06.2007 · № 1934-III