Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен жактырылган Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү жөлөкпулду дайындоо үчүн жарандын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө жобо
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 847 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 2-октябрындагы
№708 токтому менен
жактырылган
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана
жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү
жөлөкпулду дайындоо үчүн жарандын
(үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесин
аныктоонун тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Жарандын негизги иштеген ишинен, кызматынан (аскер
кызматынан), окуусунан алган кирешеси
III. Жарандын негизги иштеген ишинен, кызматынан (аскер
кызматчылары), окуусунан тышкаркы кирешеси
IV. Жарандардын экономикалык (ишкердик) иш жүргүзүүдөн алынган
кирешелери
V. Жарандардын айыл чарба ишмердүүлүгүнөн алган кирешеси
VI. Жарандын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесин аныктоодо эсепке
кирбөөчү кирешелердин түрлөрү
VII. Жарандын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесин аныктоодо эсепке
алынуучу адамдар
VIII. Жарандын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесин
аныктоодо эсепке алынбоочу адамдар
IX. Үй-бүлөнүн (жарандын) орточо жан башына жыйынды кирешесин
аныктоо
X. Жыл ичинде жарандын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесин тактоо
ХI. Жарандардын кирешесин түзгөн булактарды документтик
ырастоонун тартиби
№1 тиркеме
№2 тиркеме
№3 тиркеме
Ушул Жобо аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү
ай сайын берилүүчү жөлөкпулду дайындоо үчүн жарандын (үй-бүлөнүн) жый-
ынды кирешесин аныктоонун тартибин белгилейт.
I. Жалпы жоболор
1. Жыйынды киреше - үй-бүлө мүчөлөрүнөн отчеттук мезгилде алган
алардын экономикалык ишкердигинен түшкөн киреше, менчик жана күнүмдүк
трансферттерден (пенсия, стипендия, жөлөкпул, материалдык жардам жана
башка төлөмдөр) түшкөн киреше түрүндөгү каражаттарынын суммасы.
2. Жан башына орточо жыйынды киреше - айга же жылга чыгарылган
үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө эсептелген жыйынды киреше.
3. Үй-бүлө курамы - үй-бүлө курамына чогуу жашаган, тууганчылык
мамилелери менен байланышкан, чарбачылыкты чогуу жүргүзгөн, бюджети
жалпы болгон адамдар кирет.
4. Жарандын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесинин курамына төмөнкү са-
лык алынуучу жана салык алынбоочу жеке киреше салыгынан алынган киреше-
синин түрлөрү кирет:
1) жарандардын негизги иштеген иши, кызматы (аскер кызматы), окуу-
су ж.б. боюнча эмгек акы, стипендия, ошондой эле пенсия, пособие түрүн-
дөгү кирешеси;
2) жарандын негизги иштеген ишинен, кызматынан (аскер кызматынан),
окуусунан тышкаркы кирешеси;
3) жеке ишкердин мамлекеттик каттоосу жөнүндөгү күбөлүктүн, патен-
ттин жана башка ишкердик иштердин ар кандай түрлөрүнүн негизинде ишке
ашырылуучу, экономикалык (ишмердик) иштерди иш жүзүнө ашыруудагы жаран-
дардын кирешеси;
4) жарандардын айыл-чарба ишмердүүлүгүнөн алган кирешеси (киреше-
нин ченемдери боюнча аныкталат).
II. Жарандын негизги иштеген ишинен, кызматынан (аскер
кызматынан), окуусунан алган кирешеси
5. Жарандардын кирешесинин төмөнкү түрлөрү эсепке алынат:
- кызматкерлердин эмгек акылары, ага кошумча төлөөлөр, сыйлыктар,
кызматтарды айкаштыруудан алынган акылар жана эмгек стажы үчүн, бийик
тоолуу, алыскы райондордо жана климаттык шарты татаал аймактарда иште-
гени үчүн коэффициенттер жана үстөктөр жана башка негизги иштеген жери
боюнча башка төлөөлөр кирет.
- аскердик наамы үчүн жана иштеген жылдары үчүн акчалай үлүш,
ошондой эле аскер кызматкерлерине жана ага тете адамдарга бул үлүштүн
ордуна төлөнүүчү накталай үлүш же сумма;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнүүчү пенсиялар;
- жогорку жана орто, баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайла-
рында окуган студенттердин, аспиранттардын, окуучулардын стипендиялары,
ошондой эле"кайрымдуулук фонддордун каражаттарынан, ишканалардын, коом-
дук уюмдардын каражаттарынан жана башка булактардан дайындалуучу жана
төлөнүлүүчү стипендиялар;
- жумушсуздугу боюнча жөлөкпулдар.
III. Жарандын негизги иштеген ишинен, кызматынан (аскер
кызматчылары), окуусунан тышкаркы кирешеси
6. Жарандардын кирешесинин төмөнкү түрлөрү эсепке алынат:
- ачылыш, ойлоп табуу, өнөр жай үлгүсү жана рационализатордук су-
нуштары, ошондой эле илимдин, адабияттын, искусствонун чыгармаларын
түзгөндүгү, чыгаргандыгы, аткаргандыгы же башкача пайдалангандыгы үчүн
сумманы кошуу менен автордук сыйлыктар;
- банктагы салымы боюнча жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
казыналык миддеттенмелери боюнча пайыздар жана утуштар;
- акчалай же накталай түрдө мурас жана белек катары алынган сумма-
лар;
- өзүнө менчик укугунда таандык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү
сатуудан түшкөн суммалар;
- мамлекеттик, өкмөттүк эмес, диний, коомдук уюмдардан алынган
кайрымдуулук жардамдар;
- юридикалык жактын уставдык (уюштуруучулук) фондундагы үлүшүнө
ылайык, акционердик коомдордун жарандарга таандык акцияларынын киреше-
синен аларга төлөнүүчү дивиденддер;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынуучу алименттер.
IV. Жарандардын экономикалык (ишкердик) иш
жүргүзүүдөн алынган кирешелери
7. Жарандардын төмөнкүлөрдүн негизинде экономикалык (ишкердик) иш
жүргүзүүдөн алган кирешеси:
- ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндөгү күбөлүк;
- салык органдарынан берилүүчү патент.
8. Жарандардын башка экономикалык (ишкердик) ишинин башка
түрлөрүнөн алган кирешеси:
- кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн жалдоого (ижарага, прокатка,
колдонууга) бергенден;
- териси баалуу айбанаттарды багуудан жана сатуудан;
- мал багуу боюнча аткарган иштерден;
- жер үлүшүн ижарага алуудан.
V. Жарандардын айыл чарба ишмердүүлүгүнөн алган кирешеси
9. Жарандын (үй-бүлөнүн) жер үлүшүнөн алган кирешеси (N 1 тиркеме-
ге ылайык аныкталат).
10. Жарандын (үй-бүлөнүн) короо жанындагы жеринен алган кирешеси
(N 2 тиркемеге ылайык аныкталат).
11. Жарандын (үй-бүлөнүн) айыл чарба жаныбарларынан алган кирешеси
(N 3 тиркемеге ылайык аныкталат).
VI. Жарандын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесин аныктоодо
эсепке кирбөөчү кирешелердин түрлөрү
12. Жарандын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесин аныктоодо төмөнкүлөр
эсепке алынбайт:
- мамлекеттик жөлөкпул;
- сөөк коюуга жөлөкпул;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган компенсациялык
төлөмдөр;
- камкорчулардын (көзөмөлчүлөрдүн) кирешелери;
- бир жолу берилүүчү жөлөкпул жана социалдык жактан коргоо орган-
дары тарабынан берилген жењилдиктердин бардык түрлөрү;
- кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул;
- командировкалык жана көтөрмөлүк чыгымдар (Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү белгилеген ченемдин чегинде);
- өндүрүштүк практика, каникул убагында студенттик отряддардын ка-
тарында иштеген же айыл чарба иштерине жиберилген орто атайын жана жо-
горку окуу жайларынын студенттеринин, баштапкы кесиптик билим берүүчү
окуу жайлардын жана жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын эм-
гек акылары;
- жаракат же майыптуулук алган учурда, камсыздандырылган адам каза
болгондо, мүлкүнөн айрылганда камсыздандырылган сумма;
- бөөдө кырсыктардын, оорунун, ошондой эле кызматкердин же анын
жакын туугандарынын каза болгондугунун натыйжасында материалдык зыян
келгендигине байланыштуу кызматкерлерге берилүүчү материалдык жардам-
дардын суммасы.
VII. Жарандын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесин аныктоодо
эсепке алынуучу адамдар
13. Үй-бүлөнүн курамы бирдиктүү ай сайын берилүүчү жөлөкпулду да-
йындоо үчүн кайрылган учурдагы абалы боюнча аныкталат.
14. Үй-бүлөнүн курамына төмөнкүлөр кирет: атасы, апасы, өгөй ата-
сы, өгөй апасы (расмий жана жарандык никеси бар), алардын балдары, чар-
бачылыгы жана бюджети жалпы болгон чогуу жашаган ата-энеси. Өгөй баласы
жана өгөй кызы менен чогуу жашаган учурда алар өз балдарындай эсепте-
лет.
15. Үй-бүлөнүн курамын тастыктоо үчүн тиешелүү туракжай-экспулата-
циялык органдарынын, кварталдык комитеттердин жана айыл өкмөттөрдүн
маалымкатын көрсөтөт.
VIII. Жарандын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесин
аныктоодо эсепке алынбоочу адамдар
16. Жыйынды кирешесин аныктоодо эсепке алынбоочу адамдарга төмөн-
күлөр кирет:
- иштебеген, окубаган жана жумушка орноштуруу органында белгилен-
ген тартипте катталбаган эмгекке жарамдуу мезгилдеги (16 жаштан жогору)
үй-бүлөнүн мүчөсү (ата-энесинен тышкары).
- камкорчулар (көзөмөлчүлөр) жана алардын жубайлары, баланы кам-
кордукка алуу үчүн арыз берген учурда (камкордукка алуучу балдар жана
алардын бир туугандары өзүнчө үй-бүлө болуп эсептелет);
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында чыныгы ас-
кердик кызмат өтөп жаткан үй-бүлө мүчөлөрү;
- камактагы соттолгон үй-бүлө мүчөлөрү;
- балдар үйлөрүндө, үй-интернаттарда, карылар үйлөрүндө толук мам-
лекеттик камкордукта болгон үй-бүлө мүчөлөрү;
- ата-энелик укуктан ажыратылган ата-энелер;
- арыз жазуучу менен чарбачылыгы жана бюджети жалпы болгон дайыма
чогуу жашаган адамдардан тышкары тууганчылык мамилеси жок адамдар;
- социалдык пособие алуучулар.
IX. Үй-бүлөнүн (жарандын) орточо жан башына жыйынды
кирешесин аныктоо
17. Үй-бүлөнүн (жарандын) орточо жан башына жыйынды кирешеси жө-
лөкпул үчүн кайрылган айдан мурунку он эки айдагы жарандын (үй-бүлөнүн)
жыйынды кирешесин он экиге бөлүү, андан кийин үй-бүлөнүн орточо жан ба-
шына жыйынды кирешесин эсептөөдө эсепке алынуучу үй-бүлө мүчөлөрүнүн
санына бөлүү жолу менен эсептелет.
Арыз берүүчү жумушка орношкондугу же жањы киреше алгандыгы сыяктуу
жагдайдын жакын арада өзгөргөндүгү жөнүндө билдирген учурда, көрсөтүл-
гөн кирешеге ылайык кайра эсептөө жүргүзүлөт.
18. Ушул Жобонун 7 жана 8-пункттарында көрсөтүлгөн үй-бүлөнүн (жа-
рандын) жана сезондук жумушчулардын орточо жан башына жыйынды кирешеси
жөлөкпул үчүн кайрылган жылдан мурунку календардык жыл үчүн жарандардын
жыйынды кирешесин он экиге бөлүү, андан кийин үй-бүлөнүн орточо жан ба-
шына жыйынды кирешесин эсептөөдө эсепке алынуучу үй-бүлө мүчөлөрүнүн
санына бөлүү жолу менен эсептелет.
Эгерде арыз берүүчү жөлөкпул дайындоо үчүн учурдагы жылдын сен-
тябрь айына чейин кайрылса, ал эми мурунку жылдын күзүндө же учурдагы
жылдын жазында жер алган учурда, айыл чарба ишкердүүлүгүнөн алынган ки-
реше учурдагы жылдын сентябрь айынан баштап үй-бүлөнүн жыйынды киреше-
синде эсепке алынат.
Коллективдүү жана мамлекеттик чарбаларда иштегендердин кирешесин
эсептөө алардын чарбачылыктан алган эмгек акысынан жүргүзүлөт.
19. Накталай түрдө алынган кирешени киреше алып жаткан учурда ба-
зар баасына которуш керек, ал ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабы-
нан белгиленген тартипте белгиленет.
20. Үй-бүлөнүн орточо жан башына жыйынды кирешесин эсептөөдө кам-
корчулардын (көзөмөлчүлөрдүн) жана алардын камкордугундагы жана
көзөмөлчүлүгүндөгү балдарынын кирешеси өзүнчө аныкталат.
21. Соттун чечими менен аялына (күйөөсүнө) балдары үчүн алименттин
өлчөмү аныкталып, бирок алимент төлөнбөгөн учурда, жөлөкпул сот органы
тарабынан берилген алиментти төлөө боюнча карызы жөнүндөгү маалымкаттын
негизинде дайындалат.
22. Жубайлар ортосундагы нике бузулуп, бирок алимент сот тарабынан
аныкталбаган учурда, баланын кирешесинин өлчөмү текшерүү актысынын жана
арыз берүүчүнүн түшүнүк катынын негизинде аныкталат.
23. Жубайлар ортосундагы нике бузулбай, бирок сот тарабынан атасы-
нан (энесинен) алимент кармоо жөнүндөгү чечим чыгып, ал эми жубайлар
чогуу жашап жана чарбачылыкты чогуу жүргүзгөн учурда үй-бүлөнүн жыйынды
кирешесине атасынын (энесинин) эмгек акысы жана дайындалган алимент
киргизилет.
Эгерде ал бөлөк жашаса, үй-бүлөнүн курамына атасы (энеси) эсептел-
бейт, ал эми үй-бүлөнүн жыйынды кирешесине алынып жаткан алимент гана
эсептелет.
24. Жубайлар ортосундагы нике бузулбай, бирок алар чогуу жашабаган
учурда, үй-бүлөнүн орточо жан башына жыйынды кирешесин аныктоо үчүн
атасынын (энесинин) же алименттин өлчөмү талап кылынат. Атасынын (эне-
синин) кайсыл жерде экени белгисиз болгон учурда, ички иштер органдары
тарабынан издөө жүргүзгөндүгү жөнүндөгү маалымкат талап кылынат жана
үй-бүлөнү текшерүү актысы жүргүзүлөт.
25. Баланын ата-энеси катталган никеде турбай жана чогуу жашабаган
учурда, үй-бүлөнүн курамын жана үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоо
үчүн үй-бүлөгө текшерүү актысы түзүлөт.
26. Алимент сот органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдар-
дын жана чарбалардын маалымкатынын негизинде эсептелет.
27. Эгерде ата-энесинин бирөө республиканын чегинен сырткары иште-
се (КМШ өлкөлөрүндө же алыскы чет өлкөлөрдө), ошондой эле республикада
фактылай жашаган ордунан сырткары жашаган учурда, үй-бүлөнүн жыйынды
кирешеси арыз берүүчүнүн турмуш-тиричилик шартын текшерүү актысы аркы-
луу аныкталат.
28. Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоодо талаш-тартыш маселелер
пайда болгон учурда, ал маселени айыл өкмөтүнүн алдындагы социалдык ма-
селелер боюнча комиссия карайт, ал эми пикир келишпестиктер пайда бол-
гон учурда, райондун мамлекеттик администрациясынын социалдык маселелер
боюнча комиссиясы карайт.
X. Жыл ичинде жарандын (үй-бүлөнүн) жыйынды
кирешесин тактоо
29. Жыл ичинде жарандын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесин тактоо
төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси өзгөргөн учурда;
- үй-бүлөнүн курамы өзгөргөн учурда;
- бала төрөлгөндө;
- арыз берүүчүнүн, үй-бүлө мүчөсүнүн туруктуу жашаган жери өзгөр-
гөн же республикадан сырткары туруктуу жашоо үчүн кеткен учурда;
- үй-бүлө мүчөсүнүн бирөө толук мамлекеттик камсыздоочу мекемеге
жайгаштырылган учурда;
- нике катталган же бузулган учурда;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө анык аскер кызматын
өтөө үчүн (офицердик курамдан тышкары) чакырылган учурда;
- арыз берүүчү же үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда;
- ата-энелик укуктан ажыратылган учурда;
- күйөөсү же аялы эркинен ажыратылган (тергөөдө жүргөн учурду ко-
шуу менен) же мажбурлап дарылоого жөнөтүлгөн учурда;
- бала 16 жашка чыккан учурда;
- окуучу орто мектепти бүткөн же орто мектептен кеткен учурда;
- окуучу же студент 21 жашка чыкканда, 21 жашка чейин баштапкы,
орто жана жогорку окуу жайын бүткөн же чыгарылган учурда;
- окууга же ишке кирген учурда;
- пенсионерлер, жумушсуздар ишке кирген учурда;
- майыптуулугунун мөөнөтү бүткөндө, анын тобу өзгөргөн учурда.
ХI. Жарандардын кирешесин түзгөн булактарды
документтик ырастоонун тартиби
30. Социалдык жактан коргоо органдарына аз камсыз болгондугу боюн-
ча ай сайын берилүүчү бирдиктүү жөлөкпулду алуу үчүн арыз менен кайрыл-
ган жарандар алынган кирешени ырастоочу төмөнкү документтерди беришет:
- негизги иштеген иши, кызматы (аскердик), окуусу боюнча;
- негизги иштеген ишинен, кызматынан (аскердик), окуусунан эмес;
- экономикалык (ишкердик) ишти ишке ашыруудан;
- айыл чарба ишмердүүлүгүнөн.
Ушул Жобонун 5, 6-пункттарында көрсөтүлгөн кирешелер жөнүндөгү
маалымкат, аны берген учурдан бир ай убакыт өтпөгөн учурда кабыл алы-
нат.
31. Жарандардын негизги иштеген иши, кызматы (аскердик), окуусу
ж.б. боюнча алган эмгек акы, стипендия, ошондой эле пенсия, жөлөкпул
түрүндөгү кирешеси жөнүндөгү тастыктоочу документ болуп иштеген жери-
нен, окуусунан, социалдык жактан коргоо, жумуштуулук органдарынан, Кыр-
гыз Республикасынын Социалдык фондунан алынган, жетекчинин, башкы бух-
галтердин колу менен жана гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн маалымкат
эсептелет.
Маалымкаттын формасы Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык
жактан коргоо министрлиги тарабынан бекитилет.
32. Жарандардын негизги иштеген иши, кызматы (аскердик), окуусу
ж.б. боюнча эмес экономикалык (ишкердик) иштен ишкер жана патент катары
мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндөгү маалымкаттын негизинде алган
кирешеси жөнүндөгү документ болуп жарандын жазуу түрүндөгү арызына
ылайык салык органдарынан берилген белгиленген формадагы маалымкат
эсептелет.
33. Алимент жөнүндөгү тастыктоочу документти сот органдары, ишка-
налар , мекемелер, уюмдар жана чарбалар кайрылган учурда аткаруу барак-
часы болгондо гана берет.
34. Жер үлүшүнөн, короо жанындагы жерден жана айыл чарба жаныбар-
ларынан түшкөн кирешени аныктоо үчүн жердин өлчөмүн, категориясын жана
болгон айыл чарба жаныбарларынын санын көрсөтүү менен айыл өкмөтүнүн
маалымкаты талап кылынат.
Коллективдүү, мамлекеттик чарбалардын мүчөлөрү аз камсыз болгонду-
гу боюнча жөлөкпулду алуу үчүн чарбадан алган эмгек акысы жөнүндөгү ма-
алымкатты берүүсү керек.
Чарбанын маалымкаты жок болгон учурда жеринин өлчөмүн жана катего-
риясын көрсөтүү менен айыл өкмөтүнүн маалымкаты талап кылынат.
№1 тиркеме
Бир сотукка эсептегенде жер үлүшүн пайдалануудан
алган кирешелердин ченемдери (сом/бир айда)
| № | Облустардын аталышы | Жер үлүшүнөн кирешелеринин ченемдери | |
| Сугат жер | Кайрак жер | ||
| (сотук/ бир айда) | (сотук/ бир айда) | ||
| 1 | Талас | 5,51 | 1,32 |
| 2 | Чүй | 6,01 | 1,56 |
| 3 | Ысык-Көл | 6,75 | 2,02 |
| 4 | Нарын | 4,73 | 1,23 |
| 5 | Ош | 10,9 | 2,41 |
| 6 | Жалал-Абад | 11,43 | 2,51 |
| 7 | Баткен | 6,26 | 1,37 |
№2 тиркеме
Бир сотукка эсептегенде короо жанындагы жеринен алган
кирешелердин ченемдери (сом/бир айда)
| № | Облустардын аталышы | Жерүлүшүнөн кирешелеринин ченемдери | |
| Сугат жер | Кайрак жер | ||
| (сотук/ бир айда) | (сотук/ бир айда) | ||
| 1 | Талас | 18,1 | 4,3 |
| 2 | Чүй | 10,8 | 2,8 |
| 3 | Ысык-Көл | 12,8 | 3,9 |
| 4 | Нарын | 11,2 | 2,9 |
| 5 | Ош | 24,9 | 4,2 |
| 6 | Жалал-Абад | 22,9 | 3,7 |
| 7 | Баткен | 12,4 | 2,7 |
№3 тиркеме
Мал башына эсептегенде айыл чарба жаныбарларынан
алган кирешелердин ченемдери (сом\ бир айда)
| № | Облустардын аталышы | Уй | кой, эчки | Чочко |
| 1 баштан | 1 баштан | 1 баштан | ||
| (сом\ бир айда) | (сом\бир айда) | (сом\ бир айда) | ||
| 1 | Ош | 219 | 46 | 57 |
| 2 | Жалал-Абад | 240 | 33 | 57 |
| 3 | Баткен | 185 | 36 | 72 |
| 4 | Нарын | 215 | 53 | 0 |
| 5 | Ысык-Көл | 288 | 45 | 63 |
| 6 | Талас | 281 | 50 | 79 |
| 7 | Чүй | 548 | 54 | 93 |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 847 "Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку жөлөкпулга кайрылуунун жана чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону…Постановление · 30.12.2017 · № 847
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-октябры №708 " Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү жөлөкпулду дайындоо үчүн жарандын…Постановление · 02.10.2006 · № 708 · Күчүн жоготкон