Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын аймагында «полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2023-жылдын 9-августу № 177 Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 139 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында полимер материалдарынын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтууга багытталган.
2-берене Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү аныктамалар колдонулат:
1) ташып кирүү - Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймагынын чек арасын кесип өтүү менен байланышкан жана алардын натыйжасында полимер пленкасынан жасалган пакеттер жана пластик буюмдар түпкү керектөөчү үчүн Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймагына келүү аракеттерин ар кандай ыкма менен жасоо;
2) өндүрүү - кийин сатуу жана түпкү керектөө үчүн жарактуу түрдө болгон, ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды өз алдынча же болбосо үчүнчү жактардын кызмат көрсөтүүлөрүн тартуу менен даярдоо;
3) жүгүртүү - ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарына ташып кирүү, өндүрүү, пайдалануу, сатуу жана соодада жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө акысыз берүү;
4) полимер пленкасынан жасалган пакеттер - калыңдыгына жана киргизилген кошулмаларына карабастан полиэтиленден, полипропиленден, поливинилхлоридден, полистиролдон жана башка полимерлерден даярдалган, турмуш-тиричилик максатында колдонулуучу полимер пленкасынан жасалган таңгактоо пакеттери;
5) сатуу - Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарында акчалай каражаттарын алуу менен коштолгон, ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн полимер пленкасынан жасалган өндүрүлгөн же кайра сатылуучу пакеттерди жана пластик буюмдардын түрлөрүнүн бирин сатуу;
6) пластик буюмдар - полимер термопластикалык материалдарды кайра иштетүү процессинде алынган буюмдар.
3-берене.
1. Ушул Мыйзамда жүгүртүүгө тыюу салынган пластик буюмдардын төмөнкүдөй тизмеги аныкталат:
- кайра иштетүүгө тийиш болбогон бир жолу колдонулуучу пластик идиш;
- пластиктен жасалган бир жолу колдонулуучу жумуртка салгыч;
- кофе үчүн пластик капсулалар;
- азык-түлүк үчүн тор баштык-сумка.
2. Жүгүртүлө турган полимер пленкасынан жасалган пакеттердин жана бир жолу колдонулуучу пластик идиштердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 139 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарында төмөнкүлөргө тыюу салуу киргизилет:
- товарларды жана жеке буюмдарды ташууда жана таңгактоодо жеке пайдалануусу үчүн жеке адамдардын алып келе жаткан пакеттерин, ошондой эле пломбаланган жүк отсектеринде товарларын транзиттик алып өтүүнү кошпогондо, полимер пленкасынан жасалган пакеттерди ташып кирүүгө;
- ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн пластик буюмдарды ташып кирүүгө;
- экспорт үчүн өндүрүлүүчү пакеттерди, ошондой эле турмуш-тиричиликте колдонуу үчүн био-чирип кетүүчү полимер материалдардан жасалган, кармагычтары жок жана рулондоп сатылуучу пакеттерди кошпогондо, ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды 2024-жылдын 1-январынан тартып өндүрүүгө;
- ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды пайдаланууга - ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин;
- ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды сатууга - ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин;
- ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдардын түрлөрүнүн бирин соодада жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө акысыз берүүгө - ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин.
5-берене. Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасынын, Ысык-Көлдүн парк-пляж зонасынын жана жээк зонасынын аймагында ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн полимер пленкасынан жасалган пакеттердин жана пластик буюмдардын жүгүртүлүүсүнө тыюу салынат. (КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 139 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. 2027-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- ушул Мыйзамдын 3-беренесине ылайык полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды өндүрүүгө, сатууга;
- соодада жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө полимер пленкасынан жасалган пакеттерди акысыз берүүгө.
(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 139 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене
1. Мыйзамсыз иштен алынган кирешелер алынып коюуга жана республикалык бюджетке киргизилүүгө тийиш.
2. Ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
8-берене Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарында, ал эми 2027-жылдын 1-январынан тартып - Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында мыйзамсыз жүгүртүүгө жол бербөө боюнча контролду жүзөгө ашырат жана чараларды көрөт.
9-берене
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчунө кирет.
Эркин Тоо газетасынын 2023-жылдын 15-августундагы № 65 (3514) саны менен жарыяланды
2. Аймактарга чектөөнү киргизүү тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамдан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н.Жапаров
2023-жылдын 29-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 18 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (18)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4 июнундагы № 302 ""Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 04.06.2020 · № 302
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 11-июнундагы № 3824-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 11-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.06.2020 · № 3824-VI
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 25-февралындагы № 4424-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын мартындагы ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.02.2021 · № 4424-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 15-июнундагы № 1281-VII ""Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды…Постановление · 15.06.2023 · № 1281-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 11-июнундагы № 3843-VI "Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 11.06.2020 · № 3843-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы N 335-VII "Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндө"…Постановление · 16.06.2022 · № 335-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 1342-VII "Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды…Постановление · 29.06.2023 · № 1342-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 1335-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 29-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 29.06.2023 · № 1335-VII
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 107-т (2025-2027-жылдарга экологиялык жактан коопсуз таңгактоочу материалдарды өндүрүүнү өнүктүрүү…Распоряжение · 25.02.2025 · № 107
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 4188-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын декабрындагы ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.11.2020 · № 4188-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 4354-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын февралындагы ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.02.2021 · № 4354-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 31-мартындагы № 4480-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын апрелиндеги ишинин календардык планын бекитүү…Постановление · 31.03.2021 · № 4480-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагу № 299-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдыи 16-июнундагы жыйналышынын кун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.06.2022 · № 299
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 15-июнундагы № 1269-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2023-жылдын 15-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 15.06.2023 · № 1269-VII
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 638 ("Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө…Распоряжение · 27.09.2022 · № 638
- Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Закон · 10.07.2025 · № 139
- Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндөЗакон · 11.07.2025
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-июнундагы № 301 "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз…Постановление · 04.06.2020 · № 301 · Күчүн жоготкон