Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 10-июлу № 139
"Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 15-августу, № 65) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-берене.
1. Ушул Мыйзамда жүгүртүүгө тыюу салынган пластик буюмдардын төмөнкүдөй тизмеги аныкталат:
- кайра иштетүүгө тийиш болбогон бир жолу колдонулуучу пластик идиш;
- пластиктен жасалган бир жолу колдонулуучу жумуртка салгыч;
- кофе үчүн пластик капсулалар;
- азык-түлүк үчүн тор баштык-сумка.
2. Жүгүртүлө турган полимер пленкасынан жасалган пакеттердин жана бир жолу колдонулуучу пластик идиштердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
2) 5 жана 6-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-берене. Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасынын, Ысык-Көлдүн парк-пляж зонасынын жана жээк зонасынын аймагында ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн полимер пленкасынан жасалган пакеттердин жана пластик буюмдардын жүгүртүлүүсүнө тыюу салынат.
6-берене. 2027-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- ушул Мыйзамдын 3-беренесине ылайык полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды өндүрүүгө, сатууга;
- соодада жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө полимер пленкасынан жасалган пакеттерди акысыз берүүгө.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамдан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
2025-жылдын 4-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын аймагында "полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндөЗакон · 09.08.2023 · № 177
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 21-майындагы № 3084-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 21-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 21.05.2025 · № 3084-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 3110-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 4-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 04.06.2025 · № 3110-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 17-апрели № 3020-VII "Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды…Постановление · 17.04.2025 · № 3020-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 21-майындагы № 3100-VII "Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды…Постановление · 21.05.2025 · № 3100-VII
- Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндөЗакон · 11.07.2025