2-берене
Күчүндө · 10.07.2025 редакциясы
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү аныктамалар колдонулат:
1) ташып кирүү - Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймагынын чек арасын кесип өтүү менен байланышкан жана алардын натыйжасында полимер пленкасынан жасалган пакеттер жана пластик буюмдар түпкү керектөөчү үчүн Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймагына келүү аракеттерин ар кандай ыкма менен жасоо;
2) өндүрүү - кийин сатуу жана түпкү керектөө үчүн жарактуу түрдө болгон, ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды өз алдынча же болбосо үчүнчү жактардын кызмат көрсөтүүлөрүн тартуу менен даярдоо;
3) жүгүртүү - ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарына ташып кирүү, өндүрүү, пайдалануу, сатуу жана соодада жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө акысыз берүү;
4) полимер пленкасынан жасалган пакеттер - калыңдыгына жана киргизилген кошулмаларына карабастан полиэтиленден, полипропиленден, поливинилхлоридден, полистиролдон жана башка полимерлерден даярдалган, турмуш-тиричилик максатында колдонулуучу полимер пленкасынан жасалган таңгактоо пакеттери;
5) сатуу - Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарында акчалай каражаттарын алуу менен коштолгон, ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн полимер пленкасынан жасалган өндүрүлгөн же кайра сатылуучу пакеттерди жана пластик буюмдардын түрлөрүнүн бирин сатуу;
6) пластик буюмдар - полимер термопластикалык материалдарды кайра иштетүү процессинде алынган буюмдар.
Берененин тексти 10.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 638 ("Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө…Распоряжение · 27.09.2022 · № 638
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-июнундагы № 301 "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз…Постановление · 04.06.2020 · № 301 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112667/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын аймагында "полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>