4-берене
Күчүндө · 10.07.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарында төмөнкүлөргө тыюу салуу киргизилет:
- товарларды жана жеке буюмдарды ташууда жана таңгактоодо жеке пайдалануусу үчүн жеке адамдардын алып келе жаткан пакеттерин, ошондой эле пломбаланган жүк отсектеринде товарларын транзиттик алып өтүүнү кошпогондо, полимер пленкасынан жасалган пакеттерди ташып кирүүгө;
- ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн пластик буюмдарды ташып кирүүгө;
- экспорт үчүн өндүрүлүүчү пакеттерди, ошондой эле турмуш-тиричиликте колдонуу үчүн био-чирип кетүүчү полимер материалдардан жасалган, кармагычтары жок жана рулондоп сатылуучу пакеттерди кошпогондо, ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды 2024-жылдын 1-январынан тартып өндүрүүгө;
- ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды пайдаланууга - ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин;
- ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды сатууга - ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин;
- ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдардын түрлөрүнүн бирин соодада жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө акысыз берүүгө - ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин.
Берененин тексти 10.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112667/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасынын аймагында "полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>