Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Үй-бүлөлүк билим берүү формасында жалпы билим алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-майы № 297 Үй-бүлөлүк билим берүү формасында жалпы билим алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасында жалпыга жеткиликтүү жана акысыз башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнү камсыз кылуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 62-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Үй-бүлөлүк билим берүү формасында жалпы билим алуу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги бул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине бөлүнгөн каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 03-июнундагы № 40 (3696) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179