28-берене. Билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу тартиби
Күчүндө · 23.06.2026 редакциясы · 8-глава
1. Билим берүү уюмдарында билим алуучулардын тамактануусун уюштуруу ден соолукту сактоо, оорулардын алдын алуу жана социалдык коргоо максатында жүзөгө ашырылат.
2. Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарында, кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында билим алуучулардын тамактануусун уюштуруунун, коопсуздугун жана сапатын камсыз кылуунун тартиби билим берүү уюмдары тарабынан таза тамактануунун принциптерин жана санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылык жаатындагы талаптарды сактоо менен аныкталат.
3. Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарында, кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында билим алуучулардын тамактануусун уюштуруу, каржылоо, коопсуздугун жана сапатын камсыз кылуу, тамактануу үчүн акы төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү тартиби, ошондой эле балдар үчүн тамак-аш азыктарынын накта топтому Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
4. Тамактанууну каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) республикалык бюджеттин каражаттары;
2) жергиликтүү бюджеттин каражаттары;
3) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу салган каражаттары;
4) ата энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттары;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарында билим алуучулардын тамактануусун уюштуруу, ошондой эле тамак-аш рационун кеңейтүү үчүн тиешелүү шарттарды түзүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат.
6. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
7. Жалпы билим берүү уюмдарында башталгыч жалпы билим берүүнүн билим алуучуларынын тамактануусун ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөрү), ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү кеңештердин чечиминин негизинде кошо каржылоону жүзөгө ашырууга укуктуу.
8. Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу жана жоопкерчилик билим берүү уюмунун жетекчисине жүктөлөт.
9. Тамак-аш рационун кеңейтүү жана билим алуучулардын практикалык көндүмдөрдү алуусу үчүн шарттарды түзүү максатында билим берүү уюмдарында окуу чарбалары түзүлүшү мүмкүн.
Окуу чарбаларын уюштуруунун жана ишинин тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 23.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (16)
- Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштуруу тартиби (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы № 257 токтомуна)Порядок · 15.05.2025 · № 257
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.05.2025 · № 257
- Жайылма айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 27/VI "Алтын Балаты бала бакчасында тамактануу үчүн ата-энелердин төлөмүн жогорулатуу жөнүндө" токтомуПостановление · 28.04.2025 · № 27/VI
- Курама айылдык кеңешинин 2026-жылдын 27-январындагы № 4 "Курама айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында ата-энелердин каражаттарынын эсебинен тамактануунун…Постановление · 27.01.2026 · № 4
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Положение · 28.08.2024 · № 532
- Гроздь айылдык кеңешинин 2023-жылдын «1» ноябрындагы № 139 "Чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну токтотуу жөнүндө" токтомуПостановление · 01.11.2023 · № 139
- Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги № 11/II "А.Сакебаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин алдында жайгашкан бала-бакчасында балдардын тамак-ашына…Постановление · 19.04.2024 · № 11/II
- Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2024-жылдын 17-майындагы № XXIX/1-09 "Кызыл-Октябрь айыл аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү…Постановление · 07.05.2024 · № XXIX/1-09
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 532 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын…Постановление · 28.08.2024 · № 532
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы № 693 "Калктын социалдык аялуу катмарындагы, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдөгү, ошондой эле…Постановление · 18.11.2024 · № 693
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 293 "Кыргыз Республикасынын кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдарында билим алуучулардын…Постановление · 30.05.2025 · № 293
- Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2025-жылдын 31-мартындагы № I/6-29 “Кызыл-Октябрь айыл аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемелесиндеги тарбияланып жаткан…Постановление · 31.03.2025 · № I/6-29
- Кеңеш айылдык кеңешинин 2024-жылдын 13-январындагы №24-5 Айыл аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашына акча…Постановление · 13.01.2024 · № 24-5
- Жайыл айыл аймагынын Жайыл айылдык кеңешинин 2025-жылдын 22-январындагы № 11 "Бала бакчаларда ата-энелик төлөмдөрдү төлөө шарттары жөнүндө" токтомуПостановление · 22.01.2025 · № 11
- Жайыл айыл аймагынын Жайыл айылдык кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 3/1 "Бала бакчаларда ата-энелик төлөмдөрдү төлөө шарттары жөнүндө" токтомуПостановление · 29.01.2026 · № 3/1
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 26-декабрындагы № 670 ("Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу"…Распоряжение · 26.12.2023 · № 670
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112665/st-28" title="28-берене - Билим берүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>