29-берене. Кесиптик билим берүү
Күчүндө · 23.06.2026 редакциясы · 9-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики КР от 23 января 2026 года № 6
1. Кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары өз ишин Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жүзөгө ашырышат. Кесиптик даярдоо квалификациялардын улуттук системасына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасында кесиптик билим берүүнүн төмөнкү деңгээлдери белгиленет:
1) кесиптик башталгыч билим берүү;
2) кесиптик орто билим берүү;
3) кесиптик жогорку билим берүү;
4) жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик жогорку билим берүү.
3. Кесиптик башталгыч, орто, жогорку билим берүү уюмдарында үзгүлтүксүз кесиптик даярдыкты, анын ичинде жумуш ордунда окутууну жүзөгө ашыруучу интеграцияланган билим берүү уюмдарын (окуу-өндүрүштүк комплекстерди, бизнес-инкубаторлорду, стартаптарды, технопарктарды, анын ичинде окуу-илимий-өндүрүштүк комплекстерди, окуу-өндүрүштүк комбинаттарды, алдыңкы тажрыйба борборлорун, устаканалардын жана лабораториялардын базасында чакан ишканаларды) түзүүгө жол берилет.
4. Кесиптик билим берүү уюмдарына өзгөчө статус же илимий-изилдөө институтунун (университеттин) статусу ыйгарылышы мүмкүн. Статусту ыйгаруу Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен жүзөгө ашырылат. Статусту ыйгаруунун жана ажыратуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
41. Система түзүүчү мамлекеттик билим берүү уюмунун статусу бар билим берүү уюму төмөнкүдөй өзгөчө укукка ээ:
1) жогорку медициналык жана фармацевттик билими бар адистерди даярдоо, медициналык жана илимий кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
2) медициналык жана фармацевттик адистиктерге окутуу процессин академиялык жана усулдук башкарууну администрациялоо боюнча кызматтарды көрсөтүү.
5. Кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү билим алуучулар үчүн окуу куралдарына жеткиликтүүлүктү электрондук форматта, аудио булактарда же Брайлдын рельефтик-чекиттүү шрифти менен чыгарылган окуу китептеринде акысыз берүүгө милдеттүү.
6. Кесиптик билим берүүнүн сапатын баалоону билим берүү уюмдары ишке орноштурууга, өздөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн кирешелеринин деңгээлине мониторинг жүргүзүү, рейтингдерге катышуу механизмдери жана аккредитациянын жыйынтыктары аркылуу жүзөгө ашырышат.
(КР 2026-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики КР от 23 января 2026 года № 6 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сферах образования, науки и здравоохранения"Редакцияларды салыштыруу
23.01.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет. кошулду: 41. Система түзүүчү мамлекеттик билим берүү уюмунун статусу бар билим берүү уюму төмөнкүдөй өзгөчө укукка ээ: 1) жогорку медициналык жана фармацевттик билими бар адистерди даярдоо, медициналык жана илимий кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу; 2) медициналык жана фармацевттик адистиктерге окутуу процессин академиялык жана усулдук башкарууну администрациялоо боюнча кызматтарды көрсөтүү. 5. Кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү … жана аккредитациянын жыйынтыктары аркылуу жүзөгө ашырышат. кошулду: (КР 2026-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы ПЖ № 327 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы…Указ · 24.11.2025 · № 327
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-августундагы № 586 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын…Постановление · 27.08.2026 · № 586
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кесиптик лицейлерин бюджеттик каржы- лоонун типтүү ченемдерин аныктоонун МЕТОДИКАСЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын…Методика · 22.11.2018 · № 545 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерин аныктоо…Методика · 21.06.2021 · № 39 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112665/st-29" title="29-берене - Билим берүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>