Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин «Кызыл-Октябрь айыл аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемелесиндеги тарбияланып жаткан балдардын бир айлык ата-энелер төлөчү төлөмүн өзгөртүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2024-жылдын 7-майы №XXIX/1-09 Кызыл-Октябрь айыл аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемелесиндеги тарбияланып жаткан балдардын бир айлык ата-энелер төлөчү төлөмүн өзгөртүү жөнүндө Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Жаны-Алыш айылынын К.Бегалиев атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесиндеги тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашын жакшыртуу максатында жана бүгүнкү күндө тамаш-аш продукциясынын кымбатташына байланыштуу Жаны-Алыш бала бакчасынын директору Шакеева А.К. катын окуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123-мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-2-пунктчасына жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндөгү 2023-жылдын 11-августундагы №179-мыйзамынын 28-беренесинин 4-пунктунун 2- пунктуна ылайык, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Жаны-Алыш айылынын мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги тарбияланып жаткан балдардын бир айлык ата-энелер төлөчү төлөмү 1000 сомго бекитилсин.
2. Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Жаны-Алыш айылынын К.Бегалиев атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору Шакеева А.К. бир айлык ата-энелер төлөчү төлөмдүн өзгөрүүшү жөнүндө ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулаймановко тапшырылсын.
Кеңешинин төрагасы
Б.Мырзадаиров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179