Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-майы № 257
Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ишин тартипке келтирүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын балдары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9, 18, 19, 26, 28-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандарты 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдары жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын типтүү уставы 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштуруу тартиби 4-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-ноябрындагы № 765 "Мектепке чейинки билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө" токтому.
3. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги мектепке чейинки билим берүү боюнча программаларды жана окуу-методикалык колдонмолорду иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык келтирсин.
4. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар министрликтердин жана ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) тиешелүү жылдарга каралган каражаттарынын эсебинен, фонддордун чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 13 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (13)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 108 "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 102-2, 102-3, 102-4-беренелерин ишке…Постановление · 17.02.2026 · № 108
- Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандарты (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 363…Стандарт · 29.06.2020 · № 363
- Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштуруу тартиби (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы № 257 токтомуна)Порядок · 15.05.2025 · № 257
- Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандарты (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы № 257 токтомуна)Стандарт · 15.05.2025 · № 257
- Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдары жөнүндө жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы № 257 токтомуна)Положение · 15.05.2025 · № 257
- Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын типтүү уставы (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы № 257 токтомуна)Типовой Устав · 15.05.2025 · № 257
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.06.2020 · № 363
- Мады айылдык кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы №13/4 “Мады айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарга берилүүчү тамак-аштын бир айлык төлөм…Постановление · 29.01.2026 · № 13/4
- Манас шаардык депутаттар кеңешинин 2026-жылдын 16-февралындагы Манас шаарынын аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тарбияланган балдар үчүн ата-энелердин…Постановление · 16.02.2026 · № 8
- Баетов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 1-сентябрындагы № 5/4 "Баетов айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамак-ашы үчүн төлөмдү…Постановление · 01.09.2026 · № 5/4
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-ноябрындагы № 765 "Мектепке чейинки билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 02.11.2012 · № 765 · Күчүн жоготкон
- Мектепке чейинки билим берүү уюму жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО( К Р Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2- ноябрындагы № 765 токтому менен бекитилген)Положение · 02.11.2012 · № 765 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 17.02.2026-ж., № 108 токтомуПостановление · № 108
Шилтеме берет (3)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-ноябрындагы № 765 "Мектепке чейинки билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 02.11.2012 · № 765 · Күчүн жоготкон