Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Медиация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы.
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 14 ноября 2025 года № 256 "О медиации"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-11-14.
КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы N 256 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2023-жылдын 8-августу № 166 "Медиация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Медиация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-жыл, № 7-8, 763-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
а) 5-пункт "тараптардын ортосунда жетишилген" деген сөздөрдөн кийин "сот өндүрүшүнүн бардык баскычтарында (сотко чейинки өндүрүш, соттук териштирүү мезгилинде жана жаза аткаруу мезгилинде)" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 8-пунктта "жорук жөнүндө иштин, жазык ишинин" деген сөздөр алып салынсын;
2) 9-берененин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда ", жоруктар жөнүндө иш" деген сөздөр алып салынсын;
3) 16-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Сот өндүрүшүндө турган талаш-тартыш, кылмыш иши боюнча, ошондой эле жаза өтөө мезгилинде түзүлүүчү медиациялык макулдашуу мамлекеттик же расмий тилде түзүлүүгө тийиш.";
4) 17-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Соттун же бейтарап соттун өндүрүшүндө турган талаш, кылмыш иши боюнча медиация, анын ичинде жаза өтөө мезгилиндеги медиация отуз календардык күнгө чейинки мөөнөттө аякталууга тийиш.";
5) 18-берененин 2-бөлүгү "аткаруу өндүрүшүнүн" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле жазаны өтөө" деген сөздөр менен толукталсын;
6) 20-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Судья, арбитр, тергөөчү өз өндүрүшүндө турган талаштын же кылмыш ишинин тараптарын маалыматтык жолугушууга жиберүүгө укуктуу. Жаза аткаруу тутумунун, пробация органынын кызматкерлери соттолгонду жаза өтөө мезгилинде маалыматтык жолугушууга жөнөтүүгө укуктуу.";
б) 2-бөлүктө "жана алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын" деген сөздөр алып салынсын;
7) 24-берененин биринчи абзацында "жорук жөнүндө иш," деген сөздөр алып салынсын;
8) 26-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кылмыш-жаза-укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү медиация Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодекси, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси жана ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.";
б) 2-бөлүктө "жорукту же кылмышты жасоого шектелген адам" деген сөздөр "кылмышты жасоого шектелген адам же жазасын өтөп жаткан адам" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 5-бөлүктө "алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор, судья," деген сөздөр "тергөөчү, прокурор, судья, жаза аткаруу тутумунун, пробация кызматкери," деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
2023-жылдын 21-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Медиация жөнүндөЗакон · 14.11.2025 · № 256
- Медиация жөнүндөЗакон · 28.07.2017 · № 161 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Медиация жөнүндөЗакон · 14.11.2025 · № 256
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
- Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексиКодекс · 31.01.2017 · № 17