8-берене. Товардык белгини укуктук коргоо. Товардык белгиге өзгөчө укук
Күчүндө · 24.03.2023 редакциясы · 2-глава
1. Кыргыз Республикасында товардык белгини укуктук коргоо аны ушул Мыйзамда белгиленген же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоонун негизинде берилет.
2. Товардык белгинин укук ээси төмөнкүдөй өзгөчө укукка ээ:
1) товардык белгини мыйзамга каршы келбеген кандай болбосун жол менен пайдалануу;
2) башка жактардын аны пайдалануусуна тыюу салуу. Тыюу салуунун жоктугу макулдук/уруксат берүү деп эсептелбейт;
3) товардык белгини ушул Мыйзамга ылайык тескөө (күрөөгө берүү, лицензиялык келишим боюнча ээликтен ажыратуу же пайдаланууга берүү).
Кыргыз Республикасында товардык белгини укук ээсинин уруксатысыз эч ким пайдалана албайт.
3. Товардык белгиге өзгөчө укук товардык белги Кыргыз Республикасынын товардык белгилеринин жана тейлөө белгилеринин мамлекеттик реестринде (мындан ары - Товардык белгилердин реестри) катталган датадан тартып келип чыгат.
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112553/st-8" title="8-берене - Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>