22-берене. Жалпыга белгилүү товардык белги
Күчүндө · 24.03.2023 редакциясы · 3-глава
1. Юридикалык же жеке жактын арызы боюнча товардык белгини мамлекеттик каттоонун же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында корголуучу товардык белги, же болбосо товардык белги катары пайдаланылуучу, бирок Кыргыз Республикасынын аймагында укуктук коргоосу болбогон белги, эгерде мындай товардык белги же бул белги интенсивдүү пайдалануунун натыйжасында арызда көрсөтүлгөн датага карай өтүнмө ээсинин товарларына карата тиешелүү керектөөчүлөрдүн арасында Кыргыз Республикасында кеңири белгилүү болуп калса, Кыргыз Республикасында жалпыга белгилүү товардык белги катары таанылат.
Товардык белгини жалпыга белгилүү товардык белгиге киргизүү критерийлери Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Эгерде товардык белги жана белги башка жактын товардык белгиси менен чаташтыруу деңгээлине чейин бирдей же окшош болгон артыкчылык датасынан кийин кеңири белгилүү болуп калса, алар жалпыга белгилүү товардык белгилер болуп тааныла алышпайт.
3. Жалпыга белгилүү товардык белгиге укуктук коргоо берүү жалпыга белгилүү товардык белгинин укук ээсинин бардык товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата ушул Мыйзамдын 8-беренесинде каралган өзгөчө укугун таанууну билдирет.
Жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук коргоо мөөнөтсүз күчүндө болот.
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112553/st-22" title="22-берене - Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>