7-берене. Товардык белги жана тейлөө белгиси
Күчүндө · 24.03.2023 редакциясы · 2-глава
1. Товардык белги жана тейлөө белгиси (мындан ары - товардык белги) - бул тиешесине жараша бир юридикалык же жеке жактардын товарларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн башка юридикалык же жеке жактардын бир өңчөй товарларынан жана кызмат көрсөтүүлөрүнөн (мындан ары - товарлар) айырмалоочу белги.
Товардык белги юридикалык же жеке жактын атына катталышы мүмкүн.
2. Товардык белгилер катары сөздүк, сүрөттүк, көлөмдүк жана башка белгилер же алардын айкалыштары катталышы мүмкүн.
3. Товардык белги кандай болбосун түстө же түстүк айкалышта катталышы мүмкүн.
4. Катталган товардык белгиге күбөлүк берилет. Күбөлүк товардык белгинин артыкчылыгын, күбөлүктө көрсөтүлгөн товарларга карата укук ээсинин өзгөчө укугун ырастайт.
5. Товардык белги колдонулган товарлардын мүнөзү товардык белгини каттоо үчүн тоскоолдук боло албайт.
6. Ушул Мыйзам визуалдык жактан айырмаланбаган белгилерге, ошондой эле үн жана жыт белгилерине колдонулбайт.
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112553/st-7" title="7-берене - Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>