9-берене. Каттоодон баш тартуу үчүн абсолюттук негиздер
Күчүндө · 24.03.2023 редакциясы · 2-глава
1. Төмөнкү белгилер товардык белги катары катталбайт:
1) айырмалоочу жөндөмгө ээ болбогондор;
2) сыпаттоочу болуп саналгандар, атап айтканда, төмөнкүдөй элементтерден гана тургандар:
а) товарлардын түрүн, сапатын, санын, касиеттерин, курамын, багытын, баалуулугун, ошондой эле чыккан убакытын, жерин, аларды өндүрүүнүн же сатуунун ордун жана ыкмаларын белгилөө үчүн пайдаланылган;
б) белгилүү бир түрдөгү товарларды белгилөө үчүн жалпы пайдаланууга кирген:
- мындай символдорду же терминдерди белги катары пайдалануу үчүн сунушталган товарларга карата жалпы кабыл алынган символдор жана терминдер болуп саналган;
- жалаң гана же негизинен товардын касиети же багыты менен аныкталуучу товардын формасын билдирген;
- дары каражаттарынын эл аралык патенттелбеген аталыштарын билдирген;
3) Кыргыз Республикасынын толук же кыскартылган аталышын жана анын негизинде түзүлгөн сөздөрдү же сөз айкалыштарын камтыган;
4) Кыргыз Республикасынын элинин маданий мурастарынын объекттеринин же болбосо бүткүл дүйнөлүк маданий же жаратылыш мурастарынын объекттеринин расмий аталыштары жана сүрөттөрү менен чаташтырган деңгээлге чейин окшош же бирдей;
5) мамлекеттик гербдерди, желектерди жана башка мамлекеттик эмблемаларды, мамлекеттердин расмий жана кыскартылган аталыштарын, эл аралык уюмдардын кыскартылган же толук аталыштарын, алардын гербдерин, желектерин жана башка эмблемаларын, расмий контролдук, кепилдик жана сынамык энтамгаларды, мөөрлөрдү, сыйлыктарды, акча белгилерин жана башка айырмалоочу белгилерди же чаташтырган деңгээлге чейин аны менен окшош белгилерди билдирген элементтерден гана турган.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-4-пункттарында көрсөтүлгөн элементтер, эгерде алар анда үстөмдүк абалды ээлебесе, товардык белгиге корголбоочу элементтер катары киргизилет.
Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-5-пункттарында көрсөтүлгөн элементтер, эгерде ага тиешелүү компетенттүү органдын же укук ээсинин макулдугу бар болсо, товардык белгиге корголбоочу элементтер катары киргизилет. Кыргыз Республикасынын маданий жана жаратылыш мурастарынын объекттеринин тизмеги, ошондой эле ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн элементтерди товардык белгиге киргизүүгө макулдук берүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарынын жоболору төмөнкү белгилерге карата колдонулбайт:
1) өтүнмө берилген датага карата Кыргыз Республикасынын аймагында аларды пайдалануунун натыйжасында айырмалоочу жөндөмдүүлүккө ээ болгон;
2) ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-2-пункттарында көрсөтүлгөн жана айырмалоочу жөндөмдүүлүккө ээ болгон комбинацияны түзгөн элементтерден гана турган.
4. Төмөнкү белгилерди товардык белгилер же алардын элементтери катары каттоого жол берилбейт:
1) товарга, анын чыгарылган жерине же аны даярдоочуга карата жалган же керектөөчүнү жаңылышууга дуушар кылууга жөндөмдүү болуп саналган;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен корголгон шараптардын же күчтүү спирт ичимдиктеринин чыгарылган жерине көрсөтмөнү камтыган же билдирген, эгерде мындай белгилер көрсөтүлгөн жерлерден чыгарылбаган шараптар же күчтүү спирт ичимдиктери үчүн багытталса, ошондой эле товардын чыгарылган анык жерин формалдуу көрсөтүп, бирок товардын башка аймактан чыгарылгандыгы жөнүндө жаңылыш түшүнүк берген;
3) коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулуктун жана моралдын принциптерине карама-каршы келген.
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябры № 555 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү…Постановление · 19.10.2023 · № 555
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 80 токтомуна "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик…Правила · 20.02.2019 · № 80 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө…Постановление · 24.11.2023 · № 618 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112553/st-9" title="9-берене - Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>